Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «САЙКАЛ ЖИГИТИ МЕНЕН ТААНЫШТЫРДЫ. МАДАНИЯТТУУ, ЭСТҮҮ БАЛА ЭКЕН»

Тарсылдап бетке сүйлөгөн, кандай кырдаал, кандай суроо болбосун тайсалдабай так жооп берген бир эжекебиз бар. Табиятынан тың, мырза мүнөз бул айым менен маектешүү ар дайым эркекче өтөт. Төмөндө сөз Гүлшайыр Садыбакасова жөнүндө болмокчу.

– Амансызбы, Гүлшайыр эже? 60 жашка чыгып жаткан экенсиз, карыдым деген сезим каалгаңызды кага элекпи?
– Кудайга шүгүр, аман-эсен кыргыз элимдин, кыздарымдын, сүйүктүү жумушумдун курчоосунда талыкпай иштеп келе жатам. Өзүмдү карыдым деп деле ойлогон жокмун. Тескерисинче, замандын агымы менен турмуштук тажрыйбаларымды колдонуп элиме дагы деле кызмат кылсам деп турам. Жакында карылыктын алды, жаштыктын арты деп 60 жылдык юбилейиме арнап кыргыз элиме той-концерт берейин деп даярданып жатам. Бул концертте менин калемиме таандык обондуу ырларды кыргыз, өзбек, казак элинин белгилүү ырчылары аткарып, тойдун көркүн ачмакчы.

– Демек, жакын арада пенсияга чыкпайт турбайсызбы?
– Менин пенсияга чыкканыма эки жыл болду. Маданияттын өнүгүүсүнө сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн деп өкмөт персоналдык пенсияга чыгарган.

– Маданият демекчи, азыр маданият министрин дайындай албай кыйналып жатабыз. Талапкерлердин бирөөсүн китепканачы, экинчисин актёр деп сындагандар болууда. Кимиси татыктуу деп ойлойсуз?
– Мамлекетибизде кызматка даярдоо, окутуу иштери жок. Эгемендүүлүккө жеткенден бери бизде эркин тандоо. Менимче, бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Жылдыз Бакашова көп жыл Улуттук китепканага жетекчилик кылып келсе, Алтынбек Максутов мыкты режиссёр. Кимиси болсо да маданиятыбызды ушул абалдан чыгарып кете алса жакшы. Учурда бул тармактын абалы өтө начар. Бизге алтындан жасалган министрди алып келсе деле мамлекет колдоо көрсөтпөсө маданиятты көтөрүш кыйын деп ойлойм.

– Жакында эле кызыңыз Сайкалдын жигити эл алдында колун сурады эле. Болочок күйөө балаңыз менен тааныштыңызбы?
– Кызым тааныштырды, кичи пейил, тарбия көргөн, эстүү, маданияттуу жигит экен. Мен кызыма «түгөй тандаганда шашпа, жаңылба, бактылуу болоруңа көзүң жетсе мен батамды берем» деп айтып келгем. Болгону башка улутка бербеймин деген болчумун.
Нурлан шакек да салып коюптур, экөө бири-бирин тандаса, жактырып турса мен эч нерсе дей албаймын. Бакыт гана тилеймин.

– Анда Расул Маматкуловдон кийин кыз узатуу кезеги сизде турбайбы?
– Алгач 60 жылдык тойду өткөрүп алалы. Анын үстүнө болочок куда-кудагыйлар Орусияда экен. Ал жакта бизнестери бар турбайбы. Азырынча ал кишилер менен таанышып, той жөнүндө сүйлөшө элекпиз. Тойдун күнүн белгилегенде кыргыз элине жар салып, баарын чакырам.

– Айтмакчы, Сайкал мурунку жигити ырчы, аранжировкачы Эрнест Жоошев менен сүйлөшө баштаганда да батамды бердим дегениңиз бар эле?
– Эрнест жакшы бала, студия, концерттерде көрүп эле жүрөм. Эми Сайкал экөөнүн көңүлдөрү келишпесе, мен күнөөлүү эмесмин да. Учурда экөө тең өз сүйгөндөрүн таап кеткени мени кубандырат.

– Илгери «Кыз-Бурактын» курамы Оштун кыздары менен эле чектелип калчу. Учурда топто Чүйдүн, Көлдүн кыздары бар. Сайкал да нарындык жигиттин колун кармады дегендей. Бул борборго жакын болуунун айласы эмеспи?
– Биринчиден, мен Кыргызстанды түрө кыдырып жүргөн адам катары кызыма күйөө тандоодо жерлигине чектөө койгон эмесмин. Экинчиден, «Кыз-Бурак» Ошто төрөлүп, Ошто өстү. Ошондуктан элдер «Кыз-Бурак» десе Ошту элестетип калышкан. Эми «Кыз-Бурак» десе бүткүл Кыргызстанды элестетесиңер. Анткени топ мейкинин кеңейтти. Акыркы бир жылдан бери Бишкекке көчүп келген. Ошондуктан учурда топтун курамында бардык аймактын кыздары бар.

– Сиз Ошто болсоңуз, топту көзөмөлдөй албай калбайсызбы? Анан да Сайкалды бул жакка жиберип коюп жалгыз кол болуп калган жоксузбу?
– «Кыз-Бурак» эч качан көзөмөлсүз калбайт. Бишкекте аларды Жыргалбек Эргешов деген иним көзөмөлдөөдө. Мен жалгыз эмесмин, жанымда 7-класста окуган уулум Эркин, 90догу апам Салия бар. Баягыдай эле бака-шака жашап жатабыз. Андан сырткары үй кызматчы уул, кыздарым бар дегендей.

– Сиздин кыздарыңыз элге темирдей тартипте жүргөн, такыр жаман адаттары жоктой сезилет. Бирок бир кызыңызды өзүнөн улуу киши менен жүрүп, мас болуп келгенде какыс-кукус кылып койдум дегениңизди окуп таң калдым эле...
– Беш кол тең эмес да. Эненин 10 баласы болсо, 10 түрдүү кыялы болот. Андай кызым да болгон, антип айтканым да чындык. Ал кыздын ким экенин айтуунун кереги жок. Учурда үй-бүлөлүү, анын бактылуу гана болушун каалайм. Мен кыздардын жаманын жашырып, жакшысын ашырып тарбиялап келгем, тарбиялай берем.

– Мындан мурунку муундагы кыздарыңыз Гүлнара Калдарова, Кенже Дүйшеева, Айжамал Кабыловалар «Кыз-Бурактын» хит ырларын биз ырдаганбыз деп жүрүшөт.
– Алар деңгээлине жараша сүйлөй бербейби. Буларга чейин топто популярдуулуктун туу чокусуна чыккан, хит ырларды жараткан төрт муун өткөн. 1994-жылы келген Айжамалдарды мен 2000-жылдары гана элге тааныта баштагам. «Кыз-Буракка» азыр 40 жыл болгон болсо, 25 жыл «Кыз-Бурак» болуп дүңгүрөп турганда келишкен. Алар Гүлшайыр эжесинин эмгеги, каражаты, энергиясынын, эжекелери ырдап кеткен хит ырларынын артынан элге таанылышты. Бир-эки ыр ырдап, сахнада өзүн көрсөтүп ары-бери секирип койсо эле популярдуу болдум деген туура эмес. Мамлекеттик деңгээлдеги иш чараларга катышып, чет өлкөлөргө чыгып, кыргыздын атын чет жакка тааныткан ырчыны мен чыныгы популярдуу ырчы деп эсептеймин.

– Бирок алар топтон кеткенден бери «Кыз-Бурак» дүң деп жарылып, жалындай албай, түтөп эле тургандай сезилет?
– Учурда «Кыз-Бурак» калыптануу мезгилин башынан кечирип жатат. Мурдагы кыздарым деле 6, 7 жылда ийгиликтерди жаратышчу. Менин баамымда, Сайкалдар дагы бир-эки жылда бийик жетишкендиктерди багынтат.
Жакында эле «Кыз-Бурак» Американын төрт штатын кыдырып, концерт берип келди. Түштүк Кореяда өтүп жаткан 17-Азия оюндарынын ачылышына барып катышып кайтты. Алдыда дагы жакшы пландар көп. «Кыз-Бурак» эч качан картайбайт да, чарчабайт да, дайыма жашай берет демекчимин.

– Тоодой эмгекти жараткан темирдей бекем айымсыз, аялзаты катары сиз да көз жаш көлдөтүп ыйлайсызбы? Жан дүйнө жалгыздыгын кантип жеңесиз?
– «Темир катын» деген атым эле болбосо, мен деле теңгедей аялмын. Менин да ыйлаган, жалгызсыраган, жан дүйнөм эңшерилген убактар болот. 2004-жылы жолдошум кайтыш болуп кетти, ошондо катуу ыйлагам. Ооба, мен ал киши менен ажырашып кеткем. Бирок эне катары, аял катары, адам катары ал жоготууну жүрөгүм аркылуу өткөрдүм. Турмушта кандай кырдаал болбосун көңүлүмө жакын кабыл алам. Ошентсе да мүңкүрөп отуруп калган аялдардан эмесмин. «Гүлшайыр, башты көтөр, сен майтарылбаган, сынбаган кайраттуу аялсың» деп өзүмө өзүм күч, кайрат берем, өзүмдү-өзүм ойготом. Апам, бир туугандарымдын мени сооротконуна караганда өзүмдүн колдоом көбүрөөк жардам берет.
Андан сырткары аял катары Сайкал менен сырдашам. Мурун кызым жаштык кылып сырын менден жашыра берчү. Кагылды-согулду, турмушту түшүндү. Азыр эмне жумуш кылбасын мени менен акылдашып анан жасайт. Келечекте мен позитивдүү, активдүү, бүт баарына тегиз караган, аялдык кылып паска түшпөгөн кайнене болом.

«40 жыл мурунку кырчын кез».

«Бир кездеги мотурайган балдарым азыр чоңоюп, менин оорумду колдон, жеңилимди жерден алганга жарап калышты».

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Сайкалдын тоюн токтотуп койдум" дейт Гүлшайыр Садыбакасова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (43)
MARINA78
2014-10-07 12:01:20
Урматтуу Гулшайыр эже мындан аркы жашоонузда ушунча кылган эмгектериниздин узурун коруп бактылуу жашаныз
+3
Tipu
2014-10-07 12:14:31
@admin_superstan Aiperi Kubik kyzynyn temasyn jonottunor ele go chykpaptyr go
+1
admin_superstan
2014-10-07 12:17:18
Tipu, саламатсызбы!
Ал жаңылыкты "Соңку кабар" бөлүмүнөн окуй аласыз:
http://www.super.kg/kabar/news/83373/
+1
belka
2014-10-07 17:10:46
Мага эч жакпайт ушул эже. Кантсе да ийгилик жана бактылуу карылык каалайм.
-2
uylaak
2014-10-07 20:11:38
Азаматсыз эжеке аябай сыйлайм.Балдарыныздын бактысына ар дайым бар болунуз.Кенже кечирим сурап элдешип алса болмок.
0
kg_sulushka
2014-10-08 03:31:35
Aijamal Kenjeler 3-4 emes juzdogon yrlardy atkaryp jurushtu elego korup tursan adamdy kor kylat da tooba!
+1
kg_sulushka
2014-10-08 03:32:52
oshol yrlardyn 80-90%i hit bolgon uchurunda
+1
kg_sulushka
2014-10-08 03:37:23
aitmakchy Saikaldyn jeke konsertin koiso bolchudai ushu kyz oto talanttuu!
-1
Moldur
2014-10-08 05:36:23
Gylshayir eje Erkek! Mykti molodec
+2
leonid300
2014-10-10 01:12:49
Men bul ejeni syilabaim.Publikaga aiabai bashkacha suiloit eken.Birok ozdorunun kazanynda sovsem bashkacha eje eken.Menin ayash akam bul topto shafer bolup ishtedi.Birde kyshynda osh bishkek jolunda avaria bolushtu.Oshondo bironun baldary aman kalganyna suiunboi,mashinasyn tolotup aiabai kyinagan baikush akami.Ejeke kudaidan da korkush kerek.Akcha,mashina,dunuio tabylat.
+1
tokish
2014-10-11 05:23:17
"Кыз Бурак Американын төрт штатын кыдырып, Түштүк Кореяга олимпиаданын ачылышына катышып келди" деп урдуруп коюптур.)))))))) Билебиз го кимдин арты менен кимдер болуп барып келгенин.))) Калптын да чеги болот эжекеси.)))
+1
baby
2014-10-11 14:31:58
ошол уч кызды иштетип нааразы кылып кетиргенин элдин баары эле билишет.гезитке сулуу суйлой берет экен эжекебиз. озгочо оштуктар бул эжени жакшы билебиз ош окуясында ХХХ ХХХ ХХХ
+1
admin_superstan
2014-10-12 00:08:03
baby, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! 3 күн БАН!
+1
Frunze1
2014-10-11 14:47:01
Бул эже балким таланттуудур,бирок жеке аял катары сыйлабайм, качан болсо эркектерден озунуп суйлоп, акча, манчап учун катуу ат салышып келет, ал учун коп нерсеге даяр. туура коп кыздарды тарбиялап остурду, бирок эмнеге копчулук кыздары нааразы бул эжеге, бир себеби бардыр, жакшы болбсо бугунку кунго чейин колдоп, сыйлап келишмек.... Бир соз менен бул эжей мага жакпайт лично озу...
+1
Aipri
2014-10-11 15:32:49
Гулшайыр эжени жакындан таныбагандан кийин, кандай адам экенин билбейм. Иш жаатында мага жагат.
+1
alai81
2014-10-12 11:56:16
Хит ырларды ошол үч кыз ырдаганы чындык.үч кызды нааразы кылгандан бери деле Кыз-бурактын бир ыры хит болгонун көрө элекмин.Сайкалды жеке ырчы катары баалайм.
0
jazka8586
2014-10-12 20:26:07
Кенже Айжамал Гулнараларды эмне кылып нааразы кылды эле, эми угуп жатам жакшы эле мамиледе журушсо болмок окунучтуу
0
№ 622, 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан