Концертке келиңиз
17-ноябрь студенттер күнүнө арнап Сема Спорт Ордосунда концерт коймокчу. Концертте кандай кызыктар болоорун ырчынын өз оозунан угалы.
– Салам, Сема, концерт эмне үчүн бир эле күн?
– Майрам бир эле күн эмеспи. Ошондуктан мен ошол күнгө гана арнап, жаштардын табитине ылайыкталган концерт даярдап жатам.
– Буга чейин көптөгөн концерттер болуп келген. Алардан айырмаланабы?
– Албетте, биринчиден, концерт дискотека стилинде өтөт. Алпаруучу Эрмек Нурбаев жана “Тамашоунун” таланттуу жигиттери жаштарды жүз пайыз күлкү менен камсыз кыларына кепилдик бар. Ыр жагынан жакын сахналаш досторум жардамга келишет. Концерт учурунда кызыктуу оюндар ойнотулуп, жеңүүчү жаштарды ал күнү түнкүсүн ресторандардын биринде боло турган кечеге конокко чакырабыз. Анан да студенттерге арналган үчүн билет баасы 200 сом гана болмокчу. Спорт Ордосунун кассасынан өз баасында алууга болот.
– Студент кезде акча жок деп концерттерге бара албай капага батып көрдүң беле?
– Оо, көп ирет ичим ачышкан күндөр болгон. Ал кезде “Элес” тобунун, Актан Исабаевдин заманы болчу. Анын концерттерине акча жок кире албай, далай капа болгом. Билеттин баасын арзан кылганыбыз да ошондон улам.
– Анда сага ийгилик.