Нурлан Мамакеев: «СУЛТАН СУЛАЙМАН» ТАСМАСЫНЫН ӨЗӨГҮ ТҮРКТӨРДӨН КӨЧҮРҮЛГӨН ЖОК»

Бүгүнкү күндө кыргыз киносу өнүгүп жатканы баарыбызды сүйүнтөт. Тартылып жаткан кинолору, келечектеги ойлору, жасалуучу иштери тууралуу “До+Фа-2”, “Пентхаус”, “Браво”, “Общага” сериалдарынын продюсери, “KG Club Production” компаниясынын жетекчиси Нурлан Мамакеев менен баарлаштык.

– Нурлан мырза, айтсаңыз, кино тармагы менен алектенүү идеясы эмнеден улам келди?
– Алгач биз чыгармачы­лыгыбызды теледол­боор ачуу менен баштаганбыз. Ата мекендик каналдарга ке­ректүү те­ле­бе­рүүлөрдү тартып берчүбүз. Биздин биринчи долбоорубуз «Большие Люди» болду. Бул берүүбүз эфирге чыгары менен эл жакшы кабыл алып, бат эле жайылып кеткен. Долбоорго Эльдияр Кененсаров, «Азия Микс» командасы салым кошушкан. Алар кызыктуу, шаңдуу болушуна көмөк көрсөтүштү. Биз чыгарган комедиялык продукциябызды өзүбүздүн эле эл көр­бөстөн, чет мамлекетте да көрүшүүдө.

– Кино же теледолбоор деп эле баштап кетүү оңой эмес го. Бул тармакта билимиңиз барбы?
– Бул тармакта тү­шү­нүгүм бар жана ар дайым из­денүүнүн үстүндө жүрөм. Эльдияр экөө­бүз тажрыйбабызды жогорулатуу үчүн Москвага барып, СТС каналындагы «Даёшь молодёжь», «Кухня» сериалдарынын сценарийлерин жазган досторубуздан теледолбоор тартууну, коюуну, кинону монтаждаганды үйрөнүп келдик.

– Анан өз мекениңизде тартып көрүүнү чечтиңиз...
– Башында биз кино эмес, сериалдардан баштадык. «Общага» сериалын тарттык. Бул эфирден да, интернет порталдардан да көрүүчүлөрдүн саны боюнча алдыда болду. Жаңы бөлүгүн көрөрмандар чыдамсыздык менен күтүштү. Сериал өз учурунда биздин визит­тик карточкабыз болду. Ал интернетте жайгашкан, азыр да каалоочулар көрүп жатышат.

– Сериал, кинолоруңуздун сценарийин ким жазат?
– Басымдуу бөлүгүн КВНде ойногон балдар жазат. Топтогон тажрыйбаларынын негизинде балдар кызыктуу, күл­күлүү сценарийлерди жазып жатышат. Юмор – бул негизги биздин багытыбыз. Биздин фильмдер күлкүлүү болуш керек, ошондо аны кабыл алуу оңой болот.

– Ошондо сиздердин багытыңыздар бир гана комедия жанрындагы кинолор болуп калабы?
– Азырынча ошондой. Дүй­нөлүк прокатта комедия жанры мультфильмден кийинки орунда турат. Катардагы адам, мектеп окуучусу, студент, жумушчулардын бардыгы күнүмдүк көйгөйдөн чарчашат. Кинотеатрга барып күлүп эс алып, жакшы маанайда кетишсе, биз максатыбызга жеткен болобуз.

– Тасмаларыңыздын басымдуу бөлүгү жаштарга арналган. Жаштар үчүн гана тартасызбы?
– Баамдаганыңыздай, көп­чүлүгү жаштарга арналган. Бирок жаштар кинотеатр­ларга көп келе беришпейт. Көрөрмандардын басымдуу бөлүгү орто муундун өкүлдөрү. Тескерисинче, улуу муун жаштарга арналган кинолорду азыркы тенденциядан кабардар болуш үчүн кызыгып көрүшөт. Кээде ата-энеси менен келген студенттерди көрүп калам. Ал эми ачылыштарында көпчүлүк учурда чыгармачыл адамдар, чиновниктер, бийлик өкүлдөрү келишет.

– Алар сиздерди колдошобу? Бийлик дегениңизден айтып жатам.
– Менин оюмча, кыргыз тилдүү комедияны колдоого караганда, бийликтин башка жумуштары көп. Эгерде кимдир бирөө бизди колдосо, ага каршы болбойбуз (күлүп).

– Каржы жагын ким камсыздайт?
– Бизди колдогон меценаттар, бизге ишеним арткан продюсерлер бар. Экинчи жактан өзүбүздүн каражатты тапканга аракет кылабыз. Мындан сырткары коммерциялык тармактарда өнөктөштөрүбүз бар. Биз алар менен кызматташканыбызга ыраазыбыз. Көрсөтүүлөрүбүздү анонс кылып чагылдырганга жардам берген медиа өнөктөштөрүбүз бар. Аларга да ыраазычылык айткым келет.

– Азыр кино таркандар көп. Башкалардын кинолоруна барасызбы?
– Албетте, мен режиссёрлордун көпчүлүгүн тааныйм, сыйлайм, тажрыйба бөлүшөм дегендей. Атаандаштык алдыга жылууга шарт түзөт.

– Келиңиз, жакынкы премьералар тууралуу сүйлөшөлү. Көрүүчүлөр кандай тасмаларды көрө алышат?
– Буюрса, 25-сентябрда «Султан Сулайман» тасмасын элге тартуулаганы турабыз.

– Көпчүлүк бул кинону түрк сериалынын негизинде тартылган деп айтышууда...
– Жок, кыздардын баары жакшы көргөн кыргызстандык жигит жөнүндө. Анын үй­лөнгүсү келбейт. Ата-энеси үйлөн деп жанын коюшпайт. Үйлөнүүдөн качып, түрдүү жоруктарга кабылганына кө­рүү­чүлөр тасмадан күбө боло алышат. Мындан сырткары ок­тябрь айында экшн-ко­ме­дия­бызды сунуштайбыз. Ал кинонун өзөгүндө көптөгөн жарышуулар, форсаж болот.

Султан Төрөбеков

 Кыстарылган видео 
Кыргыздын "Султан Сулайманы" элге көрсөтүлдү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Patrik
2014-09-29 11:18:21
Коруп келбесем. Айколду коргум келтат.
0
datkaaiym
2014-09-30 14:01:24
азамат
0
ay.zi
2014-10-05 12:58:10
Сонун кино экен, 120 сом не жалко)))киргениме окунгон жокмун.
0
umarchik
2014-12-30 17:01:28
Оруссияга да койгону келесинерби?ато кыргыздардын кинолорун интернеттен коро албайсын эки жыл дегенде чыгат.
0
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан