Данияр Тербишалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:
«Партиялык тизменин алдыңкы ондугуна кирүү үчүн талапкерлер 50 миңден 1 миллион долларга чейин төлөшөт».
Мелис Турганбаев, Ички иштер министринин милдетин аткаруучу:
«Милиция кызматкерлеринин жыртык бут кийимдери бүтөлмөйүнчө тиешелүү реформа да болбойт».
Ыргал Кадыралиева, Жогорку Кеңештин депутаты:
«Жогорку Кеңештин 90 пайызы ишкерлер менен соодагерлерден турат, бизнеси жок 3-4 гана депутат бар».
Бактыбек Аманбаев, акыйкатчы:
«Биздин имарат 1972-жылдан бери оңдоодон өтө элек. Расмий делегациялар келгенде мен аларды дааратканага киргизгенден уялам».
Наргиза Бекжанова
Ширин Турдакунова
politika@super.kg