КЕЧ КҮЗДӨГҮ ДААМДАР

Жер төлөдө жыйылган салаттардын түрү кожойкенин ашканада мыктылыгын айгинелейт. Анда эмесе, мыкты кожойкелердин салат куржунун төмөнкү рецепттер менен толуктайбыз.

КӨК ПОМИДОРДОН САЛАТ
Керектелүүчү азыктар:

  • Көк помидор – 3 килограмм
  • Пияз – 4-5 даана
  • Болгар калемпири (кызыл, сары, жашыл түстө) – 5-6 даана
  • Сабиз – 4-5 даана
  • Өсүмдүк майы – 200 грамм
  • Алма уксусу – 100 грамм
  • Кумшекер – 4 аш кашык
  • Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
1. Пияз менен сабиздин кабыгын аарчып, болгар калемпирлерин данегинен тазалап алабыз.
2. Пияз, сабиз, болгар калемпирин, помидорду тазалап-жууйбуз.
3. Сабизди жоон тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз.
4. Пиязды жарым шакекче, болгар калемпирин узун-узун ичке, помидорду шакекче кылып туурайбыз.
5. Тууралган жашылчалардын баарын чуңкур идишке салып, ага май, кумшекер, уксус, туз кошуп аралаштырып, 15-20 мүнөт тыныктырып коёбуз.
6. Салатты алдын ала бууланган 1 литрлик банкаларга салып, идиште калган ширесин бөлүштүрүп куябыз.
7. Чуңкур идишке банкаларды салып, сыртынан 30-35 мүнөт кайнатабыз.
8. Банкалардын капкагын бекитип, көмкөрүп, жылуу ороп коюңуз.

«КЫШ КОЖОЮНУ»
Керектелүүчү азыктар:

  • Бадыраң – 5 килограмм
  • Пияз – 1 килограмм
  • Укроп – 1 боо
  • Уксус (9%) – 100 грамм
  • Кумшекер – 4 аш кашык
  • Туз – 2 аш кашык
  • Кара тоголок мурч – 5-6 даана

Даярдоо ыкмасы:
1. Бадыраңды 1 саат муздак сууга чылап коюу керек.
2. Бадыраң менен пиязды жууп, жарым шакекче кылып кесебиз да, чуңкур идишке салып, туз кошуп аралаштырып, ширеси бөлүнүп чыккыча 30 мүнөт коюп коёбуз.
3. Укропту таза жууп, каалаган формада туурайбыз.
4. Сырдалган мискейге кара тоголок мурч, уксус, кумшекерди салып аралаштырабыз. Үстүнө бадыраң менен пияз аралашмасын, укропту кошуп жай отко кайнагыча коёбуз.
5. Кайнап чыгары менен оттон алып, алдын ала бууланган банкаларга салабыз да, үстүнө мискейде калган ширесин куябыз.
6. Банкалардын оозун бекитебиз. Кыртылдаган бадыраң кышка даяр!

КИМЧИ
Керектелүүчү азыктар:

  • Пекин капустасы – 2 даана
  • Сарымсак – 5-6 тишче
  • Чили калемпири – 500 грамм
  • Сабиз – 300 грамм
  • Кумшекер – 1 чай кашык
  • Туз – татымына жараша
  • Имбирь (тамыры) – 50 грамм

Эскертүү: Бул азыктарга кошумча сельдерей, көк пияз кошсоңуз болот, ага жараша капустанын өлчөмүн көбөйтөсүз.

Даярдоо ыкмасы:
1. Капустаны жууп-тазалап, тең экиге узатасынан бөлүп, чуңкур идишке салабыз.
2. Муздак суунун 1 литрине 1-1,5 аш кашыктан туз салып, капустаны көмгүдөй өлчөмдө даярдап алабыз. Туздуу сууну капустанын үстүнө куюп, оор нерсе менен бастырабыз. 1 күн тыныктырып коюу керек.
3. 1 күндөн кийин капустанын ичине салынчу аралашманы даярдап алабыз. Калемпирди, сабизди, сарымсакты эт туурагычтан, имбирди сүргүчтөн өткөрүп алабыз. Баарын идишке салып, 0,5 чай кашык туз, кумшекер кошуп аралаштырабыз.
4. Капустаны туздуу суудан алып чыгып, жалбырактарынын арасына аралашманы сүйкөйбүз.
5. 2 бөлүгүнө тең аралашма сүйкөлүп бүткөндө капустаны кайра бириктиребиз.
6. Капустаны сырдалган же айнек идишке салып, калган туздуу суудан бир аз куюп, үстүн оор нерсе менен бастырып коёбуз.

Айымдар, сизде тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында «Кожойкенин бурчу» рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо (0312) 32-33-26 номерине чалып же kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз болот.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
aruuke3
2014-10-06 12:38:42
кок памидорго Капустада кошсо болобу?
0
admin_superstan
2014-10-06 12:52:34
aruuke3, саламатсызбы!
Рецепт боюнча жасоону сунуштайбыз.
0
baybolot
2014-10-07 01:15:17
кимчи корейстердин любимый тамагыда биздикилерда жей алышат бекееееееееееен
0
Anisaydan
2014-10-10 12:17:11
baybolot, мен кимчини аябай жакшы коруп жейм
0
timameka
2014-10-07 15:16:36
кок памидорго алма уксусу эмес башка уксус кошсо болобу?
0
admin_superstan
2014-10-07 15:42:13
timameka, саламатсызбы!
3-6% уксустан 100 грамм кошсоңуз болот. Бирок алма уксусу өзгөчө даам берет.
0
№ 622, 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан