ЭСТЕ КАЛГАН ЭПИЗОДДУК КААРМАНДАР

Кээде 2 сааттык тасмадан 2 секунддук гана көз ирмеми таасирдүү болуп, көпкө чейин эсиңден чыкпай жүрөт эмеспи. Анын сыңары тасмада бир жылт этип, так ошол кыска ролу аркылуу кино сүйүүчүлөрдүн эсинде калган актёр, актрисалар көп. Эмесе эпизоддук ролу менен жылдызы жанган каармандарыбыз менен тааныштырабыз.

«МАГА ЭМНЕ?! ЭМНЕ БОЛСОҢОР ОШО БОЛГУЛА!»
«Боз салкын» тасмасында башкы каарман Сагынга аял алып бермекчи болуп жасалма отуруш уюштурган Капар эсиңизде чыгар. Кокустан башка кызды ала качып келгенде Сагындын агасына «байке, бул Анара эмес, Асема» деп арачы түшүп, аз жерден «бүктөлүп кала жаздап», акыры «Мага эмне?! Эмне болсоңор ошо болгула!» деп ийинин куушуруп, кол шилтеп басып кетет эмеспи. Так ошол эпизоддук ролду НУРБЕК ЮЛДАШЕВ деген жигит аткарган. Учурда ЭлТР телеканалында алпаруучу. Тасма тууралуу каарманыбыз төмөнкүлөрдү эскерип өттү:

-2006-жылдары Искусство институтунда театр жана кино бөлүмүнүн 1-курсунда окуп жүргөн кезимде «Боз салкын» тасмасынын кастингине катышып калдым. Капардын ролуна ат салышкан башка атаандаштарым жоктугуна байланыштуу сынактын 1-турунда эле өтүп кеткем. Тартуу иштери Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылында болгон. Мен катышкан эпизоддор 1 жумада тартылды. Тартуучу топ бош убакыт боло калганда кызыл желек деген оюн ойночубуз. Бир жолу көлдүн жээгинде ошол оюнду ойноп жатып мен кокусунан сынган бөтөлкөгө жыгылып, жонум тилинип кетти. Баарыбыздын шаштыбыз кетип Бөкөнбаев айылындагы ооруканага барып, тиктирип келдик. Ошол күнү кечинде менин туулган күн тоскон жерим тартылган, улам балдардын бирөөсү келип «туулган күнүң менен» дешип мени далымдан тапташат десең. Жаңы эле операция болгон жерим кайра ооруп чыгат. Акыры режиссёр «ой, далымдан таптабай эле куттуктап койгулачы» деген болчу. Ошол окуя эсимде калыптыр. Андан бери көп киного тартылсам да негедир мени бардыгы ушул роль аркылуу эстешет. Ошол убакта жаштар арасында «мага эмне?» деген сөзүм мода болуп кеткен.

КҮЛКҮЧҮ АЙШАКАН
«Президент жана бомж» тасмасында «Биз сизди миллионер байке деп эле жүрөлүчү, баары бир миллиондорду кармап жүрдүңүз да. Биз үчүн миллионер элесиз, кайра дагы миллионер болуп калышыңыз мүмкүн да, туурабы?» деп шыңкылдап күлгөн келин көпчүлүктүн жадында. Камокчу Айшакандын ролун кынтыксыз аткарган ЭЛМИРА ТАГАЕВА актёр Чыңгыз Мамаевдин жубайы, Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенет. Аталган тасмага кандайча тартылып калганы тууралуу актрисанын өз оозунан угалы
-«Президент жана бомж» тасмасына 2 жыл мурда кастинг аркылуу өткөм. Башында тасмадагы курулушта башкы каарман Омор менен чогуу иштеген Жапардын ролун менин жолдошум Чыңгыз Мамаев аткармак, бирок анын башка иштери чыгып калып, ордуна Мирлан Салидинов аткарып калды. Мен тартылган эпизодду 2 күн тарттык. Тартуу иштери Ала-Тоо жаңы конушундагы бир вагондун ичинде болду. Режиссёр менен көркөм жетекчи «миллионердин жанында карапайым адам кандай болуш керек, ошол образга кир» дешти. Бай адамдын жанында карапайым адам толкунданып, жагалданып, бир чети анын жанында отурганына сыймыктанат эмеспи. Ошол образды ачып берүүгө жакшы эле аракеттендим. Күлгөнүмдү ошол жерден эле өзүм кошуп койгом. Тартуучу топко жагып, тасмага кошулуп калган. Столдун үстүндөгү бөтөлкөдө чыныгы арак, ал эми стакандарда суу эле болчу. Менин туугандарым баары дин жолундагы адамдар, алар тасманы көрүшүп «чын эле арак ичтиңби?» дешип шекшине сурашканы эсимде. Башында камокто иштеген жерим да тартылмак, бирок кийин сценарий өзгөрүп, ал эпизод тартылбай калды. Тасма чыккан соң көбүнө ошол эпизод жагыптыр, көчөдөн таанып «сиз ошол күлгөн келинсизби?» деп сурашкандар көп болду. Мирлан байке айылына барса достору «Айшаканга салам айта бар. Аны да кошо ала келбейт белең бул жакка» дешиптир. «Президент жана бомж» тасмасынан соң Мирлан байке экөөбүзгө башка 2 тасмага сунуш түшүп, чогуу тартылдык.

«МЕН ЖОК БОЛСОМ ЭМНЕ КЫЛМАК ЭЛЕҢЕР?» «Боз салкындын» «братишкасы» «Көк салкын» тасмасында башкы каарман Эркиндин эпчил досу Талант «балдар, мен жок болсом эмне кылмак элеңер?» деген фразасы менен көрөрмандардын эсинде калганы талашсыз. Кесиби врач болгону менен, жогорудагы ролду катыра аткарган ТАЛАНТ КАЛДЫБАЕВ учурда бактылуу үй-бүлөнүн кожоюну, 2 кыздын атасы. Каарманыбыз тасмага кантип тартылып калгандыгы тууралуу буларды айтып берди:
-Бул менин дебюттук ролум. Мурда «Саяктар» командасы менен «Тамашоудо» ойночумун. Бир күнү командадагы балдар тасма тартабыз деп калышты. Мен жашоодо ар дайым шайыр, тамашакөй болгондуктан, бул ролго башында эле мени бекитишкен. «Мен жок болсом эмне кылат элеңер?» деген сөз негизи сценарийде жок болчу. Муну мен тартылып жатып кокусунан эле кошуп айтып жибергем. Анан бизге жагып калып, тасманын көп жеринде колдонулуп кетти. Мени көчөдөн, маршруттук таксилерден көбү так ошол эпизод аркылуу таанышат.
Бир окуя айтып берейин. Өткөндө үйдү оңдоп-түзөп жатып сантехникке керектүү шаймандарды алып келе калайын деп жаман кийимдерим менен, бети-башым боз ала чаң боюнча базарга жетип келгем. Эки бала жаныман өтүп баратып «мен жок болсом эмне кылмак элеңер?» деген байке го» десе, беркиниси «жок, ай, бул жөн гана окшош бирөө, киного түшкөн адам жылдыз да, кычырап жүрөт, бул болсо селсаяк болуп турбайбы» дегенин кулагым чалып калды. Анан мен аларды карап, «ооба, мен ошого окшошмун» деп күлүп өтүп кеткем. Бул фразаны көбүнчө кичинекей балдар айтып жүргөндөрүн угуп калам.

Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эсте калган эпизоддук каармандар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Patrik
2014-10-14 11:35:22
Хахаха кызык экен!
0
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан