«Кыргыз бийи» деген ыры менен бүтүндөй мекенибиздин тургундарын бийлеткен Султан Садыралиев менен өткөн өмүр, учурдун көз ирмемдери, келечектеги ой-максаттар туурасында баарлаштык. Дагы деле көздөрү күлүңдөп, кыздарга назар салганын койбогон Султан тамашалап «бул көздөр эмнени гана көрбөдү» дейт.
«КУРЧТУГУМ КАЙТЫП БАРАТАТ»
– Жаш кезде эмнени гана кылган жокпуз. Эмнени кааласам, жасагым келсе дароо ишке киришчүмүн. Жасабай калдым деп өкүнгүчө, ишке ашырып тынганым жакшы деп ойлончумун. Азыр көп нерселерден баш тартам, эмнеге экенин өзүм деле түшүнбөйм. Балким, эки баланын атасы болгонум үчүн, балким, баягыдай курчтук жок. Жылдар өткөн сайын айбыгуу, коркуу деген нерселер бийлеп алат экен.
Бир жылдары досторум абдан көп эле. Достун да досу болот эмеспи, азыр студенттик күндөрдөн бери бир нанды тең бөлүп жеген Мирбек (ред. Иманбеков), Акбар (ред. Сүйүнбаев) үчөөбүз эле калдык. Бойдокчулукту отуруп эстеп калам. Жакшы көз ирмемдер, керемет күндөр өтүптүр, бирок сагынбайм. Анткени ар нерсенин өз учуру болот. Азыркы күндөрүмдүн да жакшы учкундары толтура.
Бойдок кезде достор кандай айтса ошондой эс алчубуз, азыр үй-бүлөм менен эс алгым келет. Бир жерге барып даамдуу тамак жесем жанымда келинчегим, балдарым болсо кана деп калам. Анан сөзсүз кызыма, уулума деп чөнтөгүмө момпосуй сала барам. Анткени эшиктен киргенде Акмырза менен Айсанат бири-бирин жөөлөшүп, мени көздөй чуркашат. Бир нерсе алып барбасам колумду карап, чөнтөгүмдү аңтарып томсоруп калышат. Жашоонун маңызы, жарыгы, эң бактылуу күндөрү балдарыңдын кучагында болуу экен.
Акыркы күндөрү бул жашоонун жалган экенине ынандым. Ким болбосун жашоого келет, кетет. Жакында эле маданиятыбызга ат көтөргүс салымын кошкон Нурак Абдрахманов, Жаныбек Алыкулов аталарыбыздан айрылдык, барып топурак салдык. Ошондуктан бири-бирибиз жөнүндө жаман ойлобой, көңүл оорутпай, сый менен жашашыбыз керек.
«ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮМ – КЕЛИНЧЕГИМ»
– Султан Садыралиев деген ысым 2006-жылдан тарта журтка таанылбадыбы, ошол кездери көп сүйүүгө кабылдым. Кимиси менен жакшы сүйлөшсөм экен деп тандап да калгам. Анткени мен ошондой тандоого аргасыз болгом. Мага жаккысы келген, мени менен таанышкысы келген кыздар көп эле.
Кыздарды сүйдүрүп алып тагдырын бузуп таштап кетүү туура эмес. Ал кыз бирөөнүн карындашы, болочок жубайы. Сүйүүдө көп жагдай болот. Эркек бир учурда катуу сүйүп, кийин сүйбөй да калышы мүмкүн. Жигит менен кыз чогуу жүрүп, анан ал мамиле үзүлгөндө көпчүлүк аялзаты мени алдап кетти деп ойлошот. Андай эмес. Бирге жүргөндө эле алар өмүр бою чогуу болушабы, жокпу билинип калат.
Бир кызды талашып мушташкан жакшы нерсе. «Сүйгөнүңдү башкага өптүргөнчө, бакача жер кучактап жаткан жакшы» деп калышат го. Ошонун сыңары жигиттердин сүйүүсү үчүн акылга сыйбаган иштерге барышы табияттан берилсе керек. Биз ошон үчүн эркек экенбиз.
Чыныгы сүйүүм – келинчегим.Аселди улуу кызым деп коём. Аны кызымдай эле эркелетем. Кыздуу болгондон кийин келинчегимдин баркын, анын жашоодогу ордун билдим.
Уулумду көргөндө, буюрса, жигит болот деген сыймыктануу пайда болсо, кызымды көргөндө жүрөгүм эзилип кетет. Жакында эле бир концертке барсак кимден кийин ким ырдайт деп программа түзүлүп жатыптыр, ошондо уулум «ата, мен «Жөнөкөй жигитти» ырдайм, жаздырып койчу» деп жатпайбы. Көрсө, уулум чоңоюп калыптыр. Апамдын айтуусунда, кичинемде мен да Акмырзадай сахнага чыгып ырдагым келе берчү экен.
«АТА-ЭНЕМДИН БАРКЫНА ЖЕТЕ ЭЛЕКМИН»
– Шартка байланыштуу туугандарым менен бат-баттан катташа албай келем. Себеби ата-энем, бир туугандарым Казакстанда. Чек арадан кайра-кайра өтө бергенден заарканам. Көтөрүп бараткан баштыгымдын ичине чейин текшеришет. Кыргызстанда эркелеп өсүп калгандыктан андай нерселерди көп жактыра бербейм. Ага карабай Жаңы жылда, туулган күндөрүндө барып турам. Өзүм да Бишкекке конок болуп кетиңиздер деп чакырып калам. Менден башка бир туугандарымдын баары Казакстандын жараны. Кыргыз экениме, мекенимде ырларымды эл угуп, өңүмдү таанып жаткандарына сыймыктанам.
Ата-энемдин кадыр-баркына жете элекмин. Улуулар ыраазы болмоюн жаштардын иши жүрүшпөйт деп коюшат эмеспи. Азыр көп кабаттуу үйдө турам. Чоңураак жер там алып ата-энемди көчүрүп келсем, мага берген тарбияны балдарыма да беришсе деп эңсейм. Алар Бишкекке келгенде 2-3 күндө эле кысылып жаман болуп кетишет. Өмүр бою айылда жер тамда жашагандар көнө албасы турган иш да.
Катаал ата боло албайт экем. Жумшак атамын. Менден кызым да, уулум да коркпойт. «Эй!» десем карап да коюшпайт. Апасын угушат. Келинчегим, тааныштар «эркелетип салдың» дей беришет. Балдарым эмне каалашса ошону алып берем. Бул ашып-ташканымдан эмес. Көңүлдөрү оорубасын, атам эч нерсе алып бербей койду деп мага таарынышпасын дейм. Жашап жаткан ар бир күнүң тарых. Кийин балдарымдан "атаңар кандай эле?" десе, "бизге эч нерсе дечү эмес, жакшы ата болгон" дешсе жакшы эмеспи.
«КОЛУМДАН ЫРДАН БАШКА ЭЧ НЕРСЕ КЕЛБЕЙТ ЭКЕН»
– Ыр деп жүрүп көп нерседен куру каласың. Мисалы, жакындарыңдын тоюн өткөрүп жибересиң же башка иштериң калып кетет. Кээде заказ алган болом, досум да үйлөнүп жаткан болот. Досумду кыя албай куттуктаганы кетип калганда берки той ээлери атайын келип жаман сөздөрүн айтышкан да учурга кез келгем. Ошондо ырчылыкты таштагым келип, көңүлүм ооруп, башка иш менен алектенип көрдүм. Колумдан ырдан башка эч нерсе келбейт экен.
Мурункудай хит ырларды биринин артынан бирин жаратпай жатканымдын себеби жалкоолонуп жаткан чыгармын. Балким, эргүү келбей жатат. Ошентсе да жакшы ыр жазганга аракет кылып келебиз.
Куудул Манас Бердибеков чоңдордун жанына туруп алып «силерди билбейм, элимден айланайын» деген экен. Ошол сыңары минип жүргөн машинамдан тартып, жеп жаткан наныма чейин элимдин тынч жашоосунан көз каранды. Элде тынчтык болбосо концерт коё албайбыз, тойго чакырыктар түшпөйт. Эл бай болсо, биз да байбыз.
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg