Жогорку Кеңеште 2-октябрда Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине тийиштүү мыйзам долбоорлорунун топтому каралды. Көпчүлүк депутаттар «Биримдикке киргени менен, Кыргызстан кайсы продукциясын экспорттойт, өзүбүздөн арткан эмне бар?» деп суроо салышты. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев картошка, эт, жашылча-жемиштер экспорттоло турганын айтты. «Быйыл сентябрга чейин 194 миң тонна жашылча-жемиш экспорттолду. Бир күндө 1-1,5 миң тонна продукция экспорттолууда, ушуларды анализ кылып жатабыз»,- деп билдирди министр.
Депутат Алтынбек Сулайманов Экономика министри Темир Сариевге «Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстандын товарларынын экспорту көбөйөт деп жатасыздар. Чет мамлекетке кайсы товарды экспорттойбуз? Сиз эртең Кыргызстан кыйналбайт деп кепилдик бере аласызбы?» деп суроо салды. Сариев кепилдик жок экенин билдирди. «Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе эле баары бал каймак болот деп айта албайм»,- деди Т.Сариев.
Ал эми депутат Улукбек Кочкоров: «Элдин 90 пайызы Бажы биримдигине кирүүнү колдоп жатат деп айтуудан уялыш керек»,- деди. Анын айтымында, жалпы эл Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн колдобойт. «Мен эки-үч күн мурун Баткен эли менен жолугушуп келдим. Эл «чек араны Орусия коргоп берет» деген ойдо биримдикке кирүүнү колдоп берели деп жатат. Бирок жалпы эл колдогон жок»,- деди ал.
Жооп иретинде Сариев: «Элдин айтканын айткандан эмнеге уялышым керек? Сурамжылоодо ушундай көрсөткүч болуп жатат»,- деди. Ошондой эле министрдин айтымында, Бажы биримдигине кирген соң залалдары болуп калса, жоопкерчиликти өкмөт алат. Спикер Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңеш чечим кабыл алып, ага президент кол коёрун айтты.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg