Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси: «БИЗДИН ӨЛКӨЛӨР МЕНЕН НАЗАРАЛИЕВДИН МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОРУНУН ОРТОСУНДАГЫ БАЙЛАНЫШТАР БЕКЕМДЕЛМЕКЧИ»

Шейшембиде, 30-сентябрда Сауд Арабия падышалыгынын Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалдар боюнча жана толук ыйгарымдуу элчиси Абдурахман бин Саид аль-Жума «Акыл-эс баңгизаттан тышкары» Дүйнөлүк Лигасынын президенти, профессор Жеңишбек Назаралиевдин чакыруусу боюнча анын медициналык борборунда болду.
«Мен клиниканын техникалык базасын карап чыгып, мында дүйнөдөгү эң алдыңкы делген технологиялар колдонулуп жаткандыгына күбө болдум»,- деп белгиледи Саид аль-Жума.
Ардактуу конок «Сен дүйнөгө керексиң» кайрымдуулук акциясын жогору баалады.
Аталган акциянын алкагында Бүткүл дүйнөлүк лига ай сайын 23 араб өлкөсүнүн биринен наркомания менен ооругандардын арыздарын чогултуп, анан ар өлкөдөн бирден
наркоманиянын эң оор формасындагы пациентти Кыргызстанда бекер дарылоого чакырат.
Бүткүл дүйнөлүк лиганын расмий сайтында (www.outofdrug.org) реабилитациянын орчундуу жерлери тартылган видеороликтер камтылган. Сауд Арабиясы, Алжир, Германиядан келген пациенттер менен кездешкен соң Саид аль-Жума: «Мен оорулуулар менен сүйлөштүм, дарылоо аларга жагат экен, көпчүлүгү айыгып кетишиптир. Алар жакшы дарылоодон өтүшкөнү айкын болууда»,- деген пикирин билдирди.
Сентябрдын башында Назаралиевдин борборуна «Сен дүйнөгө керексиң» долбооруна катышкан биринчи оорулуу келип түшкөн. Сауд Арабиясынан келген оор абалдагы пациент баңгизаттарын 25 жылдан ашык убакыттан бери колдонуп келген. Сауд Арабиясынын элчисинин визитине туш келген бул күнү 39 жаштагы Тамир Мухаммад Абдуллах Рокондун дарылануу курсу аяктап, ал жерден чыкты.
«Мен врачтардын баарына мага туура жолго түшүүгө мүмкүнчүлүк бергендиктери үчүн рахмат айтам. Көп ирет дарыландым, бирок мени анык дарылаган ушул жер болду»,- деп айтты Тамир. Айта кетсек, Тамирдин өмүрү үчүн аталган медициналык борбордун врачтары 4 апта активдүү күрөшүштү.
«Сауд Арабиясы менен медициналык борбордун ортосундагы байланыш бекемделе берет жана биз ар тараптуу кызматташабыз деп ишенем»,- деди Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалдар боюнча жана толук ыйгарымдуу элчиси.
Элчи ошондой эле дүйнөнүн ар бурчунан келчү зыяратчылар өз ооруларына даба издеген ыйык тоо Таштар-Атадагы мечиттин курулушуна катыша тургандыгын билдирди. Сауд Арабиясы комплексти кеңейтүүдө салым кошо турган алгачкы өлкө болуп калат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 622, 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан