Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык балбандар азыркы тапта 1 күмүш, 3 коло медалга ээ болушту. Эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта Эламан Догдурбек уулу жана грек-рим күрөшүндө 80 килограммдык бөлүктө Жанарбек Кенжеев коло байгеге илиништи.
Ал эми 97 килограмм салмакта күрөшкө чыккан Магомед Мусаев финалдык беттешке чейин жетип, анда атаандашы ирандык Реза Язданиге жеңишти тарттырып жиберди. Жыйынтыгында күмүш медаль.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg