Талас облусунда курултай өткөрүүнү пландап жаткан жаш активист Мавлян Аскарбеков 24-сентябрга караган түнү укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалды. ИИМдин маалыматына ылайык, Чүй облусуна караштуу «Сосновка» өткөрүү бекетинде жүрүп жаткан рейдде укук коргоочулар Инфинити үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүдө «провокациялык мүнөздөгү текст камтылган» деген шек менен 1000ге жакын баракчаны алышкан. «Токтотулган унаадагы жарандар «Эркин эл» саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков жана «Кырк чоро» коомдук бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев ошол жерден эле бошотулган. Алынган баракчалар экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы чыга элек»,- деп билдирди ИИМ.
Бул тууралуу М.Аскарбеков: «Кармагандар түшүндүрмөсүз эле баракчаларыбызды алып коюшту. Алынган баракчалар Талас облусунда өтүүчү курултайда элге таркатуу үчүн басылмадан чыгарылган болчу. Анда аргумент жана фактылар келтирилип жазылган социалдык маселелер камтылган»,- деди. Жарандык активисттер 27-сентябрда Талас облусунда электр энергия, күйүүчү май, коррупция, криминалга байланышкан социалдык-экономикалык маселелерди талкуулоо үчүн курултай өткөрүүнү пландап жатышканы айтылган эле. «Айрым адамдардын кысымдарынан улам курултай өтпөй турган болду»,- деп кошумчалады М.Аскарбеков.
Наргиза Бекжанова,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg