30-сентябрда Ош облусунун Мады айылында аталган айылдын милиция бөлүмүнүн өздүк курамынын 9 айлык отчёту угулду. Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевдин билдиришинче, жыйынга Мады айылынын тургундары, айылдык кеңештин депутаттары, аксакалдар кеңеши, жаштар комитеттери, дин өкүлдөрү катышты. Мады айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Курсанбек Мырзаматов 9 айда катталган кылмыштар, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Андан кийин суроо-жооптор болуп, ага Кара-Суу РИИБинин башчысы Марат Орозбаев жооп берди.
Мады айылынын тургундары саат 20:00дөн баштап спирт ичимдиктерин сатууга чек коюуну, саат 23:00дөн баштап кафе, ресторандарды жабууну талап кылышкан. Бирок айрым жерлерде дале спирт ичимдиктери сатылып жаткандыгын айтышып, элдик кошуун менен биргеликте атайын рейддерди уюштурууну сунушташты тургундар.
Ош – Эркеч-Там унаа жолунда жайгашкан Мады айылындагы базарчанын жанына такай жол-кайгуул кызматкерлеринин турушун суранышты.