Ырыс Жоомартова, режиссёр: «БАЙЛАР ДА ЫЙЛАШАТ» ТАСМАСЫНДА КУРБУЛАРЫМДЫН ТАГДЫРЫН ЧАГЫЛДЫРДЫМ»

(Болгон окуя)

Жакында «Байлар да ыйлашат» деген кызыктуу аталыштагы фильмдин жарык көрөрүн эшиттим. Тасманын артында кандай сюжет, максат бар экенин билгим келип, аталган тасманын режиссёру Ырыс Жоомартова менен маектештим.

Аталышы – «Байлар да ыйлашат»
Убактысы – 1 саат 30 мүнөт
Режиссёру – Ырыс Жоомартова
Оператору – Жоомарт Ташиев
Монтаждаган – Мурат Мамбетов
Жанры – драма, комедия
Тартылган жерлери – Бишкек шаарынын тегереги

– Былтыр жарык көргөн «Ош-Бишкек жолунда» аттуу тамашалуу тасмаңыз тууралуу көп мактоолорду уктум эле. Минтип быйыл дагы бир тасма тартып отурасыз. Жаңы эмгегиңиз тууралуу сүйлөшпөйлүбү...
– Ооба, «Ош-Бишкек жолунда» аттуу тасманы көргөн көрөрмандар аябай алкыш айтышкан эле. Минтип жыл айланып дагы бир жаңы эмгегимди, «Байлар да ыйлашат» тасмасын мекендештериме тартуулоо алдында турам.

– Бул фильмди тартуу идеясы кимдики?
– Идеясы меники, сценарийди дагы өзүм жаздым. Мен Кыргыз улуттук университетинде психологиядан сабак бергендиктен, курбуларымдын көпчүлүгү көйгөйлөрү болсо эле мага кайрылып, менден психолог катары кеңеш сурашат. Алардын көйгөйлөрүн угуп отуруп байкасам, колунда бар эркектердин аялдарынын башы армандан чыкпайт экен. Жаштыгында таштак жолду чогуу басып өтүп, дөөлөткө жеткен соң жаш кыздарды ээрчип кеткен эркектер аялын азапка салып жатканын ойлоп да коюшпайт. Мындан улам курбуларымдын жашоодогу болгон окуяларын тасмага түшүрөйүн деп чечтим.

– Демек, бул тасма турмуштагы окуялардан куралган турбайбы?
– Ооба, тасманын сюжети менин айланамдагы эле адамдардын тагдырларын чагылдырат. Ойду-келди нерселер эмес, ар бирибиздин башыбызда бар үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү козгодум.

– Байлыктан башын жоготкон эркектерден сырткары кандай турмуштук жагдайларды көрө алабыз?
– Негизи, менин көрөрмандарга жеткизейин дегеним, ар бирибиздин башыбызда түрдүү тагдыр бар, анын оош-кыйышына туруштук берип, чыдамкай болушубуз керек. Ошондуктан бул тасмада аракечтик, компьютердик оюндарга көз карандылык деген ар бирибизге тааныш маселелер козголот. Байлыктын артында азап, кайгы толтура деген ойду да бере алдым. Ар бир окуянын тарбиялык мааниси терең, адамды олуттуу ойго түртчү режиссёрлук оюм жатат. Көрүүчүлөр түшүнөт деп ишенем.

– Атактуу адамдардан кимдерди көрө алабыз?
– «Байлар да ыйлашат» тасмасына ырчылар Клара Алибекова, Асел Кадырбекова, атактуу Сакиш менен Бопуш тартылышты. Аябай жакшы курам болдук. Буюрса, фильм көрөрмандарга жагат деп ойлойм.

– Бул фильмди көрүүгө камынып жаткан адамдарга эмне дейт элеңиз?
– Тасмадагы ар бир көйгөйдү тамаша аркылуу жеткиргенге аракеттендик. Демек, кино сүйүүчүлөрү актуалдуу көйгөйлөрдөн тышкары, жагымдуу тамашага да бөлөнүшөт. Жалпысынан тарбиялык мааниси терең, орундуу тамашасы менен тартылган тасма.

– Сюжетинин бир четин чыгарып койгонуңузгабы, бул тасманы көрүүгө кызыгып калдым. Качан кинотеатрлардан көрө алабыз?
– Буюрса, 1-октябрдан тарта Тарых музейинин кинозалында көрсөтүлө баштайт.

– Маегиңиз үчүн рахмат!

Нуркыз Курманбек кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
suluktu
2014-09-29 16:27:19
Meni da okutkan ushul eje...
0
restreppo
2014-09-30 03:03:09
суроттогу кыздын ХХХ ХХХ ал ким? конок баш козго жылуу учурап жатат
0
admin_superstan
2014-09-30 10:04:39
restreppo, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
0
Eliza83
2014-09-30 22:56:01
restreppo,
Асел Кадырбекова...
0
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан