Өздөрү айтмакчы, Бишкектин «эң маданияттуу жеринен» келген «Ак-Өргө City» командасы 1-октябрда Спорт Ордосунда жеке концертин берет. Бул тууралуу команданын мүчөсү Самат: «Командабыздын түзүлгөнүнө быйыл 6 жыл болду. Ошонун урматына күйөрмандарыбызга 2-жолу отчёттук концертибизди берели деп жатабыз. Концертте күйөрмандарыбызга жаңы программадагы тамашаларыбызды тартуулайбыз. Мындан тышкары кыргыз эстрада жылдыздары жана күйөрмандарыбыз менен да сахнада тамашаларды аткарабыз»,- дейт.