Жакында Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына жакын жайгашкан «Фонта» алтын казуучу ишканасынан белгисиз кылмышкерлер 5 килограмм алтын кумун уурдап кетишкен. Анысы аз келгенсип, бет капчан эки кылмышкердин бири күзөтчүнү мылтык менен атып жарадар да кылган.
«КЫЛМЫШТЫН УЮШТУРУУЧУСУ ОШОЛ ИШКАНАНЫН КЫЗМАТКЕРИ»
«Кылмышкерлерди аныктоо кыйынга турган жок, себеби ага ошол ишкананын кызматкери өзү да аралашкан» дейт Жалал-Абад облустук ИИББинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары КУБАНЫЧБЕК АКМАТОВ:
-6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү саат 3-4төр чамасында Чаткал районундагы «Фонта» алтын комбинаты белгисиз жарандар тарабынан тонолгондугу туурасында билдирүү түштү. Окуя болгон жерге Чаткал РИИБинин, ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте бардык. Ал жердеги кызматкерлерди суракка алып жатканда компаниянын айдоочусу Советбек Абдырахмановго шек жаралды. Себеби ал мурун соттолгон экен.
Суракка алганыбызда, ал кылмышка тийиштиги бар экенин моюнуна алып, көрсөтмө берди. Комбинатты тоноого катышкандардын бири Ноокен районунун тургуну, 1981-жылы туулган Идирис экөө классташ болушкан. Кылмышты уюштуруп, иштин жеңил бүтүшү үчүн Советбек аларга план түзүп берген. Идирис өзүнүн Орусиядан келгенине эки ай болуп, акчадан кыйналып жүргөн бир тууган бөлөсү Бунияд Закировду ээрчитип, 16 жана 32 калибрлүү аңчылык мылтыктарын алып, мотоцикл менен Чаткалга барышкан. Үчөө түн киргенче комбинатта болуп жаткан кыймылдардын баарын байкап турушкан.
«3 КҮН ТОО АРАЛАП ЖҮРҮШКӨН»
-Түн ортолоп, саат 01:30дар чамасында ошол жердеги шлагбаумдун артынан киришет. Алтын комбинатынын кызматкери болгон Советбек телефон станциясын үзгөнгө аракет кылат. Бирок ал ишке ашкан эмес.
Эки бөлө биринчи эле күзөтчүлөр жаткан вагонду колго алышат. Андан кийин фирманын директорун сабап, сейфтен 5 килограмм алтын куму менен 300 миң сомго жакын акчаны алышкан. Кытайлык кызматкерди барымтага алып, ошол ишканага тийиштүү Тойота Прадо үлгүсүндөгү автоунаасын айдап кетишкен. Беш жүз метрдей жүргөндөн кийин кытайлык жаранды түшүрүп, тоо тарапка 5-6 чакырымдай айдап барып, андан ары жол жок болгондуктан унааны таштап коюп, тоо-таш аралап жөө из жашырып кетишкен. 3 күн жол жүрүп, Сары-Челектеги бир койчунукуна токтошот. Койчу аларды эчки союп коноктойт. Акча, алтындарды бөлүп алып, Ноокенге келип, экөө эки жакка кетишкен.
«ҮЧҮНЧҮ ШЕКТҮҮ ТАБЫЛА ЭЛЕК»
-Советбек Абдырахмановдун айтуусу менен, 13-сентябрда Ноокенге барып кылмышка шектүүлөрдүн бирөөсү Бунияд Закировду кармадык. Ал кылмышын моюнуна алып, короосундагы сарайына жашырган 2 килограмм алтын куму менен 50 миң сом кайтарылып алынды. Закиров «5 килограмм алтын куму менен 200 миң сомго жакын акча алганбыз. Анын 2 килограммын жана 53 миң сомун мага бөлүп берген. 3 миң сомду короттум. Идиристи Ноокенге келип коштошкондон бери көрө элекмин» деп жооп берди.
Ишкананын иш тартибин жакшы билген Советбектин көрсөткөн багыты менен иш алып барышкандыктан, ал жерди 15 мүнөттүн ичинде тоноп чыгып кетишкен. Кармалгандар Чаткал РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта. Окуя боюнча тергөө иштери жүрүп, үчүнчү шектүү Идирис изделүүдө.
«БИЗДИН КҮЗӨТЧҮЛӨР ШАЛААКЫЛЫГЫН КӨРСӨТҮШТҮ»
Ошол убакта кароолдогу 7 күзөтчү 2 кылмышкерге тонотуп жибергени таң калтырбай койбойт. Окуя кандайча ишке ашканы туурасында «Фонта» алтын өндүрүүчү фирмасынын директору ШАЙЛООБЕК ЖУМАТАЕВ буларга токтолду:
-Биздин фирманы «Жанчар» деген күзөт фирмасынын 24 кызматкери карайт. Аларга 4 маал тамак, кийим, айлык берилет. Алардын шалаакылыгынан ушул иштер болуп жатат. 7 күзөтчү 2 ууруга моюн бербеши керек эле. Мен уктап калгам, түн ортосунда уурулар күзөтчүлөр жаткан вагонго кирип, «тургула!» деп буйрук бериптир. Баары туруп, Курманбек Суранчиев аттуу кызматкер турбай жатканда бирөөсү аны курал алып жатат окшойт деп атып жибериптир. Ок карчыгасын жиреп өтүп, омурткасын сындырып, оор жаракат алды.
Күзөтчүлөрдүн жетекчисин алып, калганын «сыртка чыксаңар снайперге терилесиңер» деп коркутуп, мен жаткан жерге кирип барышыптыр. Бет капчан, куралданган эки бала экен. Мен жаткан жердин бир бөлмөсүндө алтын сакталчу. Орус тилинде сүйлөп жатышты. «Ачкычты бер» дейт. Мен унаамдын ачкычын бердим, сейфтин ачкычы кытайлык жетекчиде болчу. Ошол учурда бирөөсүнүн колундагы мылтыгын жулуп алдым. Атсам атылбайт, огу жок экен. Кармаша кеттик, мен 60 жаштагы кишимин, бирөөсү мылтык менен башыма чапты. Эс-учумду жоготуп коюптурмун. Колумду байлап, сейфтин ачкычын алуу үчүн кытайды ойготушуптур. Ал бизге окшоп каршылык көрсөтпөй эле колун көтөрүп отуруп бериптир. Кылмышкерлер сейфтеги 5 килограмм алтын менен тамак-ашка деген 300 миң сомго жакын акчаны алып, кызматтык унаабызды айдап, кытайды кошо салып кетишти.
Кылмышты уюштурган деп шектелген Советбек Абдырахмановдун биздин фирмада иштеп жатканына 1 жылдан ашып калган. Анын мурда соттолгонун билип, ага бир канча жолу түшүндүрүп айтып, дагы кылмыш кылбашы үчүн келишим кагаздарды түзгөнбүз. Ошого карабай мындай кадамдарга барып жатат.
Аксакалдардын, жергиликтүү элдин, айылдык депутаттардын сунушу менен фирмада 50 пайыз эмес, 80 пайыз жергиликтүү тургундар иштесин деп күзөт бөлүмүнө айылдын тургундарын алганбыз. Мурда тажрыйбалуу күзөтчүлөрдү алгандыктан бир да жолу мындай окуя болгон эмес. Кылмыштын болушуна күзөт кызматчыларыбыздын шалаакылыгы себеп болуп калды. Тонолгон алтындар биздин бир айга жакын убакытта топтогон эмгегибиз эле.
Из жашырып жүргөн Идирис аттуу жаран Бишкек шаарынын айланасында болсо керек деген божомолдор бар. 3 килограмм алтын менен 200 миң сомдон ашуун акча анын колунда. «Ал кармалса эмгегибиз кемтиксиз кайтарылат беле» дешет фирманын кызматкерлери.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg