«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» БААРЫН БАШЫНАН БАЯНДАП БЕРЕБИЗ

Бул жолку баяндама Михримах султан менен Рүстем паша тууралуу болот. Михримах үчүн курулган мечиттердин керемети эмнеде? «Адамдын жолу ачык болсо, анын бити да ишке жарайт» деген сөз Рүстемдин окуясынан улам аңызга айланганын билесизби?

ТӨРТҮНЧҮ СЕЗОН
116-118-сериялар:

СУЛЕЙМАН МУСТАФАНЫ АКЫРКЫ ЖОЛУ КЕЧИРЕТ
Хүррем Баязид башчылык кылган Күтахьядан Стамбулга кайтып келип, Сулеймандан кечирим сурайт. Ошондой эле Хүррем Баязид менен Хурижихандын жашыруун сүйүүсүн билип калып, паргалык Ибрагимдин кызынын Күтахьядан кетүүсүн талап кылат. Хурижихан Баязиддин жанында калуу үчүн Мустафанын Хызыр Хайреддин пашанын кызы Михриниса менен тымызын нике кыйып алгандыгы тууралуу сырын айтып салат. Бул аралыкта экөө уулдуу болушуп, Мустафа ыраматылык инисинин урматына атын Мехмет коёт. Кабар бат эле Сулеймандын кулагына жетип, ал Персия жүрүшүнүн алдында «такты Мустафага аманат кылып таштайм» деп кабыл алган чечиминен кайтат. Султан чоң уулуна «мен сени акыркы жолу кечирип жатам, мындан ары кетирген катачылыктарың үчүн жаза тартууң керек болот» дейт.
Падышанын ордунда убактылуу башкаруучу болуп Селим дайындалат. Хан сарайга келгенден кийин ал Нурбанунун акылына баш ийип, атасы менен апасына жакшы көрүнүүгө аракет кыла баштайт.
Фатма султан максатына жетет: Михримах Рүстем менен ажырашам деп чыгат. «Мен дүйнөнүн эң сулуу ханбийкесимин. Эң баалуу таштар, эң кымбат кездемелер, бардык байлык менин бутумдун алдында турат. Алтын табактан тамактанам, хрусталь чөйчөктөн суу ичем. Аялдар жашоомо ич күйдүлүк кылышат, эркектер чачымдын талы үчүн жанын да аяшпайт. Бирок эч бир жан жүрөгүмдө эмне болуп жатканын сурап койбойт» деген ойлорго баткан Михримах ажырашам деген чечимине бекем турмай болот. Буга Михримахка келген сүйүү каты да түрткү берет, ал катты Фатма султан Элкас мырзанын атынан жазып жөнөтөт. Сефевиддер династиясынын ханзаадасы Элкас мырза болсо Фатманы сүйүп калып, султандын макулдугу менен экөө никелешмей болушат.
Окуялардын жүрүшү Сулеймандын белгисиз дартка кабылганы менен кызыйт. Баарынан сыр катары жашыруусун буюрган султан жүрүшкө уулдары Баязид жана Жихангир менен жөнөп кетет.

ТАРЫХ БАРАКТАРЫНДА...
Михримах султан 1522-жылы күн менен түн теңелген күнү 21-мартта төрөлгөн. Акылдуу жана чилистен ханбийке ханзаадалар менен тең билим алган, бир канча тилди билген. Ал сулуу, келбеттүү жана бутунун учуна чейин жеткен алтын чачтуу болгон. 17ге чыкканда Михримах апасынын кыстоосу на баш ийип өзүнөн 22 жашка улуу Рүстем пашага турмушка чыккан. Михримах менен Рүстем султанаттын эң бай үй-бүлөлөрүнүн башында туруп, экөөнүн кайрымдуулук иштери эл оозуна алынган. Хүррем кайтыш болгондон кийин 20 жыл бою гаремди башкарып турган. 56 жашында көз жумуп, бир гана Михримахтын сөөгү Сулейман султандын жанына коюлган.
Ханбийкеге байланыштуу кызыктуу уламыш бар. Михримах турмушка чыгарда эки тандоосу болгон: Рүстем жана империянын башкы архитектору Мимар Синан. Ошол кезде 50гө чыгып калган Синан ханбийкени акылдан азганча сүйгөн экен. Арзуусуна жетпей калган архитектор сезимин эмгектери аркылуу билдирет. 1540-жылы Михримах Синанга Стамбулдун Үскүдар деген жерине мечит курдурат, бул имаратка этеги жерге чийилген айымдын элеси берилген. Кийинчерээк архитектор өз алдынча Стамбулдун эң бийик жайгашкан Эдирнекапы дөбөсүнө дагы бир мечит куруп баштайт. Анын 150дөн ашуун терезелүү төбөсүнө күн тийгенде, айнектен түшкөн нурлар Михримахтын алтындай узун чачын элестетет. Султандын атынан курулган мечиттер эки мунаралуу болушу керек дегенге карабастан, архитектор жалгыздыгын туюнтуу максатында бир эле мунара тургузган. Стамбулга 21-мартта барып калсаңыз, бир эле убакытта Эдирнекапыдагы мечиттин батышынан Күндүн батып баратканы, Үскүдардагы мечиттин чыгышынан жаңы туулган Айдын чыгып келе жатканын көрүүгө болот. «Жалгыздыгым чексиз, сүйүүм жоопсуз. Ай менен Күн жолугуша албагандай, биз да эч качан жүз көрүшө албайбыз» деген Синандын Михримахка арнаган ыр саптары анын сүйүү дартынын далили болуп кала берет.
Рүстемге келсек, христиан бала Хорватиядан алынып келинип, Мохачтагы жүрүштө акыл-эстүүлүгү жана кызматына берилгендиги менен көзгө көрүнгөн. Тарыхта «биттин айынан бакытка жолуккан» деген аңыз кептерден улам эсте калган. Ханбийкеге үйлөнөрдүн алдында душмандары «Рүстем ала оорусуна чалдыккан» деген кептерди таратышат. Дарыгерлер текшерүүгө келгенде көйнөгүнөн бит таап алышат да, ала оорусуна чалдыккандарга бит жолобойт деген ишенимдин негизинде Рүстемдин ден соолугу чың деп жыйынтык чыгарышат. Тойдон кийин паша улуу вазирликке дайындалган. Ханбийкени катуу кызганып, сарайдан чыгарчу эмес деп айтылат. Мунун айынан Михримах көп ооруган. Рүстем тууралуу элчилер жана жер кезерлер «кыска бойлуу, аксак, шишик тарткандай кызыл жүздүү, куу көздүү Рүстем паша көрөгөч, түнт жана орой» деп жазып калтырышкан.
Мустафа ханзааданын муунтулуп өлтүрүлүшүнө Рүстемдин күнөөсү бар деп элдин каарына калат. Атүгүл «азезил вазир» атыгат. Ал көз жумгандан кийин артында калган миңге чукул жер тилкеси, 500дөй тегирмени, 1700 кулу, 3 миңдей күлүгү, миңдей төөсү жана башка мүлкү Михримахка өткөн. Пашанын тушунда белек берүү менен кызмат сатып алуу тажрыйбасы башталган. Аскер башчы катары бир да ийгиликке жеткен эмес.

«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМДА...»
Михримахтын ролун жаратууга Пелин Карахан сериалдын башында эле бекитилип, ага карап ханбийкенин балалыгын жана өспүрүм чагын ойногон 2 актриса тандалып алынган. «Мага баары «бул ролду аткаруу кыйын, бул өтө жоопкерчиликтүү тапшырма» деп жатышты. Ойноодо режиссёрлор көп жардам беришти. Көрөрмандар жөн салды деп ойлошу мүмкүн, бирок ар бир тагынган кооздуктар, чач жасалгасынан костюмдарга чейин сценарийдин маңызынан көз каранды. Көйнөктүн түсү да кайсы бир маанини туюнтуп турат. Ошол майда-чүйдөнүн баары Осмон дооруна жетелейт, өзүңдү орто кылымда жашаган адам катары сезе баштайсың»,- дейт П.Карахан. Рүстемдин ролун аткарган 1975-жылкы Озан Гүвен Германияда туулган жана консерваториянын заманбап бий бөлүмүнө тапшырып, аны азыркыга чейин аягына чыгара албай келет. Убагында «жаш кыздардын кумири» атыккан, келбетине кам көрүүнү жактырган актёр маникюр жана педикюр жасатуу үчүн салондорго барып турат.
«Даңазалуу кылымда» роль ойноого сунуш алардан 2 күн мурун «ушул долбоордо мага ылайык иш бар бекен?» деп ойлоп койгон элем. Анан байланышып калышты, дароо макул болдум. Костюмдар ролго кирүүдө чоң жардамчы. Ошол замандын кийимин кийип, шакектерди тагынгандан кийин ак сарайдын ичинде таптакыр башкача баса баштайсың»,- дейт Озан Гүвен.
Айта кетүү керек, О.Гүвен сериалды тартуу учурунда актёрлук курамга жана башка кызматкерлерге жоруктары менен эң көп жылмаюу тартуулаган. Тамашакөй жана шайыр Озан бир секундалык мүмкүнчүлүк жаралса да, тегеректеген адамдардын көңүлүн заматта көтөрүп коёрун айтышат актёрлор. Пелин Карахандын айтымында, О.Гүвен менен ойногон эпизоддору интригаларга жана кайгылуу окуяларга жыш болгондуктан, анын тартуу учурундагы тамашалары кадимкидей абалды жеңилдеткен. «Бир жолу Рүстемдин жүрүштөн кайтып келүүсүн тартып жатканбыз. «Бир, эки, үч, мотор» дегенден кийин эле Озан газ баллонду артынып алып бөлмөгө кирип келе жатат. Баарыбыз каткырып, тартуу иштерин унутуп да калдык»,- дейт П.Карахан.

(Уландысы кийинки санда)

Пелин Карахан сулуулугун сактоо үчүн мончого, укалоого барып турат, чекпейт жана ичпейт, уйкусун кандыра уктайт.

«Рүстемдин түрү сууктугуна окшоштуруп мени тандап алган дешсе, алар жаңылышат. Андай ролго мен туура келбейм»,- дейт Озан Гүвен.

Эльвира Караева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
XURREM.
2014-10-06 13:34:41
Абдан жагат ушул кино.
0
Ханбийке
2014-10-06 20:49:24
XURREM., жагары нигинизден корунуп турат)))
0
Sharipa-asia
2014-10-07 01:20:01
Аябай кызык экен башында кызыкчу эмесмин такыр, азыр болсо ишимди да унутуп калам Хуррем кором деп
0
Begai.93
2014-10-07 23:43:50
Ии мен дагы ушул серияал ооруп жатам ))
0
meineblume
2014-10-11 02:09:17
aty ushundai dep atalaby" danazaluu kylym"dep?
internetten korsom bolobu,bilgender bolso jazyp koigulachy suranych, aldyn ala rahmat!!
0
MilliaRdova88
2014-10-11 09:06:25
meineblume, Великолепный век
0
Bermet_Kasymova
2014-10-11 14:22:38
Бирок Рустем сулуу эле го киносунда.
0
admin_superstan
2014-10-12 00:19:21
MilliaRdova88, курамы окшош сайттарды жарыялоого тыюу салынган! 3 күн БАН!
0
№ 622, 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан