ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (6-октябрдан 12-октябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Чыгармачылыктын өсүүсү, азгырган сунуштар, окуяларга туш болууну самоо... Аптада булардын баары аралаш жүрөт. Бирок каалаган жыйынтыкка оңой жетүү күтүлөт. Жеке жашоого келсек, кызганууну ооздуктоо кыйынга турат. Анын үстүнө ушактар отко май чачкандай таасир берет. Эгер жакшы көрсөңүз, сүйүктүүңүз менен мамилени сактап калыңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Саякаттоо же чет тил курсун окуу сыяктуу тилектерди ишке ашырчу мезгил. Ал эми иште көтөргөн демилгеңиз тескери жыйынтык менен аякташы мүмкүн. Майдачыл боло берсеңиз, сүйүү мамилесине жарака кетирип аларыңызды унутпаңыз. Дүйшөмбүдө өзүңүзгө көп милдет жүктөп албаңыз, аткаруу кыйын болот. Бейшембиде чакан жакшылыкты белгилейсиз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Тагдыр жашоонун жаңы тилкесин баштоого түртөт. Андыктан пландарды артынып, алдыга олуттуу кадам таштаңыз. Барктаган адамыңыз менен кыялыңыздагыдай түшүнүшүүгө жете аласыз. Шаршембиде туугандар убаракерчилик тартуулайт. Жума күнү ачууңузду чөйрөдөгүлөрдөн чыгаруудан карманыңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада жакын адамдардын ой-максаттарын угуп, алардын реалдуу талабы эмнеде экенин анализдеңиз. Ишим туруктуу деп камырабай жүрүү жаңылыштык, оозго алынуу үчүн жаңы идеялардын үстүндө изденүү кажет. Дүйшөмбүдө тааныштар керектүү маалыматтарды жеткизишет. Бейшембиде кокустан сыйлуу жердин коногу болосуз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада кечигүүлөрдү, бир нерселерди ишке ашырууда коркууну жыйыштырып, чечкиндүү болуу зарыл. Шейшембиде жетишкен ийгиликтер чек эмес экенин далилдөөчү окуяга кабыласыз. Шаршембиде убакыт өзгөрткөн эски досуңузга жолугуп, сырдашууңуз ыктымал. Жума күнү ички туюмду угуп иш кылсаңыз, жаңылышпайсыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Өткөндөргө кайрылып, жагымдуу эскерүүлөргө чулгай турган жолугушуу күтүлүүдө. Иште үлгү болорлук кадам жасоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өз бактыңызды куруунун устаты өзүңүз болгон соң аракет кылыңыз, улуулардан кеңеш сураңыз. Кээ бирөөлөр тезинен чечүүнү талап кылган турак жай маселесине кабылуулары мүмкүн.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Чөйрөдөгү кээ бир адамдарга байланып калганыңыз, сизди мажүрөөгө айлантканын сезесиз. Алардын өтүнүчүнө «жок» дешти үйрөнүңүз. Өнөкөт уйкусуздук күндүзгү ишке терс таасирин тийгизерин эске алып, дары чөптөрдү ичүү кажет. Жаңы маалыматтарды өздөштүрүп колдоно баштаганыңыз, сиздин башкы утуш болмокчу.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын башы жемиштүү боло койбойт. Бирок кейибеңиз, калган күндөрдүн эсебинин эсесин кайтарып аласыз. Шаршемби түрдүү келишимдерди түзүүгө, кыйын иштерди аткарууга ылайыктуу. Бирге иштешкендер арасынан сизден кандайдыр бир сырды жашыргандар, бут тоскондор чыгат. Кыраакы болуңуз. Апта аягында жакындар менен чогуу эс алууңуз күтүлүүдө.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Максатка бирөөлөрдү алдоо жолу менен жетем деп аракеттенбеңиз. Баары бир ачыкка чыгып, уят болуп каласыз. Намыс деп көгөрбөй, шериктериңизден кеңеш сураңыз. Шаршембиде пайда алып келбей турган иш-чарага катышуудан баш тартуу оң.
Жума күнү үйүңүздү уурулардан сактаңыз. Жекшемби эс алуу менен катар жаңы пландарга маарычу күн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Чөйрөдөгүлөр сындап, бир топ талаптарды коюшат. Унчукпай, ар бир ишти орду менен жасасаңыз, жеңиш сиздики. Кээ бирөөлөр үй-жайын кеңейтүү иштерин бүткөрө албай убара чегишет. Шаршембидеги окуя келечектеги пландарды өзгөртүүгө түртөт. Ишембиде чогулткан акчаларыңыз чоң керекке жарап, меселелерди оңой чечесиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын башы бир калыпта, тынч өтөрү күтүлүүдө. Андыктан өзүңүзгө, үйүңүзгө кам көрүүчү убакыт келди. Сүйүүдө көңүл калууга жетпөө үчүн кектебеңиз, уккан ушактарды унутуңуз. Апта ортосунда көп иштер менен катар жакшы жаңылыктар эшик чертет. Жуманын аягында шашып иш кылуу бир нерселерди бүлдүрүп алууга жеткириши мүмкүн.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта анча-мынча кыйынчылыктар менен коштолот. Башкысы, акчага жана ишке так болсоңуз, уруш-талаш сизди айланып өтөт. Көптөн бери бүтпөгөн иштерди аягына чыгарууга өжөрлүк талап кылынат. Шейшембиде телефон чалуулар, жолугушуулар көп болот. Бейшембиде өз кызыкчылыгыңызды көздөп, бирөөлөрдөн олжо өндүрүүңүз ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 622, 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан