«Үңкүр да болсо үйүм болсунчу» деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Анткени батир издөө, батирден батирге көчүү өзүнчө бир түйшүк эмеспи. Шаарда өз үйүнө жеткичекти батирлеп жашагандар миңдеп саналат. Алардын катарында белгилүү жылдыздарыбыз да арбын. Батирде жашоону башынан өткөргөн атактуулар ал тууралуу кызыктарды айтып беришти.
Роза Шакирова: «ТАМАК-АШЫБЫЗДЫ КЕЛЕМИШТЕР ЖЕП КОЮП...»
– 2005-жыл болсо керек, окууну жаңы бүтүп, «Туңгуч» театрында иштеп жүргөн кезим. Делбир деген ырчы кыз экөөбүз 3 бөлмөлүү жарым үйгө батирге чыкканбыз. Анда жаңыдан атым чыгып, анча-мынча тойлорго да бара баштаган элем. Батирибизге жайгашкан соң шашып тойго кеттик. Тойдон түнкү саат 12де келип, алып келген устукан, тамак-аштарыбызды ашканага коюп уктап калдык. Эртең менен туруп, чай ичели деп ашканага кирсек эле столдун үстүндөгү тамак-ашты 3-4 келемиш жеп жатыптыр. Жаман «наглый» келемиштер экен, бизди көрүп качып да койгон жок. Мен чочуп кыйкырган боюнча эшикке атып чыктым. Катуу жийиркенип койгон окшойм, ошондон тамагым ооруп, көпкө эч нерсе жебей жүрдүм. Келемиш бүгүн тамак-ашыбызды жеди, эртеңкиге калсак кулак-мурунубузду жеп албасын деп кечинде көчүп кеттик. Жер тамдан коркуп калган жаным кымбатына карабай кабаттуу үйдөгү батирлерде жашап жүрдүм. Ошол келемиштерди эстесем дагы деле денем жыйрылып, жүрөгүм айланат.
Бактияр Токторов: «БАЙКУШ ЫРЧЫНЫН ҮЙҮ ЖОК» ДЕГЕН СӨЗГӨ НАМЫСТАНЫП...»
– Мен үйлөнгөнгө чейин деле, үйлөнгөндөн кийин деле көп батирлеп жүрдүм. Үйлөнгөндөн кийин 10дон ашуун батир котордум окшойт. Батир издеп барсам эле үй бергендер мени таанып алышат. Анан «сиздин үйүңүз жокпу?» десе, оозу-мурдум кыйшайбай «жок, батир сатып алайын деп издеп жүрдүм эле» деп калп айтып коём. Ошентип эптеп мени тааныбаган кишинин батирине кирсем, кошуналары таанып алыптыр. Бир күнү эшиктин жанында «мынабу байкуш ырчынын үйү жок экен, квартиралап жүрөт» деп сүйлөшүп жатышканын угуп калдым. «Бактияр байкуш» деген сөз элге таркап кетпесин деп эртеси ал жерден да көчүп кетип калдым. Кеткенде да жөн кетпей, ошол кошуналарга «мен жаңы үй сатып алдым» деп мактанып кеттим. Ошентип куру намыстанып жүрүп Орусияга барып иштеп, бир бөлмөлүү үй алдым. Балдар чоңоюп бир бөлмөлүү үйгө батпай калдык. Анан үйдү кеңейтиш керек болуп Сокулуктан 20 сотых жери менен үй алып, жанына ойдогудай там салып алдым.
Мирлан Баеков: «БАТИРДЕ ЖАШАЙМЫН ДЕП АККОРДЕОНУМДАН АЙРЫЛГАМ»
– Бишкектин мен жашабаган жери калбады окшойт. Үйлөнгөнгө чейин батирлерди байпак алмаштыргандай эле алмаштыра берчүмүн. Жадакалса канча батир алмаштырганымды билбейм. Көз тийбесин, үйлөнгөндөн бери эки жолу эле батир котордум окшойт. Бир жолу мен да элге окшоп адамча жашайын деп 7000 сомго бардык шарты менен кабат үйдөн батир алдым. Анан айылдан жууркан, төшөк, идиш-аяк алып келип жакшы эле жашап жаткам. Биринчи ай бүтүп, экинчи айдын акчасын бере албай калсам болобу. Анан эшикти бекитип качып кеткем. Ал ортодо үй ээси башка кишилерди киргизип коюптур. Акча таап, карызымды төлөп, оокаттарымды алып кетейин деп келип үйдүн кожойкесин таппай калдым. Жаңы көчүп келген кишилерден сурасам «сенин буюмдарыңды билбейбиз, биз келсек эч нерсе жок экен» деп эшигин жаап алды. Буюмдарым калса калар, аккордеонумду таппай калганыма ичим ачышып ыйлаган болчумун.
Клара Алибекова: «ТАПКАН АКЧАМДЫ ҮЙ ЭЭСИНЕ КАРМАТАМ»
– Учурда үйүм жок, батирде турам. Атайын баламды борбордон окутайын деп Жалал-Абаддан Бишкекке келгем. Балам экөөбүзгө бир бөлмөлүү батир кенен жетет экен. Жылуу, бардык шарты бар деп көп кабаттуу үйдөн тандадык. Учурда тапкан акчамды ай сайын үй ээсине кармата салып жатам. Алдап кеткен, качып кеткен же болбосо акчаны кечиктирип берген квартиранттардан эмесмин. Акчаны өз убагында бергенге аракет кылам. Үйдү бошот десе төрт төшөгүмдү көтөрүп башкасына көчүп кете берем. «Өз үйүм өлөң төшөгүм» дегендей, албетте, өзүмдүн үйүм болсо дегенде эки көзүм төрт. Кудай буюрса, аман болсок, ага деле жетербиз.
Нурмат Садыров: «МАШИНАМДЫ БАТИР КЫЛЫП АЛГАМ»
– Бир кезде ата-энемдин кой дегенине болбой батирге чыгып алган элем. Анткени кафеде музыкант болуп иштеп жүрүп үйгө түнкү саат 2-3тө келчүмүн. Ошондуктан алардын уйкусун бузуп, сарсанаа кылбайын деп өзүмчө жашадым. Батирде жашап жүрүп музыкабызды даңкылдатып, ырдап, отуруш уюштуруп кошуналардан далай жолу тил уккан күндөр болду. Бул арыздануу үй ээсине жетип бизди кууп салды эле, кудай жалгап, ошол маалда жаңы эле машина алган болчумун, мага батирдин да кереги жок болуп калды. Кафеден чыгам да темир тулпарыма кирип уктайм. Жуунуш керек болсо Мирлан Баековдун квартирасына бара коём. Ушинтип машинамда бир канча убакыт жашап жүрдүм. Үйдүн эң кичүү баласы болгондуктан жакында эле үйгө кайтып келдим.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg