«Тамашоудогу» «Позитифф» командасынын экс-капитаны Актан Рыскелдиевдин моюнуна каамыт илинди. Бул тууралуу «жаш кожоюн» менен байланышып, кубанычына ортоктош болдук. «1986-жылы 20-сентябрда ата-энем баш кошушкан экен. Мен да ушул күнү үйлөнөйүн деп чечтим. Келинчегим Феруза экөөбүз 2008-жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрчүбүз. 20-сентябрда кыргыздын салты менен сөйкө салып, Чолпон-Ата шаарынан алып келдик. Эртеси күнү кичи мекеним Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Пионер айылында тоюбуз өттү. Буюрса, заманбап тоюбузду кийинки жылы өткөрөбүз»,- дейт «тамашоучу».