Кыргызстандык кикбоксчулар 23-28-сентябрь аралыгында Орусиянын Анапа шаарында өткөн Дүйнө кубогунда 6 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медаль багындырып, командалык эсепте 1-орунду камсыздашты. Бул мелдеште Аброр Хакимов, Уланбек Касымбеков, Авазбек Аманбеков, Икбол Фозилжон уулу, Сыргак Сагымбай уулу жана Кубан Абдраимов алтын медаль тагынышса, Даврон Ахмаджанов, Шайлообек Атазов, Кумар Жалиев, Олжобай Кудайберди уулу, Алексей Федосеев күмүш медалга татышты. Ошондой эле Радик Воинов, Адилет Бекжан уулу, Таласбек Нургалиев жана кыз-келиндер арасында Ясмина Ибрагимова менен Шахриза Халилова коло байге алышты.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg