19 ЖАШТАГЫ КЫЗ ЗОРДУКТАЛЫП, АНДАН СОҢ МУУНТУЛУП ӨЛТҮРҮЛГӨН

Жогорудагы окуяда жабырлануучу өзүн зордуктаган адамды өлтүрүп алса, төмөнкү окуяда болсо зордукчу курмандыгын өлтүрүп салган. 19-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндөгү жаңы курулуп жаткан имараттын жер төлөсүнөн 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ТАЖИКСТАНДАН КАРМАЛДЫ»
Октябрь РИИБинин кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп Чүй облусунун Панфилов районунун Болот Иманкулов аттуу 22 жаштагы тургунун аныкташкан. Кылмышка шектелип жаткан бала Тажикстандан кармалды. Коркунучтуу жана кейиштүү бул кылмыш иши туурасында Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматкери МЫРЗАБЕК ТОКТОСУНОВ буларга токтолду:
– 19-сентябрь күнү эртең мененки саат 8дер чамасында нөөмөт бөлүмүбүзгө шаарыбыздын Ибраимов көчөсүндөгү жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн жер төлөсүнөн киши колдуу болгон 18-19 жаштагы кыздын денеси табылгандыгы туурасында маалымат келген. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал Мира деген Жумгал районунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталган. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталып, муунтулуп өлтүрүлгөндүгүн тастыктады. Бул кылмышка шектүү катары Болот Иманкулов аттуу Панфилов районунун тургуну изделип, Тажикстандын орган кызматкерлеринин жардамы менен колго түшүрүлүп, Кыргызстанга алынып келинди. Болот Иманкулов кылмышын моюнуна алды. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.

«КОКУСУНАН МУУНТУП ӨЛТҮРҮП АЛДЫМ»
Кылмышка шектүү 22 жаштагы БОЛОТ ИМАНКУЛОВ төмөнкүчө көрсөтмө берген:
– Мира аттуу кызды өлтүрүп алдым. Мас абалда колум менен муунтуп өлтүрдүм. Досторума жолугуп, коньяк ичкен болчумун. Анан мен, Эрлан деген досум, анын классташ кызы жана Мира төртөөбүз чогуу кечинде шаар айландык. Кийин мен иштеген курулуш жүрүп жаткан имаратка келдик. Эрлан классташ кызы менен биринчи кабатта отурган, мен Мира менен жер төлөдө элем. Аны зордуктоого барганымды билбей калдым. Анын айынан Мира экөөбүз чырдаша кеттик. Кокусунан муунтуп өлтүрүп алдым.

Зордуктоо эң оор кылмыштардын бири. Анын арты өлүм, темир тор артындагы оор жаза аткаруу менен аяктап жатса да мындай кылмыштын аягы суюлбай келүүдө.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Студент кызды зордуктап, муунтуп өлтүргөн
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Mir82
2014-10-06 10:55:58
Олум жазасын киргизиш керек, демократиянын мекенибиз деген америкада да бар бул жаза. Болбосо азайбайт бул кылмыш
0
Begai.93
2014-10-08 00:42:44
Mir82, сизге кошулам 5+
0
Nurmuxammet
2014-10-06 16:18:28
Кыздар түнкүсүн балдар менен көбүрөөк жоолуккула.
0
kenje7777777
2014-10-06 18:54:00
Бул кыз Жумгалдын кайягынан экен?
0
gulsan
2014-10-07 10:14:19
Озуно бек бол, Кошунанды ууру тутпа!Ичимдик ичкен бала менен кечинде шаар айланганга балаа барбы? темболее бутпогон имаратка баратканда да башына жетпедиви кыздардын? Оздору кыйшандап жон журбойт азыр кыздар!
0
FSB
2014-10-08 03:03:20
gulsan, tem bolee, jetpedibi dep tuura jazsan.
-1
Bandit_bala
2014-10-07 21:07:01
kyzdar kechinde baldar menen kop jursonor azaiat uwundailar
0
admin_superstan
2014-10-08 09:43:38
gulsan, жеке айтышууларга жол жок! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
rus.sayk
2014-10-08 19:51:35
Жаман болуптур. жакшы журмок бар жакшы олмок жок...... Эми мындай кылмышкерге элдик сот болгону туура. антпесе мыйзамды баарыбыз билебиз, жаза женил берет. Анан 3 жылдан кийин зонадан палаженец болуп чыга калат жаш балдарга "улгу" болуп.
0
marselnursel
2014-10-08 21:13:09
Кунаажын козун сузбосо бука жибин узбойт.....чындыгында азыр кыздардын пейли бузулган. Бул абдан окунучтуу...кудайыман балдарыма ыйман жана ден соолук сурайм.
+1
Murok
2014-10-09 14:18:52
Ал уйго мине издеп барам? Ыйман бер , жараткан
0
gulniza1988
2014-10-24 15:33:11
Jaman boluptur,jaw kyz eken tunu i4ken baldar menen andai jerge baryp emne kylat,ar bir ata ene kan4alagan kyin4ylyk mn,jakwy oi tilek maksat mn baldaryn osturot,al kyz student eken ata enesi any okutup,aga iwenip waarga jiberdi,mojet bala da iwtep je okup jurgondur.i4kilikten 1da paidasy jok.kudaiym baarybzga yiman ynsap bersin!
0
Nurmatova
2014-12-02 22:58:35
Зоокурлорду олум жазасына тартса жакшы болмок.......
Турмодо бекер бакпай.......
0
№ 622, 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан