МИЛЛИОНДУК СЫНАК… МАРАГА КИМ ЧЫГАТ?

Эл аралык «Кыргыз эл бийи» сынагы бий ышкыбоздоруна арналып өтүп жаткан Кыргызстандагы алгачкы иш-чара. Бий өнөрүбүздү түп тамырынан баштап жандандырып, аны заманбап, азыркы учурга шайкеш кылып иштеп чыгуу, чындыгында, бий сүйүүчүлөр арасында зор кызыгууну гана жаратпастан, өзгөчө жоопкерчиликти да талап кылууда. Эгерде кыргыз элдик бийлеринин тарыхын карай турган болсок, ушул кезге чейин бул өнөрдү изилдеп, көпчүлүктүн көңүлүн бура турган бир дагы китеп басылып чыкпаган. 30 жылдан ашуун өмүрүн ушул өнөрдү изилдөөгө жумшаган Зарылбек Молдобакиров: «Мындай сынактардын уюштурулушу чоң жетиш­кендик. Анткени далай жылдар көөнө тарыхыбыздын, руханий маданиятыбыздын бир бөлүгү болгон бий өнөрүбүздү унутта калтырып келгенибиздин өзү биздин бул өнөргө болгон кайдигерлигибизди далилдейт» дейт белгилүү маданий ишмер.
Убакыттын өз таразасы бар дегендей, мына, 15-июлда жарыяланган «Кыргыз эл бийи» сынагынын да тандоо туру аяктап, сынакка келип түшкөн чыгармалар калыстар тобунун сынына коюлууда. Бий дүйнөсүндө белгилүү болуп калган топтордон баштап жаңы бийлеп баштаган жеке аткаруучуларга чейин өз өнөрлөрүн элге тартуулоо максатын­да өз дареметтеринин жетишинче аракет кылышты. Миллиондук мелдеш бийчилердин гана эмес, жумурай журттун бүйүрүн кызытып турган чагы. Сынакка 69дан ашуун бийчилер өз видеоклиптерин жөнөтүштү. Анын ичинен 13ү 3 жаштан 10 жашка чейинки балдар болду. Ал эми сапаты жагынан талапка жооп бербеген видеолор жана чыгарманын авторунан уруксат албаган катышуучулар сынактан четтетилди. Жалпы жолунан 40тан ашуун бийчилер сынакка катышууга жолдомо алышты.
Белгилей кетсек, бул иш-чараны белгилүү коомдук ишмер, меценат Рустам Мамановдун демөөрчүлүгү астында, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен «Улут жүзү» коомдук фонду уюштуруп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 621, 26-сентябрь-2-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан