Өлкөбүздө ири суммадагы акчалар тонолууда, бирок кылмышкерлерди издөөдөн жыйынтык чыкпай келет. Өткөн жылы ноябрда Ош шаарынын аэропортунан 4,5 миллион доллар тонолгон болсо, быйыл 23-сентябрда Бишкек шаарынан 1,7 миллион АКШ доллары тонолду. Тилекке каршы, мындай ири тоноолордун бети толук ачылбай келүүдө.
ИНКАССАТОРЛОРГО КОЛ САЛЫП, 1,7 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДЫ ТОНОП КЕТИШТИ
23-сентябрда Бишкектин Панфилов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан «Дельта-Восток» күзөт агенттигинин кызматкерлерине белгисиз кылмышкерлер ок атып, инкассаторлордун унаасындагы 1 миллион 770 миң 457 АКШ долларды жана 6 миң еврону тоноп кетишкен. Натыйжада күзөт агенттигинин эки кызматкеринин бири ур-токмоктон, экинчиси октон жараат алып ооруканага жеткирилсе, 45 жаштагы жетекчиси тийген октон көз жумду. Маалыматтарга таянсак, аталган күзөт агенттиги жеке ишкерлерге кызмат көрсөтүп келген. Акча Бишкектеги соода борборлордун биринде эмгектенген түрк ишкерине таандык болгон. Бул кылмыш боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Учурда жаракат алган эки кызматкер ооруканада, ал эми кылмышкерлер кармала элек.
ОШтогу ТОНООГО БИР ЖЫЛ БОЛДУ, КЫЛМЫШТЫН БЕТИ АЧЫЛА ЭЛЕК
Өткөн жылдын 9-ноябрынын 10-ноябрына караган түнү Ош эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайынан куралданган 5 кылмышкер Ош облусунун Кара-Суу районунун 38 жаштагы тургунуна ок чыгарып, анын жанындагы 2 баштыкта салынган акчаны тоноп кетишкен. Жабырлануучу кылмышкерлердин артынан кууп, алардын бирин кармаганга жетишкен. Жабырлануучунун айтымында, баштыктарда 4,5 миллион АКШ доллары болгон экен. Ал акча «Кара-Суу» базарында иштеген бир канча ишкерге таандык болуп, Түркияга алтын-зер буюмдарын алып келүүгө жиберилип жаткан. Кармалган жарандын жанында чет өлкөлүк үлгүдөгү курал жана уурдалган акчанын 1 миллион 129 миң АКШ доллары болгон. Калган акчалар кылмышкерлердин колуна кеткен.
Бул кылмыш боюнча «каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Жыйынтыгында кылмышка шектүү делинип дагы 2 жигит кармалып, калган экөө ушул убакка чейин кармала элек. Кылмышка шектүүлөрдүн жактоочусунун жазган арызынын негизинде кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 7 кызматкерине «кылмышка шектүүлөрдү ур-токмокко алган» деген айып тагылган. Бул иш жакында эле жыйынтыкталып, кызматкерлер акталган. 1 миллион 320 миң доллар ээсине кайтарылган. Калган акчалар табылып, ээлерине кайтарылып бериши күмөн.
ОРУСИЯДА ДА КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫНЫН МИЛЛИОНДОРУН ТОНОШКОН
Ушул жылдын 26-августунда Москва шаарынын тургуну Кыргызстандан барган досун Домодедово аэропортунан тосуп алган. Кыргызстандан барган адамдын жанында көп суммадагы акча болгон. Ошондуктан аларды коштоо үчүн алдын ала инкассатордук унаа жалдап коюшкан экен. Жолдо баратканда инкассатордук унаанын айдоочусу кардарларына жана аларды кайтарып бараткан 2 күзөтчүгө тапанча такап коркутуп, баштыктардагы 1,5 миллион АКШ долларын алып, из жашырган.
2013-жылдын 13-ноябрында эртең мененки саат 9:30дар чамасында Бишкектен барган 39 жаштагы Вячеслав Запрягаев деген жаран Шереметьево аэропортунан чыгып баратканда кара түстүү Мерседес үлгүсүндөгү унаадан белгисиз жарандар ок чыгарышкан. Андан соң Вячеславдын колуна кармаган баштыгындагы 1 миллион 600 миң АКШ долларын тоноп кетишкен. Жабырлануучу колунан жана бутунан жараат алган.
Жогоруда 2 жыл ичиндеги ири суммада тонолгон акчалар боюнча маалымат жазылды. Албетте, мындай сумманы жөнөкөй адамдар уурдабайт. Ошондон болсо керек, кылмыштардын бети азыркыга чейин ачыла элек. Ош ОИИБи да, Бишкек ШИИББи да бул кылмыштар боюнча толук маалымат берүүдөн баш тартышууда. Айтор, бул кылмыштарда табышмактуу жагдайлар көп, бул окуяларга дагы кайрылганга аракет кылмакчыбыз.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg