МАДАНИЯТ МИНИСТРИ КИМ БОЛОТ? РЕЖИССЁРБУ ЖЕ КИТЕПКАНАЧЫБЫ?

Учурда Маданият, маалымат жана туризм министрлигине көрсөтүлүп жаткан талапкер Алтынбек Максүтов тууралуу түрдүү пикирлер айтылып жатат. «Министрликти алып кете албайт, менеджерлик тажрыйбасы жок» деп сындагандар болсо, аны колдогон маданият ишмерлери акция өткөрүүгө жетишишти. «Ар-намыстын» лидери Феликс Кулов өкмөт башчыга Алтынбек Максүтовдон тышкары запастык вариант катары Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашованы да аталган министрликке талапкер катары көрсөттү.
«Фракциядагы депутаттардын 13 добушун алуу мага күтүүсүз болду. Маданият тармагынын кайсы жери ооруп жатканын жакшы билем. 25 жылдан бери бул чөйрөдө иштеп, эң төмөнкү тепкичтен азыркы тепкичке чейин өз күчүм менен басып өттүм»,- дейт А.Максүтов. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине көрсөтүлүп жаткан талапкердин алгачкы маегин кененирээк төмөнкү видеоматериалда.

Наргиза Бекжанова,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Алтынбек Максүтовдун маеги (Жүктөлгөн: 25.09.2014)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан