Ырчы Дилшат Кангелдиева үчүн бул күз берекелүү башталды окшобойбу. Себеби ал жакында эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Италияга бир жумага сапар алып, ал жактагы мекендештерибизге ыр сунуп кайткан. Ага улай 15-cентябрда Бишкектеги кафелердин биринде жалгыз уулу Кубанычбектин үйлөнүү-үлпөт тоюн өткөрдү.
«31-августта Италиянын Сардиния аралындагы Кальяри шаарында, 4-сентябрда Казерта шаарында концерт бердим. Ал жактан келген соң жолдошум экөөбүз кеңешип, жалгыз уулубузду 4 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызына үйлөндүрдүк. Келинибиздин аты Айганыш, казак кызы. Тойго Казакстандан 70ке чукул конок келди. Учурда колум узарып, келинимдин колунан ысык чай ичип жаткан чагым»,- дейт кубанган Дилшат айым.