Бий менен бүтүндөй Кыргызстанды гана эмес, дүйнөнү багындырып келаткан бийчи Атай Өмүрзаков командасы менен кезектеги бийиктикти багындырды. Ал өзү түптөгөн «Тумар КР» тобу менен биргеликте Германиянын Висбаден шаарында өткөн «Das Supertalent» сынагынын 8-сезонуна катышып, түз эле финалга жолдомо алды.
– Атай, куттуктайбыз! Силердин жараткан ийгилигиңер үчүн абдан кубанычтабыз! Кепти силер багындырып келген сынак тууралуу баштасак. Кандайча сынакка катышып калдыңар?
– Рахмат, жакшы болот. Биз барган сынак Германиядагы эң популярдуу долбоор экен. Сынактын уюштуруучулары өздөрү мага байланышып, катышууну суранышкан эле. Мен аларга «Тумар КР» тобунун видеосун жибергенде топту да чакырышты. Ошентип чогуу номер даярдап, катышып келдик.
– Калыстарды таң калтырган бул номерди канча убакытта даярдадыңар?
– Бул номерди мурун «Тумар КР» тобу бийлечү. Сынак үчүн бир аз өзгөртүү киргизип, 4 балага ылайыкташтырганбыз. Айта кетчү нерсе, топтогу 3-бийчи бала жаңы кошулду. Аты – Баяман. Аны мен бир жыл мурун Оштон тапкам. Ошко жумуштар менен барсам, бир бала «Сизге бийлеп берейинби?» деп калды. Анын бийлегени балдарга анча деле жаккан жок. Мен анын потенциалы бар экенин байкап, «Бишкекке кел, сенин батириңе, бүт баарына каражат берейин» деп чакырып алдым. Баяман келип, биз менен даярданып жүрүп, жарым жылда абдан өстү, жогорку деңгээлге жетти. Топто ага чейин эки бала алмашкан, анын биринчиси да, экинчиси да мындай бийлей алышчу эмес. Мурун мындай бала жок болчу, чындыгында.
– Калыстар тобу силерди дүркүрөтө кол чаап, колдоп, арасында көзүнө жаш алгандары да болду. Бийиңер ушундай таасирдүү болот деп күттүңөр беле?
– Сынакка Германиядагы атактуу инсандар «Modern Talking» тобунун солисти Дитер Болен, немис модель, дизайнерлери калыстык кылды. Модель жана хореограф Брюс Дарнелл алгач биздин кайсы мамлекеттен келгенибизди түшүнбөй жатты. Мен да орусча же англисче сүйлөгүм келген жок. Алар түшүнбөсө деле эне тилимде өзүбүздү тааныштырдым. Сөзүмө түшүнө бербеген алар баштай бергиле дешти. Бийлеп бүткөндөн кийин сөздүн деле кереги жок болуп калды окшойт. Модель мырза ыйлап жиберди. Абдан толкунданткан учурлар кесилип кетиптир. Көрүүчүлөр бизди кетирбей кол чаап, кайра бийлеп бергиле деп суранып 15-20 мүнөттөй кармап турушту.
– Анан да силерге дароо финалга жолдомо беришкендери сыймык жаратты...
– Ооба, биздин бийибизге баа беришти, чынында. Ошол жерде «келгиле, баш байгеге коюлган 100 миң еврону силерге эле берип салалы» деп жатышты. Анан кайра эрежеге баш ийишибиз керек деп, бизге жарым финалга катыштырбай туруп түз эле финалга жолдомо беришти. Финал декабрда Германиянын Кёльн шаарында болот. Кыргызстанда даярданганга жакшы шарт болбогондуктан, Украинага баралы деп жатабыз. Ал жакта тааныштар бар. Буюрса, декабрда өтчү финалга катуу даярдык көрөбүз.
– Жалпысынан канча атаандаш бар эле?
– Негизи, ушул сезонго бул жылы катышкан таланттардын саны 46 миң болуптур. Дүйнө жүзү боюнча чогулгандыктан таланттар көп болчу. Бирок бизде да өзүбүзгө ишеним бар эле. Баш байге фонду 100 миң еврону түзүп, Лас-Вегаска жолдомо берилет экен. Биздин ал жакта бийлеген бийибиз интернетке жүктөлгөндөн кийин бир саатта эле
100 миң киши карап, 5000ге жакын комментарий жазылды. Мындай кароо долбоордун тарыхында болгон эмес экен. Ал жактан да алдыңкы көрсөткүчтө турабыз.
– Рахмат маегиңе, Атай. Декабрда барып, жеңиш менен келишиңерге тилектешпиз. Ийгилик силерге!
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg