КЫРГЫЗСТАН ЖАШТАРЫ ӨЗ АЙЛАНАСЫНДАГЫ ЖАШООНУ ӨЗГӨРТҮҮДӨ!

«Өз айланаңдагы жашоону өзгөрт!» социалдык ишкердүүлүк сынагы Борбор Азия жаштарын камтып, «Кока-Кола» компаниясы тарабынан каржыланып, «Ага Хан» фондунун колдоосу менен Борбордук Азия Университетинин (БАУ) алдындагы Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби тарабынан ишке ашырылат. Сынактын алкагында жаштарга коомчулуктун жашоо сапатын жакшыртууга багытталган социалдык долбоорлорду иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү берилет.
2014-жылы Кыргызстандан 6 же­ңүү­чүнүн ар бири 2500 доллар өл­чө­мүндөгү гранттын ээси болуп, БАУнун алдындагы Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинен тиешелүү билим алышкан. Бул долбоорлор жаш ишкерлердин идеяларын чагылдырып, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу маселелерди чечүүгө багытталган.
Айгерим Сакиева «Грин-Сити» аттуу долбоорун Ош шаарында жүзөгө ашырат. Долбоордун негизин таштанды чогултуу иштерин уюштуруу түзөт. Иш-чаранын алкагында таштанды чогултуу жана аны жок кылуу боюнча компания түзүлүп, Ош шаарынын 15 окуу жайын камтымакчы.
«Шаардагы уюмдар, окуу жайлар тарабынан иштелип чыккан таштандынын көлөмү жылына 80 000 тоннадан ашат. Мен окуган мектеп короосунда окуучулар жана мектеп кызматкерлери таштандыны Ош дарыясына ыргытышат. Бул экологиялык жактан зыян экени аз келгенсип, санитардык-гигиеналык тартипке каршы турат»,- деп түшүндүрөт Айгерим.
Асел Байдылдаева Бишкекте «Жашоо спорту» аттуу долбоорун жү­зөгө ашырууда. Долбоордун максаты –
кант диабети оорусуна чалдыккан адамдар үчүн фитнес-борборун ачуу. Кыргызстанда 2-типтеги диабет оорусуна чалдыккан 37 000 адам катталган. 
«Долбоордогу шериктешим: Бишкек шаардык эндокринология диспансери машыгуу сабактарын өткөрүүгө акысыз жай берди. 72 бейтапка дарылоочу дене тарбия сабагын жумасына 3 жолу өткөн тажрыйбалуу мугалим жалдайм. Ошондой эле ал адамдардын канындагы кант деңгээли көзөмөлдөнүп, ден соолугунун жакшырышына байкоо салынат»,- дейт Асел.
Валерий Гришин өзүнүн колл-бор­бору менен Кыргызстанда жумуш орундарын өзгөртүүдө, аталган борбордогу көпчүлүк жумуш орундары майып адамдарга берилмекчи.
«Мен Бишкекте рынок изил­дөөлөрүн жүргүзүүгө жана маалыматтык колдоо көрсөтүүгө багытталган колл-борбор уюштурам. Долбоор бул тармакта өсүп келе жаткан экономикалык сурамды гана канааттандырбастан, көз оорусуна чалдыккан адамдарды жумуш орундары менен камсыздайт»,- дейт Валерий.
Нүргүл Караева Ош облусунун Ноо­кат районунда «Психопедагогика­лык борбор» ачууда. Борбор мүм­күн­чү­лүгү чектелген балдардын атайын адис­тештирилген окуу мекемелерине болгон муктаждыгын канааттандырмакчы.
«Ош шаарында 800дөн ашуун майып балдар бар. Алардын бардыгы ин­клю­зивдүү жана жеткиликтүү билим алууга муктаж. Бирок булардын 5 пайызы гана атайын мектептерге барышат, ал эми калган 85 пайызы такыр билим алышпайт»,- дейт Нүргүл.
Рустамжон Кулдашев Кыргызстан­дын Сүлүктү шаарында мончо ачуу ишин уюштурууда.
«Оор жумуш күнүнөн кийин шахтёрлор мончо жоктугуна байланыштуу үйлөрүнө жуунбаган бойдон жөнөшөт. Менин долбоорум шахтёрлорду коомдук мончо менен камсыздайт.
Бул өзүлөрү жана аларды курчаган адамдар үчүн ар кандай ооруларды жуктуруунун алдын алмакчы
»,- дейт Рустамжон.
Саматбек Моңолдоров Бөкөнбаев айылындагы калктын аялуу катмары үчүн кир жуучу жай түзүп берүүдө. Бул аймактын көпчүлүк тургундарынын короолорунда суу өткөрүү тутуму жок болгондуктан, кир жуучу машинаны орнотуу мүмкүнчүлүгү да жок.
«Кир жуучу жай жергиликтүү калк үчүн арзан баада, ал эми калктын социалдык коргоо департаментинде катталган аялуу катмарынын 200 өкүлүнө акысыз түрдө тейлөө көрсөтмөкчү»,- дейт Саматбек.
Аталган сынак жана долбоорлор «Кока-Кола» фонду жана «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» компаниясы тарабынан «Кыргызстан, Казакстан жана Ооганстанда социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн жаштар мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында каржыланат. Долбоордун 1-баскычы 2012-жылы Кыргызстанда башталган, анда 9 жеңүүчү 3000 долларга чейинки гранттардын ээси болгон. Учурда Кыргызстанда жана Казакстанда бул долбоордун 2-баскычы жүрүп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан