«Эркек баш болсо, аял моюн» дешет. Ар бир үй-бүлөдө бирөө моюндун, экинчиси баштын кызматын аткарат. Ал эми ырчы Самара Каримованын бүлөсүндө жубайлар бири-биринин жумушуна кийлигишпейт, бирок колдоо көрсөткөнгө даяр. Кичинекей мамлекетиндеги жагдайлары менен жан шериктер ырчы Самара Каримова жана жолдошу Асан Мансуров өздөрү айтып берсин.
– Самара, Асан байке, редакциябызга куш келипсиздер.
Асан Мансуров: – Рахмат, Самаранын талантынын артынан минтип өлкөбүздөгү абройлуу гезитке маек берип отурабыз. Биз үчүн бул чоң сыймык.
– Асан мырза, Самара менен алгач таанышканда «жубайым болуп калат» деп ойлодуңуз беле?
А.: – Ошол кезде эле Ош драма театрынын жетекчиси болуп иштеп турган кезим. Курманжан датканын 200 жылдыгына карата Бишкекке фестивалга келгенбиз. Ошол фестивалды көргөнү Самара да келип калыптыр. Самара жаныма келип «Асан аке сиз болосузбу, мен Самарамын. Аяш атаңыздын кызымын» деп өзүн тааныштырган. Алгач таанышканда, албетте, жубайым болуп каларын билген эмесмин. Баары буйруктан экен, минтип чыгармачылыктын артынан экөөбүз түтүн булатып калдык.
Самара: – Ооба, бизди театр табыштырды. Кесибимдин артынан өзүмдү түшүнгөн мырзаны таап, эки балалуу болдум. Эгер актриса болбосом, балким, мага мындай бакытты буюрмак эместир, ким билет.
– Бизге экөөңүздөрдүн мамилеңиздер кантип сүйүүгө, андан соң үй-бүлө курууга жеткендиги кызык болуп жатат?
А.: – Мамиленин баары ага-карындаштык сый мамиледен башталды десем болот. Ал өсүп отуруп сүйүүгө, андан соң бизди үй-бүлө босогосуна жетелеп барды.
С.: – Бишкекте окуп жүрсөм Асаке «Ошко кел, туулган күнүңдү өткөрүп берем» деп чакырып калды. Бардым, туулган күнүм да өттү, Бишкекке кайтайын десем үйлөнүү тууралуу сөздүн башын чыгарып, мени көндүргөн. Ошондон ары эле үйүнө алып кетти.
– Асан мырза, Самара макул болобу, жокпу деген кооптонуулар болбой койбосо керек?
А.: – Жок, өзүмө ишенимдүү эле сурагам, анткени кыздарга жагуу жактан тажрыйбам мол эле (күлүп). Эми күмөн ойлор да болгон, бирок мен Самараны түшүнөт деп ойлогом. Өзүнө «биринчи никем менен ажырашкам, 4 жылдан бери бойдокмун, түшүнсөң мага турмушка чык» деп эле айткам. Мына азыр 2 баланын ата-энесибиз, балдарыбыздын кыткылыктаган үнүнүн алдында дарегибизге айтылган сындар суу кечпей калат. Эң башкысы, биз бактылуу үй-бүлөбүз.
– Ошол сындар тууралуу сурагым келип турат...
А.: – Көбү Самараны "өзүнөн улуу кишиге турмушка чыкты" деп сындашат. Тагдыр экен, мурунку жубайым менен ажыраштым, ал азыр турмушка чыгып, өзүнчө бүлөлүү болуп калган. «Самаранын күйөөсү миллионер, ошон үчүн чыкты да» деп мени эчак миллионер кылып койгондор бар. Минтип айткандардын оозуна май, айткандай эле миллионер болуп калайын (күлүп).
С.: – Менин жолдошумдун өзү эмес, жан дүйнөсү миллионер (күлүп). «Байлыгына кызыгып тийген» деген кептерди угуп алып кээде аргасыз күлөм. Мен Асакеге турмушка чыкканда кызыл Тикосу, 3 бөлмөлүү батири эле бар болчу. Учурда Асакенин мурунку никесиндеги балдары менен да жакшы мамиледемин, үйгө келсе наным, чайым, тузум менен тосуп алам.
– Келиндик, күйөө балалык кызматты кимиңиздер жакшы өтөйсүздөр?
А.: – Самара менин туугандарымдын баарын өзүнө имерип алган. Мен жумуштар менен бошобогонгобу, туугандарым Самарага чалып аны менен чечишет, сырдашышат. Тагыраагы, мен бош эмес кезде бийлик Самарада.
С.: – Мен үй-бүлөдө жети кыздын кичүүсүмүн. Негизи кичүү күйөө бала кызмат кылыш керек да, меники уялбай эле төрдү эч кимге бербей отуруп алат (күлүп). Менин туугандарым менен да жакшы сиңишип кеткен.
– Сиздердин үй-бүлөдө ким көбүрөөк кызганат?
А.: – Самара кызганчаак. Бирөөнү көбүрөөк карап койсоң акырын чымчып алмайы бар.
– Коюңузчу, мен сизди көбүрөөк кызганат деп ойлогом?
С.: – Ой, өзү деле кызганат, билдирбейт да бирок.
– Бири-бириңиздерге берген кандай белек өзгөчө болгон?
А.: – Самаранын бир белеги тууралуу айтып берейинби? Биз жаңы үйлөнгөндө пахта кездемеден деп жайында кийчү чолок шым алып келиптир. Карасам 120 пайыз синтетика, ошондон кийин «аа, кийимди Самарага тандатыш керек экен» деп калгам (күлүп).
С.: – Коюңузчу эми (күлүп).
А.: – Чын да, ошондой белек бербегем дечи. Ал эми Самара өзү чөнтөк телефон менен ооруйт, анын жаңы модели чыккан сайын алып берем.
– Кимиңиздер баласааксыздар?
С.: – Асаке балдарына аябай жакын, баласаак. Кызыбыз Даткайымды өзгөчө жакшы көрөт.
А.: – Кыз киши өзү күйүмдүү болот. Мына мен деле жүрөм го Самаранын артынан (күлүп). Апама бир күндө бир чалып абалын сураганга жетишсем, кээде унутуп калам. Буюрса, Самара мага 2 уул, 8 кыз төрөп берсе, Баатыр ата-эне болобуз.
– Самара таарынчаакпы?
А.: – Кээде туура эмес сын же ага жакпаган оюмду айтып алып «таарынып калды бекен» деп турсам такыр билдирбей коёт. Мага ушул сапаты аябай жагат, ой жүгүртүүсү, турмушка болгон көз карашы өтө олуттуу. Мен кол алдымда иштегендерди «үйгө кирип, жеңеңердин чайын ичип кеткиле» деп ээрчитип келе берем. Анан Самара «Мени менен да жалгыз отуруп чай ичкен күнүңүз болобу?» деп таарынып калат.
– Маегиңиздерге рахмат, бактылуу болуп жүрө бериңиздер.
ЖУБАЙЛАР ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
2011-жылы апрель айында баш кошушкан. Барсбек аттуу уулу, Даткайым аттуу кызы бар. Асан Мансуров Ош драма театрынын жетекчиси, Самара Каримова жолдошунун кол алдында актриса болуп иштейт. Самара жолдошунан 23 жаш кичүү. Асан Мансуров кесиби боюнча музыкант. Ош педагогикалык институтунун музыкалык факультетинин аккордеон бөлүмүн аяктаган. Ал эми Самара актриса, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин актрисалык бөлүмүн бүтүргөн.
Лунара Бекиева
star@super.kg