ЖЫЛДЫЗДАР ПЛАСТИКАЛЫК ОПЕРАЦИЯГА ЧЕЙИН ЖАНА КИЙИН

Майкл Жексон
Поп-музыканын королу Майкл Жексон 48 жашка чыкканга чейин денесинин ар жерине 24 операция жасатканы маалым. Ырчынын мурду анын кулагынын кемирчегинен жасалган. Майклга операция жасаган профессор мурунду ар кандай формада жасоого кулактын кемирчеги өтө ыңгайлуу материал экенин баса белгилей кеткен. Эки сааттык операциядан кийин Майкл эки жумадай мурдун таңып жүргөн. Пластикалык операциянын биринин аркасынан бирин жасата берген Майклга хирургдар андан ары пластикалык операция жасатууну токтотуусун айтышкан. Анткени, Майклдын бетиндеги тери операцияны көтөрө албасын билдиришкен. Айта кетсек, бир нече операциядан кийин Майклдын мурду чирий баштаган, ошондон улам кайрадан мурдун жасатуу зарылчылыгы келип чыккан. Ырчынын пластикалык операцияга кетирген жалпы чыгымы 300 миң долларды түзөт. Мурдунун айынан Майкл бетин көп учурда мата менен жаап жүрөт. Муну ар шылтоо менен түшүндүрөт. Мындан тышкары пластикалык операция жасаган адистер: «Майкл табият тартуулаган келбетин жана организмин өзү бузуп жатат. Азыр келбети жакшынакай болгону менен жыл өткөн сайын бети бузула баштайт, бирок, анда операция жасоого такыр болбой калат» деген ойлорун билдиришкен. Ал эми Майкл өзү: «өмүрүмдө эки гана жолу пластикалык операция жасаткам» деп келет.

Кристина Орбакайте
Кристина дагы пластикалык жол менен мурдун жасатканы көпчүлүккө маалым. Кристинанын мурду апасы Алла Пугачёванын биринчи күйөөсү, атасы циркач Миколас Орбокастын мурдун тартып калган. Эсиңиздерге сала кетсек, Миколас менен Алла 1969-жылы баш кошушкан. 1971-жылы Кристина аттуу кыздуу болушат. Бирок, никелери көпкө узабай, кызы экиге чыкканда ажырашып кетишет. Кристина эч качан мурдуна нааразы болгон эмес. Бала кезинде ырчы айым «Буратино» жомогунун негизинде тартылган мюзиклде башкы каарманды аткарган. Мурдунан улам мындай жетишкендиги менен сыймыктанып келген. Эки баланын энеси болуп, 30 жаштан өткөндөн кийин ырчынын өзүнүн келбетине көз карашы өзгөрүлө баштаган. Анткени, Кристинага өзүнүн мурду жакпай, пластикалык операция жасатууну чечкен. Кристинанын бул оюна каршы болгондор көп чыккан. Бирок, өз оюн бербеген ырчы эч кимдин сөзүнө көнбөй коёт. Операциядан баш тартуусун анын учурдагы көңүлдөшү Руслан Байсаров да өтүнгөн.

Том Круз
Белгилүү кино жылдызы Том Круз мурункудан келишимдүү болуу максатында мурдуна пластикалык операция жасаткан. Томдун мурдуна жасалган операция­ны ренопластика боюнча адистер эң ийгиликтүү деп табышкан. Анткени, актёрдун мурдунан жө­нөкөй адамдар гана эмес, профессионалдуу адистер дагы кем­чилик таба алышкан эмес.

Бритни Спирс
Дүйнөлүк ырчылардын бири Бритнинин мурдуна операция жасалганы оңой менен байкалбайт. Ырчы болгону мурдун мурункудан кичирейткен. Ошентсе да Бритни экинчи баласын тө­рөгөндөн кийин мүчөсүн калыбына келтирүү үчүн хирургдарга 100 миң доллар сарптап, төшүнө, белине, ичине пластикалык операция жасаткан. Анткени, Бритни кош бойлуу кезинде ашыкча салмакты топтоп, мүчө­сүнүн формасын өзгөртүп алган.

ШЕР
Пластикалык операция жасатуу боюнча Шер Голливуд жылдыздарынын лидери. Ал жасаткан пластикалык операциялардын саны болжол менен 30ду чамалайт. Шер мурдун гана жасатпастан, көзүн, оозун, төшүн да жасаткан. Андан тышкары ырчы айым бир концертин берээр алдында операция жолу менен ичиндеги жана санындагы ашыкча майларын алдырган. Ушундан улам операцияга ырчынын миллиондогон акчалары сарпталганы маалым. Учурда Шер 60 жашта. Бирок, пластикалык операциянын жардамынын аркасында ырчы айым өзүнүн курагынан оголе көп жаш көрүнөт.

Деми Мур
Белгилүү актриса Деми Мур пластикалык операцияга эксперттердин айтуусу боюнча 500 миң доллар сарптаган. Биринчи жолу Деми өзүнүн тубаса кылый көзүнө операция жасаткан. Кийинчерээк көзүнө, мурдуна, бир нече жолу төшүнө пластикалык операция жасатууга жетишкен. Ушундан улам актриса катышкан ар бир кинодо төшүнүн көлөмү ар кандай. Ошентсе да операциялар ага үч баланы төрөп-өстүрүүгө таасирин тийгизген эмес. Тескерисинче, 40 жашында өзүнөн 15 жаш ки­чүү Эштон Качер аттуу келбеттүү жигит менен көңүлдөш болууга жардамчы болгон.

Патрисия Каас
Патрисия Каас белгилүү ырчы боло электе эле мурдуна операция жасаткан. Мурдуна атайын операция жасатканын жашыргысы келеби, айтор, бул тууралуу Патрисия: «Мен автокырсыкка учурап, мурдумду сындырып алгам. Ошол себептен хирургдар мурдума операция жасашкан» деген имишти ойлоп тапкан.

Людмила Гурченко
Жыйырма жашында актриса катары таанылган Людмила Гурченко бир нече жолу пластикалык операцияны башынан өткөргөн. Биринчи жолу актриса көзүнүн формасын оңдоткон. Андан кийин көзүнүн алдындагы бырыштарды кетирүү үчүн да хирургдардын жардамын колдонгон. Мындан 5 жыл мурун Гурченко биринчи жолу бетин тарттырган. Анын бет терисин абдан чоюп ташташкандыктан, операциядан ки­йин актриса көзүн жума албай калган. Ушундан улам анын кө­рүүсү начарлаган. Ошондой эле адистер Гурченкого мын­дай опе­рацияны 10 жылда бир жолу жасатуу керек экенин эскертишкен.

Алсу
Өзүнүн жүрүм-туруму менен көпчүлүктүн сүйүк­түү ырчысы болгон Алсу да пластикалык операция жасаткан. Алсунун төшү кичинекей экенин күйөрмандары, ошондой эле кесиптештери да жакшы билишчү. Операция жасаткандан кийин ырчы журналга сүрөткө түшкөнү төшү ачык көйнөк кийип барып, сүрөтчүлөрдү, журналисттерди абдан таң калтырган. Анткени, Алсунун төшүнүн көлөмү ачык көйнөгүнөн даана кө­рүнүп турган.

Анжелика Варум
Леонид Агутиндин жубайы Анжелика Варум дагы пластикалык операция жасаткандардын арасына кирет. Анжелика операцияны Швейцариянын Цюрих шаарында мыкты адис­терге жасаткан. Жыйынтыгында, ырчынын көкүрөгү өйдө кө­төрүлүп, чоңойтулган. Операциядан кийинки төшү Анжеликанын оюндагыдай болгон.


Кызыктуу маалыматтар

ГАРЕМДЕГИ АЯЛДАРДЫ ЖЫЛДЫЗДАРГА АЙЛАНДЫРУУ
1997-жылы чехиялык хирург Иржи Васекке араб олигархы кайрылган. Ал хирургга 40 миң доллар берип, аялдарын пластикалык операция менен белгилүү жылдыздарга: Мадоннага, Памела Андерсонго, Жулия Робертске окшоштурууну талап кылган. Хирург макул болуп, араб олигархы жашаган Йеменге келген. Араб аялдарын аталган жылдыздарга айлантуу хирургга бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Анткени, алардын терилеринин өңүн дагы ак кылып өзгөртүүгө туура келген. Аялдардын өңүн агартуу үчүн хирург кымбат баалуу химиятерапияны колдонгон. Натыйжада, алардын беттеринде ак тактар, бир аялында болсо тери рагынын белгилери байкалган. Ошондуктан, хирургдун эмгегине ыраазы болбогон араб олигархы, гонорар төлөп берүүнүн ордуна хирургга мекенине кайтып кетүүгө билет алып берген. Ал эми олигархтын аялдары же жылдыздардай боло албай, же мурунку түрүнө келе алышпай ара жолдо кала беришкен.

БРИТНИ БОЛОМ ДЕП КЕБЕТЕСИ БУЗУЛГАНДАР
Лондондун “Сандей Таймс” гезитине жарыяланган сириялык качкын доктор Ахмед Беруздун интервьюсу көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Интервьюсунда Ахмед: “Мен европа улутундагы 8 кызды операция жолу менен Бритни Спирске окшоштурам деп алардан 5 миңден 8 миң долларга чейин алгам. Бирок, тилекке каршы, кыздар каалаган кумирине окшошпой, кебетелери абдан бузулуп калды. Азыр мен мындай ыплас иш менен алектенгеним үчүн өкүнөм. Ал кыздардын келечеги эми кандай болот, ким билет?” деп айтып кеткен.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 211, 17-23-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан