2014-жылдын аягына чейин ТАМЧЫЛАТЫП СУГАРУУГА керектүү жабдуу чыгарган заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу 24-сентябрда биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев орусиялык «Росагромаш» айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башкы директору Евгений Корчевой менен жолугушууда айтты.
Бишкекте МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ үчүн маршруттук таксиде жүрүү кайрадан 5 сом болду. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов билдирди.
САУД АРАБИЯНЫН Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманын айтымында, аталган өлкө кыргызстандык абитуриенттер үчүн жыл сайын 80 орун бөлүп берет.
Өлкөдө КУРУЛУШ тармагынын жылдык жүгүртүү каражаты 500 миллион долларды түзөт. Азыркы тапта 170тей көп кабаттуу турак жайлар курулууда. Бул тууралуу Жаш ишкерлер ассоциациясынын курулуш комитетинин жетекчиси Темирбек Ажыкулов билдирди.
Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, ТИГҮҮ тармагында 160 миңден ашуун адам иштейт. 2009-жылы Кыргызстанда тигүү цехтеринин саны 132 болсо, 2013-жылы бул көрсөткүч 125ти түзгөн.
«ЧЕК АРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН айлыгы жогорулайт, орточо маяна 14-16 миң сомду түзүп калат»,- деди Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев.
«ЭЛЕКТР СТАНЦИЯЛАРЫ» ААКсынын башкы директору Абдылда Исраилов ден соолугуна байланыштуу кызматынан кетти.
«Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын 1 миллион жараны үчүн Орусияга КИРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ»,- деди федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский.
Конституциялык палата «ДЕПУТАТТЫК топтор бир гана фракция ичинде болушу мүмкүн» деген чечим чыгарды.
Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиевдин айтымында, жакынкы 2-3 жылда өлкөдө 2-3 жаңы ЛЫЖА БАЗАЛАРЫ ачылышы ыктымал. Баары биригип Кыргызстанда 23 база каттоодон өткөн, анын ичинен 17си былтыркы жылы иштеген.
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча, ПАХТАНЫН баасы арзандап жатканына байланыштуу жыл сайын анын айдоо аянттары да кыскарууда. Учурда пахтанын 1 килограммы 34-36 сомдон сатылып жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.