Чек араларды делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров Баткен облусунда жүрүп жаткан КӨК-ТАШ – АК-САЙ – ТАМДЫК жолу 1 айда салынып бүтөрүн билдирди.
1-ноябрдан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына ай сайын төлөнүүчү ЖӨЛӨКПУЛДУН минималдык өлчөмү 705 сомду түзөт. Азыр ал 640 сомдон турат.
Башкы прокуратура Ош шаарынын мурдагы жетекчилигине «ЭСТАКАДАЛЫК КӨПҮРӨ куруу тууралуу чечимди өз билемдик менен кабыл алгандыгына» байланыштуу кылмыш ишин козгоду.
Бишкек шаардык мэриясы 3 миллион евролук ТАШТАНДЫ полигонун ачууга ниеттенүүдө. Ал үчүн атайын 70 гектар жер бөлүнмөкчү.
Профсоюздар федерациясынын төрагасы Асылбек Токтогулов «өлкөдөгү мугалимдердин 1 САБАКТЫК саатынын баасы 45 сомдон 70 сомго чейин көбөйүшү керек» дейт.
Депутат Дамира Ниязалиева жыл сайын 1600 адам МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ жайларды аяктаарын, алардын 1400ү келишимдик негизде окушарын айтты.
Бишкек шаардык башкы архитектуранын жетекчиси Бактыбек Абдиевдин айтымында, шаарда 160ТАН АШУУН имарат мыйзамсыз түрдө курулган.
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 8 айында 20 БАЛАНЫ эне-атасы таштап кетишкен.
2014-жылдын күзүндө аскер кызматына 4 МИҢДЕЙ, альтернативдик кызмат өтөө үчүн 7 миңдей жигиттер чакырылуусу күтүлүүдө.
«Укук коргоо кызматкерлеринин 70 ПАЙЫЗЫНЫН өзүнүн турак жайы жок, батирлерде жашап жатышат»,- дейт ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев.
Европалык союздун өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысынын айтымында, 2013-жылы Кыргызстанда жаш балдарды зордуктоо боюнча 338 ФАКТ катталган.
ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫ үчүн жаңы баанын тарифи келерки аптада бекитилет.
Бишкек 2014-жылы орусиялыктардын келип-кетүүсү үчүн КМШнын эң арзан шаары деп табылды. Мындай жыйынтык мейманканаларды интернет аркылуу брондоо тейлөөсүндө түзүлгөн рейтингде белгилүү болду.
«ТАЗАЛЫК» ишканасынын башчысынын орун басары Павел Клименконун айтымында, таштанды чогулткан кызматкерлер бөтөлкөлөрдү иргеп чыгып, тапшырат жана мунун эсебинен айлыгына кошумча каражат каралат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.