ДУХИ МЕНЕН ПАРФЮМЕРДИК СУУНУН АЙЫРМАСЫ ЭМНЕДЕ?

Атырлардын ичине духи, парфюмердик суу жана жыпар суу да (туалетная вода) кирери жалпыга маалым. Бирок алардын айырмасы эмнеде? Келгиле, билип алалы.

ДУХИ
Духи – бул эфир майларынын спирттеги же спирт менен суунун кошулмасындагы аралашмасы. Бардык парфюмердик каражаттардын ичинен духидеги эфир майларынын өлчөмү көп. Тактап айтканда, алар духинин 15-30 же андан ашык пайызын түзөт жана таза, 96 градустагы спирт менен аралаштырылат. Андыктан анын жыты башка парфюмердик каражаттарга караганда узакка (5 жана андан ашык саат) сакталат. Мисалы, пахтадан жасалган кийимде 30 сааттан кем эмес убакыт жытын кармап турат.
Духи үчүн жыпар жыттуу заттар болуп гүл желекчелери, мөмөлөр, жалбырактар, тамырлар эсептелет. Буларды иштетүү менен эфир майлары алынат. Мисалы, роза, кориандр, сандал майлары өз алдынча жыпар жыттуу зат, ал эми кориандр чөбүнүн уругу, пачули дарагынын жалбырагы спиртке (аракка) ачытма түрүндө колдонулат. Эреже боюнча өсүмдүктөрдөн алынган заттар парфюмердик каражаттардын негизин түзөт.
Жаныбарлардан алынуучу жыпар жыттуу заттар спиртке ачытылып, жытты күчөтүү максатында колдонулат. Аларга амбра, мускус, костроеум, цибетин кирет. Булардын баасы абдан жогору. Андыктан аларды бардык духилерге кошо беришпейт. Ал эми кошулган духилер абдан кымбат бааланат.
Духини жасоодо боёктор да кошулат. Алар жытка таасир этишпейт, бирок духинин өңүн жакшырта алат.
Учурда химиялык жол менен да синтетикалык жыпар жыттуу заттарды алышат.
Тарыхка кайрылсак, эфир майын алкоголго аралыштыруу менен алгачкы духини 1370-жылы Венгериянын ханышасы Елизавета алган. Ушундан улам ал Европада венгер суусу деп аталып калган. Парфюмерия үчүн гүлдөрдүн плантациясын өстүрүү иши XIV кылымда алгач Франциянын түштүгүндө башталган.
Духини сактоо мөөнөтү 2-3 жыл. Туура эмес сакталса (мисалы, күн тийген жерде), анда духинин курамындагы заттардын түзүлүшү өзгөрөт, жыты башкача болуп калат. Андыктан оозун бекем жаап, күндүн нуру тийбеген караңгы жерде сактоо керек.
Духинин бузулганынын белгиси болуп түбүндө чөгүндүнүн пайда болушу эсептелет.

ПАРФЮМЕРДИК СУУ
Мында деле духидегидей жыпар жыттуу заттардан алынган эфир майлары колдонулат. Болгону алар парфюмердик суунун жалпы курамынын 12-20 пайызын түзөт жана 90 градустагы спиртке кошулат. Андыктан жыты 4 саатка жакын сакталат. Парфюмердик сууну «күндүзгү духи» деп да аташат.

ЖЫПАР ЖЫТТУУ СУУ (ТУАЛЕТНАЯ ВОДА)
Бул парфюмериянын эң жеңил түрү, андыктан бир күндө бир нече ирет колдонууга болот. Өзгөчө жайында пайдаланууга ылайыктуу. Курамындагы эфир майлары 4-10 пайызды түзөт жана 80-85 градустагы спиртке кошулат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
love8994
2014-10-07 18:00:34
эн туура кенеш жазыпсыздар рахмат . баарыбыз учун пайда жыпар жытты колдонуу мусулмандар учун суннот экендиги белгилуу .
0
ilana
2014-10-07 19:49:06
Ooba jakshy kenesh eken
0
kulpun88_kg
2014-10-08 12:47:25
абай жакшы кенеш
0
Boldukan86
2014-10-13 02:17:11
бул башка кеп.
0
zara-919
2014-10-13 17:37:05
мен табигый жытым мн эле жүрөм. белеке келгендер бар бирок дайыма себем деп унутуп калам ...
0
№ 622, 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан