Назирага телефон менен байланышып, кайсы жерден жолугарыбызды айтканымда эле «ал көчө бир багыттуу эмеспи?» деп тынчсызданды. Жаңыдан унаа дүйнөсүн таанып-биле баштаган ырчы айымды кепке тарттык.
УНААСЫ ТУУРАЛУУ
Үлгүсү – Ауди А4
Эң жогорку ылдамдыгы – 180-200 чакырым-саат
Кыймылдаткычынын көлөмү – 1800 см3
Түсү – Кочкул көк
Чыккан жылы – 2000-жыл
Баасы – 4 миң доллар
Чыгарган өлкө – Япония
– Темир тулпарлуу болушуң менен куттуктайбыз! Кантип рулга отуруп калгандыгың тууралуу айтып берсең.
– Жаңы жылда «тулпар жылында темир тулпарлуу болоюн» деп аябай тилек кылгам. Тилегим орундалып, жеңил унаа сатып алганыма 2 айдай болуп калды. Бул машина башында жездемдики болчу, ал алганда эле жактыргам. Анан жездемди мага сатыңыз деп жатып акыры алдым. Ата-энем жардам берди, андан тышкары Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүндө ырдап көбүрөөк гонорар алгам, ошону коштум. Кээ бирөөлөр мен жөнүндө «кантип эле өзүнүн акчасына алды, демөөрчү байкелери белек кылса керек» деген сыяктуу ушактарды айтканын угуп калып жатам. Аларга айтарым, үстүбүздө Кудай карап турат.
Учурда машинам жаңы келген келинден бетер кайсы тууганымдыкына барбайын «жоолук салынып» жатат. Башында унаам бар экенин унутуп 10 сомумду даярдап, маршруттук таксиге түшүп кеткен күндөрүм да болду (күлүп).
– Машина айдаганды кимден үйрөндүң? Жол эрежесин бузган учурларың болдубу?
– Жаңы айдап жүргөндө жаныма айдаганды билген курбуларымдын бирөөсүн сөзсүз салып алчумун. Аларга «артты кара, капталды кара» деп шашкалактап кыйкыра берер элем. МАИчилер мени тоспосо деле аларды көргөндө калчылдап калам. Бирок бир да жолу аларга түшө элекмин. Айдоочулук күбөлүктү окуп алганым менен, шаар ичинде айдагандан кыйналдым.
– Унаалуу болгуча коомдук транспорттордо жүрчүсүң да, жүргүнчүлөр таанып калчу беле?
– Мурда көбүнчө коомдук транспорттордо, шашылышта такси менен жүрчүмүн. Автобуска же маршруттук таксилерге түшкөндө жетчү жериме терезени чукулап араң жетчүмүн. Акыркы күндөрү уяла баштагам. Жүргүнчүлөр «ырчы кыз» деп бири-бирине шыбырашса, кээ бирөөлөр атайын эле мага тийишип «жашоо бир келет» деп ырдап калышчу. Бирок азыр маршруттук таксиге түшкөн кезимди сагына баштадым, себеби музыка угуп кете берчүмүн. Азыр машина айдап баратып музыка уга албайм, алаксып кетемби деп корком. Бирок өзүңдүн унааң болсо иштериң кадимкидей тез бүтөрүн байкадым.
– Жаңы айдоочу сөзсүз кызык окуяларга кабылат эмеспи, сен да андай окуялардан куру калбаган чыгарсың?
– Учурда көчөлөрдүн кээ бирлерин таппай, кайсынысы бир багыттуу экенин билбей кыйналып жаткан чагым. Бир жолу бир багыттуу көчөгө билбей түшүп алыптырмын. Артка кайрылайын десем бет маңдайымдан келе жаткан бир КамАЗ батпай калды. Мен ичимден бул эмне деген тар жол деп коём. Анан бир машинанын айдоочусу «бул бир багыттуу жол» деп белгини көрсөттү.
Өткөндө филармонияда бир концертке даярданмакмын, уктап калып шашкан боюнча эле машинамды айдайын десем от алышы мурдагыдан оор сезилди. Эмне болду экен деп башым жетпей айдап кете бердим. Орто жолго жеткенде жол чырактан токтосом эле ичи бир нерсенин күйүгү жыттанып кетти. Кабатыр болуп ичин карап коюп, кайра айдап кеттим. Көрсө, кол тормозду тартып койгон боюнча унутуп калыптырмын. Аны жеткенде көрдүм.
– Мырзалар «кыздарга рулда отуруу жарашпайт» деп коюшат го. Жолдо сага тийишип же ачууланган мырзалар болобу?
– Байкашымча, кыздар шашпай, кылдаттык менен айдашат. Ал эми эркектер катуу ылдамдыкты жактырышат эмеспи. Жолдо баратканда коркуп, жай айдайсың. Анан артымдагы машиналардын айдоочулары сигналдарын басып, айрымдары алдыма чыкканда мени жаман көздөрү менен карап, колдору менен «жиндисиңби?» деп ишарат кылып кетишчү (күлүп). Тыгында турганда айрым жигиттер терезеден башын чыгарып тийишип да калышат.
– «Кыздуу үйдө кыл жатпайт» демекчи, машинаңды кандай карайсың?
– Унаам баламдай эле болуп калды, үйрүлүп түшүп, керек болсо сүйлөшкөнгө чейин барам. Башында күнүгө өзүм жуучу элем, азыр болсо унаа жуучу жайларга жуудуртуп жатам. Темир тулпарымды иреттүү алып жүргөнгө аракет кылам. Ичинде концертке кийүүчү кийимдерим, бут кийимдерим көп. Бийик такалуу туфли менен айдай албагандыктан, жалпак бут кийимдеримди салып алам, кээде бут кийими жок, жылаңайлак деле айдай берем.
Акча болсо өзүңө эмес, машинаңа керектүү нерсе алып калат экенсиң. Унаамдын кайсы жеринде кандай чийик бар экенин жатка билип калдым. Рулда отургандын жаман жери, жолдо тыгындарга кабылып, алдыңдан ар нерселер чыга калып же жол эрежесин бузгандарды көрө берип сөгүнчөөк болуп калат экенсиң.
Асхат Субанбеков
star@super.kg