Бишкек шаарындагы №39-мектептин ашканасынын оңдоп-түзөө иштерин жасап жаткан 49 жаштагы Абды аттуу жаран өзүнө жардам берип жаткан кызды зордуктаган. Экинчи ирет айбандык ишин баштаарда жардамчы кыз аны бычак менен сайып өлтүрүп алган.
«КАРООЛЧУ ТҮРТКҮЛӨСӨМ АРАҢ ОЙГОНДУ»
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну, 22 жаштагы Кыял (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) көр оокаттын айынан 700 сомго иштейм деп зордукталып, зордукчуну өлтүрүп, эми өзү бул кылмыш үчүн жооп берип жаткан чагы. Окуя туурасында Кыялдын суракта айткан баяндоосу:
– Бишкекке иштегени келгениме 10 күн болду, Мээрим аттуу тааныш кыздын үйүндө турчумун. Иш жок болгондуктан үйдө эле жүргөм. Окуя болгон күнү Мээрим «Абды байке менен иштеп көрүңүз, мен мурда аны менен иштешкем» деди. Абды байкенин жумушуна мени менен бирге жашаган Дамира эже да жардам берип жүрчү экен. Ошол күнү кол кабыш кылам деп 500 сом алыптыр. Эже бошобой калып «менин ордума сен барып иштеп тур, 23:00гө чейин иштейсиң» деди. Мен макул болдум. Абды байке мени үйдөн алып кетти. 39-мектептин ашканасынын бир жерине тосмо кылып дубал тургузуп жаткан экен. Аны бүтүрүп, актады. Мен полдорду жууп чыктым. Саат 23:00 болгондо «мен кеттим» десем, «дагы бир аз жумуштарды бүтүрүшүп кой, 700 сом берем» деди. Аларды бүтүргөн соң кетейин деп таза кийимдеримди кийип жатсам бөлмөгө кирип келип, ичинен бекитип алып мага асыла баштады. Кыйкырсам, эч ким келбеди. Каршылык көрсөткөнгө күчүм жетпей койду, ал мени зордуктап салды. Анан дагы зордуктайын деп жатканда коркуп кетип мештин үстүндө турган бычакты алып көкүрөк тушуна сайып жибердим. Качып чыгып, кароолчуга барып жарыкты күйгүзгөнүмдө гана көзүн ачты. Ага болгон окуяны айтып, милиция менен «Тез жардамга» кабарладым. Мындай болуп кетерин билген эмесмин.
«3500 СОМГО ЭЧ КИМ ИШТЕБЕЙТ ЭКЕН»
Кароолчулук кызмат сергек адамдардын жумушу. Кыялдын айтуусунда, кароолчу болуп иштеген кишинин эки кулагы жакшы укпайт. «Кулагы укпаса кантип кароолчу болот?» деген суроо жаралып, окуя болгон мектепке бардык. Директору Мавлюда Халикова буларга токтолду:
– Абды биздин мектептин майда-барат жумуштарын кылып берчү. Мектептин ашканасын ижарага беребиз. Ал жактагы иштерге мен аралашпайм. Кароолчу боюнча айта турган болсом, ал пенсионер киши. 3500 сом айлык алат. Бул суммага кулагы жакшы угуп, көзү жакшы көрүп, жакшы баскандар иштебейт экен. Андайларын да таап келип иштеткем, бирок көп ичип, жумушун так аткарбай, кыздарды алып келип чардагандар болгондуктан кетирип салып, ушул пенсионерди иштетип жатканбыз. Бул киши жакшы укпаганы менен, бизге тийиштүү жумушун так аткарат. Кароолчу менен күзөтчүнүн айырмасы бар.
«ЖАКШЫ КИШИДЕЙ КӨРҮНГӨН»
Мектеп директорунун сөзүнөн соң ашкананы ижарага алып иштетип, маркум Абды мырзага жумуш кылдырткан МИРА айым менен байланышсак, ал төмөнкүлөрдү жооп берди:
– Мен ал ашкананы ушул жылдын 1-сентябрынан баштап иштете баштадым. Ошондо жумушка келсем, Абды байке мектептин бир эшигин оңдоп жатыптыр. Жакшы эле кишидей көрүнгөн. Биз түшкү саат 14:00дөргө чейин иштейбиз, андан кийин Абды байке оңдоп-түзөө менен алек болчу. Ишеничтүү сүйлөгөндүктөн ага ачкычты таштап кетер элем. Иштегенине үч күн болгондо мына ушундай окуя болуп жатат. Жардамчысыз жалгыз иштеп жатам деген эле.
Учурда кылмышка шектүү Кыял убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жаткан чагы. Кыялдын зордукталганы туурасындагы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккан. Коомчулукта бул тууралуу «Кызга жеңилдик берилиши керек. Ал өзүн коргоо үчүн мындай ишке барган» деген пикирлер айтылууда.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg