СВЕТ ЖОК БОЛСО ГЕНЕРАТОР ПАЙДАЛАН

ГЭСтен чыккан электр энергиясы жетпеген же тартыш аймактарга жарык жеткирүү үчүн электрстанциянын чакан түрлөрү бар. Алардын бири – күйүүчү май менен иштеп, электр кубатын өндүрүүчү генератор. Эгер сиз да генератор алайын деп жатсаңыз, анда эмнелерине көңүл буруп, колдонууда кандай эрежелер сакталышы керек? Анын адам өмүрүнө коркунучу барбы? Мына ушул суроолорго жоопту төмөнкү макаладан табасыз.

  • Коопсуздук үчүн үйдөн 10-15 метр алыстыкта орнотуңуз. Ошондой эле генератор иштегенде түтүн бөлүнүп чыккандыктан жабык бөлмөгө коюуга болбойт. Аны ачык, шамалдап турган, бирок үстү жабык жайга жайгаштырыңыз.
  • Генераторду иштетпестен алгач бакка майды куюп, анын капкагын жаап, май төгүлүп кеткен болсо кургактап, анан кыймылдаткычын от алдырыңыз.
  • Андан соң гана генераторду жандырып, розеткага приборлордун баарын бир убакта туташтырбай, бирден туташтырыңыз.
  • Күнүнө 24 саат иштетүүгө болот. Бирок мунун аралыгында 10 саатта бир жолудан 10-15 мүнөткө эс алдырып туруу сунушталат.
  • Иштөө мөөнөтү колдонууга жараша болот. Өз убагында майын, тийиштүү тетиктерин алмаштырып турса, 10 жылдан ашык кызмат кылууга жарайт.
  • Жайында, күн ысыкта генераторду көлөкөгө жана шамалдап турган жерге коюу зарыл. Шамал жок болсо желдеткич коюп иштетүү сунушталат. Себеби жайдын күнү бензин көбүрөөк буулангандыктан, кокус учкун болуп кетсе, өрт чыгып кетүүсү мүмкүн.
  • Бензиндин арзан түрүнө качырып куюу сунушталбайт. Ал генератордун иштөөсүнө терс таасирин тийгизип, эрте бузулуусуна алып келет.

САТЫП АЛУУДАН МУРДА КУБАТТУЛУКТУ ЭСЕПТЕ
Генераторлордун бир нече түрү бар. Алардын ичинен бүгүн биз сөз кылуучу түрү күйүүчү май менен иштеп, 0,5 киловаттан 2000 киловаттка чейинки кубаттуулуктагы электр энергиясын чыгарган генератор. Генератордун аки-чүкүсүнөн бери жаттап бүткөн АЛМАЗ мырза аны сатып алууда эмнеге көңүл буруу керектигин айтып берди:
– Генератор алууда алгач иштете турган электр приборлорду жана алардын кубаттуулугун эсептеп чыгуу керек. Себеби электр приборлоруна пайдаланууда генератордун 70 пайыз кубаты колдонулуп, калган 30 пайызы электр кубатынын электр зымынан өтүүсүн камсыздоо үчүн резервде турушу керек. Эгер бирге бир болуп калса генератор да, иштетиле турган электр приборлор да туруштук бербей өрттөнүп кетиши мүмкүн. Тактап айканда, үйүңүздө 5 киловатт керектөө болсо, 7-8 киловатт кубаттуулуктагы генератор керек. Үй шартында пайдаланууга кубаттуулугу 2 киловаттан 10 киловаттка чейинки, бензиндин 92-түрү менен иштей турган генераторлор ылайыктуу. Жалпак тил менен айтканда 2 киловаттык генераторго 3 лампа, 2 сыналгы жана муздаткыч туташтырып иштетсе болот. Бул саатына 0,9 литр май сарптайт жана анын багына 15 литр май батат. Мындай чакан генераторлордун баасы Бишкек шаарында 20 миң сомдун тегерегинде.

ТҮРЛӨРҮ
Суюк отундар менен иштетилип, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздай турган генераторлор үч түргө бөлүнөт. Алар бензин, дизель жана газдын жардамы аркылуу электр тогун иштеп чыгат.
Бензин менен иштөөчү генератор. Анын көлөмү чакан жана кыска мөөнөткө, электр энергиясы жок маалда гана пайдаланганга ылайыкташкан. Ал автоунаанын аккумулятору менен шаймандарды кубаттандырууга, жарык берүүчү лампаларды иштетүүгө жарайт. Кемчилиги катары үзгүлтүксүз, көпкө чейин электр энергиясы менен камсыздоого күчү жетпестигин жана ал сарптай турган суюк отундун баасынын кымбаттыгын айтсак болот.
Дизель менен иштөөчү генератор. Көп убакытка чейин электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздай алат. Мунун артыкчылыгы анын кубаттуулугунда жана көп убакытка чейин кызмат көрсөтүүсүндө. Ошондой эле дизелдин баасы бензинге салыштырмалуу арзан. Бирок баасы жагынан бензин менен иштей турган генератордон кымбатыраак келет.
Газ менен иштөөчү генератор. Дайыма электр энергиясы менен камсыздоого күчү жетет жана экологиялык жактан айлана-чөйрөгө тийгизген зыяны аз. Эң негизги артыкчылыгы газдын баасынын өтө арзандыгы.

  • Кубаттуулугу 1 киловаттка чейинки генератор эс алуу үчүн тоого, талаага чыкканда колдонууга ылайыктуу.
  • 2-4 киловаттыктарды электр энергиясы аз колдонулуучу чакан үйлөргө тандоо керек.
  • 5-10 киловаттыктар – көп тиричилик техникаларын иштетүүгө, курулуш иштерине колдонууга жарайт.
  • 10 киловаттан жогорулары кеңселерде, өндүрүш ишканаларда пайдаланылат.

ГЕНЕРАТОРДУН ТАРЫХЫ
Электр энергиясын иштетип чыгаруучу жөнөкөй түзүлүштөгү алгачкы жабдуу англиялык физик Майкл Фарадей жана франциялык физик Ипполит Пикси тарабынан 1831-1832-жылдары иштелип чыккан.
Ал эми өндүрүштө колдонууга ылайыкталган ири генератор 1839-жылы кураштырылган.
1882-жылы генератордун кубаттуулугун күчөткөн чоң эки фазалуусун Фарадейдин жердештери Жеймс менен Генри Гордон курап чыгышкан.
1981-жылдан тарта бул жабдуунун бир нече түрү чыгарыла баштаган.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 622, 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан