Акыркы учурда Айыма жана Аяна аттуу интернет жылдызына айланган жаш кыздарды көпчүлүк чет элдик сынактардан улам таанып калышты. Аяна Орусиянын «Артист» аттуу телешоусуна катышса, ал эми Айыма Украинанын «Х-Фактор-5» деген сынагынын 1-турунан өтүп, 2-турга жолдомо алды. Жаш ырчы кыздар тууралуу кененирээк маалыматты төмөндөн алыңыздар.
Аяна: «КАЛЫСТАРДАН СҮРДӨП ҮНҮМ БИР АЗ КЫСЫЛЫП КАЛДЫ»
Толук аты-жөнү – Аяна Касымова
Туулган жылы, күнү – 1999-жыл, 30-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Учурда – №29-мектептин 10-классында окуйт
– Аяна, ийгилигиң менен куттуктайбыз! Музыка дүйнөсүнө кандайча аралашып калгансың?
– Кичине кезимден эле ыр-бийге жакын болуп, «Ак шоола» балдар хоруна барчумун. Азыр №6-музыкалык мектепте эстрадалык вокал бөлүмүндө окуп жатам. Ата-энем экөө тең музыканттар.
– Орусиянын «Артист» аттуу телешоусуна катышып, экинчи туруна өтүп келдиң. Ал жакка кандайча барып калдың эле?
– Бул жаңы ачылып жаткан шоу. Ата-энем интернетке менин ырдаган видеолорумду жүктөп коюшкан. Шоунун уюштуруучулары интернеттен менин видеолорумду көрүп, өздөрү бизге кат аркылуу март айында сынакка чакырышты. Сынак тууралуу айта турган болсом, катышуучулар ырдай турган ырларды сынактын уюштуруучулары тандап беришет. Калыстардын бирөөсүнүн добушу 7 пайызга эсептелет экен. Андан сырткары Орусияда жашаган көрөрмандар интернет аркылуу добуш бере алышат.
– Сени сынакка ким даярдады? Продюсериң барбы?
– Менин колдоочуларым да, устаттарым да, сынакка даярдагандар да ата-энем. Бул телешоуго башынан эле ата-энем чуркап, ал жакка барып да колдоп турушту.
– Экинчи турга өтүү дагы оңой эмес. Анан да ырдаганыңда калыстык кылган орус ырчылары Юлия Савичева, Лолита Милявскаялар өз добуштарын берип, аягында тура калып кол чаап, колдоп жатышты. Мындай атактуу инсандардын талантыңды баалап жатканы толкундануу жаратпай койбосо керек?
– Негизи, сахнага чыгарда эле толкунданып баштадым. Калыстар тобундагы атактуу адамдардын алдында ырдаш чоң жоопкерчилик болду. Башында жакшы эле ырдап жаткам. Аяк жагында гана калыстардын мени суктанып карап тургандарын көрүп сүрдөп кеттим окшойт, үнүм бир аз кысылып калды.
– Сынакта канча атаандашың болду? Жеңүүчүгө кандай байге берилет экен?
– Сынактын тандоосуна көптөгөн жаш таланттар катышкан. Бирок 15 катышуучу гана биринчи турдан өттүк. Эми кийинки турунда да калыстардын купулуна толсом, финалга өтөм. Тандоо октябрь айында болот. Бизге кат жиберишмек, ошону күтүп жатабыз. Буюрса, бул жолкусунда да ийгиликке жетем деген ойдомун.
Чынын айтсам байге тууралуу кабарым жок. Мен үчүн сынакка катышып, өнөрүмдү көрсөткөнүм деле чоң ийгилик.
– Жакында болуп өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышында ырдадың. Ушул тууралуу да айта кетсең?
– Көчмөндөр оюнуна режиссёрлук кылган Алтынбек Максүтов мырза мага «Насыйкат» аттуу ырды аткарып бер деп сунуштады. Мындай ири иш-чарада ырдаганыма кубанычтамын.
Айымжан: «КИЙИНКИ ТУРГА ӨТКӨНҮМӨ ИШЕНБЕЙ ЫЙЛАДЫМ»
Толук аты-жөнү – Айымжан Айылчиева
Туулган жылы, күнү – 1998-жыл, 26-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Учурда – №6-гимназиянын 10-классында окуйт
– Салам, Айыма, 2-турга өтүшүң менен куттуктайм. Бул сынакка кантип катышып калдың?
– «Х-Фактор» сынагынын 3-сезонун көрүп отуруп катышууну аябай самаган элем. Апам да «катышканга аракет кылып көрбөйсүңбү» деп калды. Ырдаганымды видеого жаздырып 5-сезондун тандоо туруна жөнөттүм. Чынында мени кабыл алышат деп ойлогон эмесмин. Мага сынактын уюштуруучулары байланышып, тандоодон өткөнүмдү кабарлашты.
– Калыстар сага «өзгөчө кыз экен, таланттуу» деген мактоолорду жаадырышты. Калыстардын баарынын «ооба» деген жообу сендеги өзүңө болгон ишеничти бекемдесе керек?
– Албетте, мурун өзүмдүн талантыма ишенсем деле өтпөй калам деген коркунуч күч эле. Азыр өзүмө болгон ишеним ого бетер күчөдү.
– 2-турга өткөнүңдү укканда ыйлап жибергениңе караганда жеңишке көп деле үмүт кылбаган окшойсуң?
– Менин алдымдан 5-6 адам ырдады. Алардын вокалы, ырдаганы сонун болчу. Бирок кийинки турга өтпөй калышты. Ошого жүрөгүм түшүп, коркуп жатып сахнага чыккам. Анан мени өткөрүшкөндө сүйүнгөнүмдөн көзүмө жаш алдым, ыйлабаска болбойт эле.
– Ырдаганың өзүңө жактыбы?
– Мен өзүмдү катуу сын көз караш менен карайм. Андыктан мага өзүмдүн ырдаганым жага бербеди. Бирок калыстардын мактоолорун угуп жүрөгүм жылып калды.
– Кичинекей кезиңде да чет элдик сынактарга барып жүрчү экенсиң...
– Ооба, 9 жашымда «Славян базары» фестивалына барып «Ой, комузчу» ырын аткаргам. Негизи, бала кезимден ушундай сынактарга катышканды жакшы көрчүмүн.
– Сенин чыгармачыл адам болушуңа ким түрткү болду?
– Мурун үйдө отуруп алып эле ырдап-бийлей берчүмүн. Бирок ата-энем мени эч бир ийримге катыштырчу эмес. Ошондо атамдын досу мени көрүп калып, «Сыйкырдуу
мекен» («Волшебная страна») аттуу сынакка катыштырды. Анда 8 жашта болсом керек эле, мына ошондон баары башталды. Атамдын досуна мага талантымды көрсөткөнгө мүмкүндүк бергени үчүн ыраазычылык айтам.
– Сенден жаңы ырларды, клиптерди күтөлүбү же чыгармачылыгыңда жалаң гана эл аралык сынактарга басым жасайсыңбы?
– Албетте, алгач өзүмдүн мекенимде ырчы катары таанылсам дейм. Анан гана чет элге мамлекетибиздин желегин желбиретип чыксам деген оюм бар. Азыр мага жакшы ыр жазып берчү акын издеп жатабыз.
– Мектепти аяктаган соң жогорку билимди музыка жаатында аласыңбы?
– Апам «музыка хоббиң бойдон калсын, билимди башка жаатта аласың» дейт. Музыка менен өмүр бою алектенүү кыйынга турат эмеспи, ошондуктан башка кесипти да окуп коюу керек.
Султан Төрөбеков,
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg