«Күздүн бир күнү кышты багат» дегендей, сиздин бир жасаган салаттарыңыз кышка толук жетпесе да, канча бир убакыт багары шексиз. Андыктан төмөнкүлөрдү кожойкелик коллекцияңызга кошуп алыңыз.
(май менен)
Керектелүүчү азыктар:
Помидор – 5 килограмм
Пияз – 500 грамм
Сабиз – 1 килограмм
Болгар калемпири – 1 килограмм
Жандоо – 2 боо
Кинза – 1 боо
Укроп – 1 боо
Сарымсак – 3 баш
Өсүмдүк майы – 150 грамм
Туз татымына жараша
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Сабиз менен болгар калемпирлерин төрт чарчы, жандоонун узундугун 1,5-2 сантиметрден, пиязды жарым шакекче кылып туурайбыз.
2. Помидорлордун үстүнө кайнак суу куюп, кабыгын сыйрып, эт туурагычтан өткөрүп, ширесин алабыз. Сарымсакты да өзүнчө эт туурагычтан өткөрүп алуу кажет.
3. Кинза, укроп майда тууралат.
4. Помидор ширесин отко коюп, 15 мүнөт кайнатабыз.
5. Шире кайнагыча көмөч казанга майды куюп, ага алгач пиязды, сарымсакты, сабизди, артынан болгар калемпирин, анан жандоону салып кууруп алабыз.
6. Помидор ширесинин үстүнө куурулган жашылчаларды жана туз, кинза, укропту кошуп, 10 мүнөт кайнатабыз.
7. Банкаларга бөлүштүрүп салып, ооздорун бекитебиз.
ЛАГМАН ҮЧҮН КОШУЛМА
(майсыз даярдала турган түрү)
Керектелүүчү азыктар:
Помидор – 5 килограмм
Болгар калемпири – 2 килограмм
Жандоо – 2 боо
Сельдерей – 1 боо
Туз татымына жараша
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Болгар калемпирлери төрт чарчы, сельдерей майда, ал эми жандоо узундугу 1,5-2 сантиметрден тууралат.
2. Кабыгы сыйрылып, эт туурагычтан өткөзүлгөн помидор ширеси отко коюлуп, 15 мүнөт кайнатылат.
3. Аталган убакыт өткөндө үстүнө болгар калемпирлерин салып, 10 мүнөт отко кармайбыз.
4. Акырында туз, жандоо жана сельдерейди кошуп 5-7 мүнөт кайнатабыз да, банкаларга бөлүп куюп, капкактарын бекитебиз.
БАКЛАЖАН ИКРАСЫ
Керектелүүчү азыктар:
Баклажан – 1,5 килограмм
Помидор – 1 килограмм
Сабиз – 5 даана
Болгар калемпири – 5 даана
Пияз – 5 даана
Өсүмдүк майы – 150 грамм
Тоголок кара мурч – 1 чай кашык
Туз татымына жараша
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Баклажандардын ачуусу чыксын үчүн туздуу сууга чылап, 15-20 мүнөт кармайбыз. Анан суусун сыгып, башка идишке салабыз.
2. Помидор, баклажан, болгар калемпирин, пиязды майда чарчы туурап, сабизди сүргүчтөн өткөрүп алабыз.
3. Казанга майды куюп, алгач пиязды, анан сабиз, калемпир, баклажанды кууруп алабыз.
4. Эми үстүнө помидор, мурч, тузду кошуп 30 мүнөт кайнатабыз.
5. Даяр икраны банкаларга куюп, ооздорун бекем бекитебиз.
КАПУСТА САЛАТ
Керектелүүчү азыктар:
Капуста – 2,5 килограмм
Болгар калемпири – 500 грамм
Сабиз – 500 грамм
Пияз – 500 грамм
Кумшекер – 50 грамм
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Уксус (9%) – 200 грамм
Туз – 2 аш кашык
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Капуста узунунан майда, болгар калемпирлери узунунан ичке тууралат. Сабизди сүргүчтөн өткөрүп, ал эми пиязды жарым шакекче кылып тууроо зарыл. Анан баарын чоң
идишке салабыз.
2. Тууралган жашылчалардын үстүнө кумшекер, май, туз кошуп аралаштырып, 1 саат тыныктырабыз.
3. Салат салынган идишти отко коюп, толук кайнап чыккандан кийин уксусту кошобуз да, дагы 15 мүнөттөй кайнатабыз.
4. Бышкан салатты банкаларга салып, ооздорун бекитебиз.
Айымдар, тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу сиздин баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында «Кожойкенин бурчу» рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо (0312) 32-33-26
номерине чалып же kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg