Биздин редакцияга окурмандар көп чалышат. Бул ирет өзүн Бишкек шаарындагы «Жибек Жолу» кафесинин официантымын деп тааныштырган кыз байланышты. Ал эс алганы келген кардарлар менен түшүнбөстүктөр жаралып, эки кардар айым аны менен чачташып урушуп кеткенин айтат. Маалыматтын чын-төгүнүн билүү максатында биз аталган жайга барып, кардарлар менен уруша кеткен Эля аттуу кызга жолугуп, окуянын чоо-жайын өз оозунан уктук: «19-сентябрь күнү түнкү саат 12ден өткөндө эки аял жана 3 эркек биздин кафеге келип тамактанышкан. Кетерде 1087 сомдук төлөм кагазды алып келсем аялдардын бири «Биз музыкага төлөбөйбүз, менин ким экенимди билбейсиңби? Администраторду чакыр!» деп чыкты. Жанымдагылар бул аялдын Лира Раимбекова экенин айтышты. Негизи, музыкага киши башына 100 сомдон аларыбызды алар менюдан окушкан болчу. Жыйынтыгында ортобузда чыр чыгып, ырчы айым курбусу экөөлөп мага кол көтөрүштү. Ырчы колумду тиштеп, курбусу табарсыгыма бир тепти. Муну ошол күнү чыккан соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары тастыктайт. Алар менен жулмалашып жатып ырчы айымдын курбусунун бетин тырмагым чийип кетиптир. Аягында алар тааныш милиция кызматкерлерине телефон чалып, жеген-ичкендерине да төлөбөстөн кетип калышты.
Бул окуя тууралуу Свердлов РИИБине арыз жазгам, алар «3 күндөн кийин сиздерге өзүбүз байланышабыз» деген. Мына, 6 күн болду, дайындары жок. Чалсак ар кайсы шылтоону айтып кутулушат. Менин талабым, ырчылар жеген-ичкенин жана моралдык чыгым төлөсүн» деген официант кол телефонуна тартып алган видеону көрсөттү. Видеодо ырчыга түспөлдөш айымдын кыйкырып, ар ким менен урушуп, «Менин атымды, фамилиямды айтууга кандай акың бар?!» деп жинденип жатканы көрүнөт. Ошондой эле айланадагылардын «бул ырчы, ырчы» деп өз ара сүйлөшкөнү угулат. Бирок ал айымдын чын эле Лира Раимбекова экендиги расмий түрдө тактала элек.
Окуя тууралуу Лира Раимбековага кайрылып, андан «мен ал кафеге барып көргөн эмесмин, алар мени адаштырып жатышса керек» деген жоопту уктук. Ал эми Бишкек
ШИИББинин басма сөз кызматкери Олжобай Казабаев «Свердлов РИИБине бул окуяга байланыштуу арыз келип түшкөн эмес экен» деген маалымат берди.