Күздүн алгачкы күндөрүндө Ысык-Көлдө болуп өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүткүл дүйнө жүзүнө жаңылык болду. Оюндардын жыйынтыкталганынан бери бир канча жума өтсө да, элдин арасында бул саамалык тууралуу дале сөз токтой элек. Көчмөн калктардын каада-салттары, маданияты жана оюндары чагылдырылган иш-чара биздин эле эмес, чет өлкөлүктөрдүн да кызыгуусун жарата алды. Анын катарында жалындап күйүп ат чаап бара жаткан чабандестин сүрөттөрү дүйнө жүзүндөгү ири басылмаларда «күндүн фотосу» аталган.
«АТ ЧААП БАРАТКАНДА БҮТ ӨМҮРҮМ КӨЗГӨ ТАРТЫЛДЫ»
Аталган оюндардын ачылуу аземинде жана Кырчын жайлоосундагы Маданият фестивалында жөнөкөй адам аткара алгыс көрсөтүүлөрдү жасаган каскадёрлордун өнөрлөрү элдин назарын бурду. Алардын ар бир көрсөткөн трюктары кылдаттык менен даярдалган. Ошондой эле көчмөн эл эзелтен тайманбас, эр жүрөк келишерин мына ушундай трюктарда чагылдырып, аталган саамалыктын көркүн ача алышты.
Бизде эле эмес, бүтүндөй дүйнө, интернет баракчаларында кызуу талкуу жараткан «отко күйгөн чабандес» аткаруусун Асан Казакбаев, Медер Закиров, Эрлан Курманбек уулу жана Кубан Таалайбек уулу аттуу 4 каскадёр ойдогудай аткарышты. Өзү жаш болсо да, өмүрүнө коркунуч туудурган көрсөтүүнү жасагандардын бири Кубан Таалайбек уулу бул тууралуу пикир бөлүштү:
– Салам, Кубан. Көчмөндөр оюндарына кандайча катышып калдың?
– Көчмөндөр оюндарына Каскадёрлор федерациясы аркылуу катышып калдык. Жалпысынан биздин командада 30дан ашуун жигиттер болду. Ачылуу жана жабылуу аземинде Кырчын жайлоосундагы фестивалда жигитовка, пирамида жана отко күйгөн чабандес өнөрлөрүбүздү көрсөттүк.
– Аталган федерация эмне иш алып барат?
– Бул федерация өлкөбүздүн бардык каскадёрлорун бириктирип турат. Учурда 40ка жакын каскадёр бар. Жетекчибиз Рахат Бердикеев. Бардыгыбыз айтылуу Үсөн Кудайбергеновдун шакирттерибиз. Федерациянын жигиттери чет элдик «Көчмөн», «Менин балалыгымдын асманы» аттуу кинолорунда каскадёрлук кылып тартылышкан. Ошондой эле жакында чыккан «Курманжан датка» тасмасына катышып, андагы жоокерлер согушуп жаткан бардык учурларына тартылдык.
– Көчмөндөр оюндарына кандай даярдык көрдүңөр? Машыгууларга канча убакыт сарпталды?
– Оюндарга чейин Бишкектин четиндеги Ала-Тоо совхозундагы ипподромдо 1 ай машыгууларды өткөрдүк. Катышкан аттардын саны 25ти түздү. Алардын жарымы өзүбүздүкү болсо, калганын уюштуруучулар беришти. Трюк аткаруу үчүн өзүң эле мыкты формада эмес, атың да мыкты болуусу кажет. Трюктар оңой көрүнгөнү менен дыкаттык менен иш алып барбасаң, оор жаракат алуу коркунучу бар. Сүйүндүргөнү, бул оюндарда эч кимибиз оор жаракат албай, бардык оюндарыбыз ойдогудай болду.
– Каскадёрлук менен качантан бери алектенесиң?
– Кичинемден эле атка жакын болуп чоңойдум. Ошондой эле көк бөрү боюнча айылымдын командасында ойноп келем. Көптөн бери каскадёрлукту аркалап жүргөн байкелер көчмөндөр оюндарынын алкагында өтчү фестивалга мыкты чабандес жигиттер керектигин айтып калышты. Абдан кызык көрүнүп, катышууга мен да суранып алгам.
– Ден соолукка залал туудурган трюкка катышыптырсың, коркуу сезимдер болбой койбосо керек?
– Бул номерди кезинде айтылуу Үсөн Кудайбергенов аткарып келген экен. Мен алгачкы ирет барганымданбы, айтор, коркпой эле катышып алыптырмын. Көрсө, аткаруу оор экен. Алгач атайын тез күйүп кетпеген кийимдерди, башыбызга шлем кийдик жана ачык жерлерибизге ылайдан шыбандык. Артыбызга от тамызган соң күйгөн боюнча ат менен 15-20 метрдей чаптырып бардык. Бир канча мүнөткө чаптырганыбыз биз үчүн бир күнгө тете болду. Чынын айтайын, күйүп бара жатканда бүтүндөй өмүрүм көзгө тартылды. Оттун жалынын мындан билиңиз, бизден 15-20 метр аралыкка да катуу ысык уруптур.
– Ар бир трюк терең маанини камтыйт. Ал эми отко күйгөн чабандес эмнени чагылдырат?
– Бул аткаруу жоокерлер заманындагы согуш учурунда психологиялык чабуул көрсөтүүсүн чагылдырат. Бул көчмөндөр калкынын согуш тактикасы болгон. Анда отко күйгөн бир канча чабандестер душмандар тарапка чаптырып, аларды чакчелекейге салышкан. Анан алар дендароо боло түшкөн соң арттан жоокерлер чабуулга өтүшкөн.
– Жаракат алып, дене мүчөлөрү күйбөй койгон жок болсо керек?
– Ар бир номердин аткаруу техникасы болот. Кайсы жерден кандай кылуу керектигин тажрыйбалуу агайлар үйрөтөт. Аларды туура аткарсаң, эч кандай жаракат албайсың. Бирок майда жараат, күйүктөрдөн куру калган жокпуз.
– Учурда бул сүрөттөр интернет булактарында өтө белгилүү болууда. Алсак, оюндар өткөн убакта АКШнын «Уолл стрит журнал» менен «Вашингтон пост»
басылмалары бул сүрөттөрдү «күндүн фотосу» деп атаган...
– Бул тууралуу сиздерден биринчи угуп жатам. Ооба, сенин сүрөтүң дүйнө жүзүнө тарап жатса жагымдуу. Бирок бетибизге ылай шыбалып, жүзүбүз таанылбай калыптыр. Ошондой эле көчмөндөр оюндарынан кийин айылымда жылдыз болуп жүрөм. Буюрса, кинодо да каскадёрлук кылсам деген тилектерим бар.
– Өзүң жөнүндө айтып өтсөң?
– Өзүм Токмоктун кулунумун. Жашым 20да. Үй-бүлө күткөм. Бир баланын атасымын.
– Маегиңе рахмат!
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg