ИЗДЕЙМ СЕНИ

«ЖУМГАЛДЫК РОМАН ЖУСУПОВДУ ИЗДЕЙМ»
– Роман курулуш иштеринде иштечү. 3 жыл мурун Орусияга иштегени барып, кайра келгенинде бир жолу жолукканбыз. Кийин дайыны билинбей кетти. Роман, окуп калсаң байланышып койчу.

Ырыскүл, тел.: 0556 52 25 11

«АГАБЫЗ ШАРШЕНБЕК ИЗДЕЛЕТ»
– 2008-жылдан бери атабыздын иниси, агабыз Шаршенбек Осмоналиевди издеп келебиз. Ал 1948-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Көк-Таш айылында туулган. Акыркы жолу 2007-жылы Бишкектен Таласка келип жолугуп кеткен. Шаршенбек байке, эгерде биздин кабарыбызды гезиттен окуп же угуп калсаңыз байланышыңыз, биз сизди издеп жатабыз.

Инилериңиз Тимурлан, Нурлан, Нурдин Чымышевдер
тел.: 0779 13 82 93,  (03422) 5 45 34, (03422) 6 07 40

«УУЛУМДУ ИЗДЕП КЕЛЕМ»
– 1993-94-жылдары Бишкек шаарында Казакстандан Элиза аттуу кыз келип билим алган. Экөөбүздүн ортобузда сүйүү оту жанып, мен ага үйлөнмөкчү болгом. Бирок 1994-жылдын май айларында ортобуздагы келишпестиктерден улам эки ажырым жолго түшкөнбүз. Ошондо анын кош бойлуу экенин билбептирмин. Угушума караганда, ал 1994-жылдын декабрында же 1995-жылдын январь айында уул төрөп, баланы Бишкекке таштап кеткен экен. Уулумду азыркы күнгө чейин издеп келем. Апасына окшош ак жумал бала болсо керек деп ойлойм. Туулган жылы, айы туура келген баланы издейм, көрсөм кебетесинен таанысам керек.

Майрамбек,  тел.: 0779 88 38 09

«1959-ЖЫЛЫ ТЕХНИКУМДА ОКУГАН КУРБУЛАРЫМА ЖОЛУКСАМ ДЕЙМ»
– Мен, Умурзакова Рая Бекеновна, 1940-жылы туулгам. 1959-жылы Фрунзедеги Соода техникумунда бирге окуган курсташтарым Быстровка айылынын тургуну Батыя Жунушованы, Талас облусунун Киров айылынын тургуну Аман Мамбасанованы издейм. Ушул курбуларымды таап, жолугушкум келет. Эгер окуп калсаңар байланышып койгулачы.

 

Тел.: 0777 27 27 44

«ЧЫЧКАН КАПЧЫГАЙЫНДА ИШТЕП КЕТКЕН ДИНАРА ЭЖЕНИ ИЗДЕЙМ»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезитинин жалпы жамааты. Мен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл Октябрь айылынан болом. 1 жарым жыл мурун Чычкан капчыгайындагы «Кел Кайың» кафесинде бирге иштеген 1992-жылкы Динара эжени издейм. Акыркы жолу 2014-жылы Жаңы жылды аталган кафеде бирге тосконбуз. Андан кийин мен Бишкекке кеткем. Айылга келип турмушка чыгып кеттим. Азыр дайынын билгим келет.

Аида Рысбай кызы, тел.: 0772 85 44 04

«ДОСУМ НУРЛАН, КАБАРЛАШЫП КОЙЧУ»
– Мен, Акылбек Идирисов, Алай районунун Гүлчө айылынын тургунумун. Досум Нурланды көптөн бери издейм. Ал экөөбүз Кыргыз-өзбек университетинин (азыркы Социалдык университет) юридикалык факультетинде бирге окуганбыз. Нурлан 1984-жылы Ала-Букада туулган. Апасы экөө Кара-Суудан товар алып Ала-Букага сатып иштешчү. Балким, ушул маалымат аркылуу таанып-билгендер чыгып калаар. Нурлан, окуп калсаң байланыш.

Акылбек Идирисов, тел.: 0771 80 64 45

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
meka93
2014-10-07 15:21:38
бул жаккка кантип издеген адам жонундо жазса болот, эч жаза албай койдум. Бир адамды издейин дедим эле...
0
admin_superstan
2014-10-07 15:39:07
meka93, саламатсызбы!
Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-30-37
0
kgjigit
2015-03-21 21:32:11
саламатсызбы! мен 1986 жылы торолгон жумгалдык Роман деген баланы издейм. Роман экообуз 2010-жылдын апрель айында акыркы жолу жолукканбыз. Роман мен сени издеп жатканымды газетадан окусан созсуз мени менен байланыш менин телефон номерим 0708545337 Жазмин бишкек шаары
0
№ 622, 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан