МЫЙЗАМ МӨҢГҮЛӨРДҮ САКТАЙ АЛБАЙТ

«Мөңгүлөр жөнүндө» мыйзамдын демилгечилери аны иштеп чыгууну тоо чокуларын каптаган мөңгүлөрдү сактап калуу камкордугу катары түшүндүрүшүүдө. Бирок эксперттер эсептешкендей, бул документ ал максатка жетпейт, себеби мөңгүлөрдүн эриши глобалдуу процесс. Ал эми мыйзам өлкөнүн экономикасына зыян келтириши мүмкүн. Себеби мөңгүлөргө жакын кендерди иштетүүгө тыюу салынып калат.
Мына ошондуктан да жайында президент Алмазбек Атамбаев ал мыйзам долбооруна кол койгон жок. Аны бюджеттин киреше бөлүгүнүн кыскарышына алып келүүчү мыйзамдарды кабыл алуу процедураларын бузууга байланыштуу Жогорку Кеңешке кайра кароого жөнөттү. Ошондуктан мөңгүлөр жөнүндө мыйзам боюнча макулдашуу комиссиясы түзүлдү. Ага президенттин, өкмөттүн өкүлдөрү жана документтин демилгечилеринин бири болгон депутат Эркингүл Иманкожоева кирди.
Макулдашуу комиссиясынын ишине 30 күн берилген. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы парламентарийлер тарабынан күзгү сессияда каралууга тийиш. Макулдашуу комиссиясы эмнеге токтолгону тууралуу «Мөңгүлөр жөнүндө» КРнын мыйзамы боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнүн бири, КРнын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат аналитикалык борборунун жетекчиси Екатерина Сахваева айтып берди. Ал кеңири талкуулар эки жумадан ашуун созулганын, комиссиянын отурумуна журналисттер, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү чакырылганын белгиледи.
– Көптөгөн ар кандай пикирлер жана дебаттар болду. Биз маселе боюнча жалпы маалыматтарды уктук, мыйзам долбоорун, анын ишмердүүлүк чөйрөсүнө, анын ичинде «Кумтөр» компаниясына тийгизген таасирин да анализдедик жана 25-июлда өз корутундубузду чыгардык. Комиссия эки вариантты сунуштайт. Биринчиси – «Мөңгүлөр жөнүндө» мыйзамды кабыл алуудан баш тартуу жана Суу кодексине өкмөттүн 2014-жылдын 16-июнундагы токтому менен жактырылган кошумчаларды киргизүү жөнүндө иштелип чыккан мыйзам долбоорун колдоо. Экинчи варианты – «Мөңгүлөр жөнүндө» сунуш кылынган мыйзамды бардык эскертүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу. Ошол эле учурда мыйзамдын мөңгү массаларына терс таасир этүүчү бардык ишмердүүлүккө тыюу салуучу 6-беренесине «мөңгүлөргө таасир этүүнү жокко чыгаруу мүмкүн эместиги тастыкталганда, стратегиялык объектилерге киргизилген пайдалуу кендерди эсепке албаганда» пунктун кошуу.
– Бирок Суу кодексинде ансыз да мөңгүлөрдү сактоого багытталган ишмердүүлүктү жөнгө салуучу берене бар эмеспи. Анда иш жүзүндө бул беренени кайталаган өзүнчө мыйзам кабыл алуунун мааниси барбы?
– Мындай суроо талкуу учурунда бир нече жолу айтыл­ды. Менин жеке пикирим жана макулдашуу комиссиясынын тыянактарынын бири – мөңгүлөр жөнүндө жаңы мыйзамды кабыл алууга өзгөчө муктаждык жок. Мен бул документти ка­был алуудан баш тартмакмын. Аргентинада 2010-жылы кабыл алынган мөңгүлөр жө­нүндө мыйзам иштебейт. Бул айкын мисал деп ойлойм. Эгерде маселеге объективдүү мамиле жасасак, бардык адамзаттын ишмердүүлүгү курчап турган чөйрөгө терс таасир тийги­зет. Бирок «Кумтөр» менен болгон учурда мөңгү эч кайда жоголбогонун түшүнүү керек. Бул көмүлгөн муз, ал ошол эле бассейнде калат. Бул мыйзам өлкөгө илимий-изилдөө иштерин жана мөңгүлөрдү иликтөөнү жаңыртуу көз карашынан алганда маанилүү деген эксперттик пикирлер айтылды. Бирок мыйзам долбоорун иштеп чыгуу стадиясында эле каражаттарды Гидрометеорологиялык кызматка мөңгү массаларын мониторингдөөгө жумшоо сунушталган. Акыркы 20 жылда изилдөөлөр жана экспедициялык байкоолор дээрлик жүргүзүлбөйт, мөңгүлөрдүн каталогу чыгарылбайт. Бирок дал ушул илимий маалыматтардын негизинде чечимдерди кабыл алуу керек.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jaazira13
2014-10-07 17:08:31
монгулорду табият озу эле сактай алат, адамдын колунат келбейт, бирок бу маселени биздин эл окулдору калп эле популизм кылып курал кылып жатышат
0
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан