МҮРЗӨДӨГҮ ЖАЙ 100 МИҢ СОМ

Бишкекте каза болгон адамдардын сөөгүн көмүү үчүн жер тилкесинин баасы 20-50 миң, айрым жерлерде 100 миң сомго чейин чыгууда. Бул тууралуу депутаттар парламенттин 1-октябрдагы жыйынында айтышты. Жогорку Кеңеште «Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды.
Бишкек шаарынын вице-мэри Марс Саккараев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып: «Бишкекте сөөк коюу кызматынын баасы 3400 сомдон 4400 сомго чейин турат. Ал эми көмүүдө бул иш менен алектенип жүргөндөр өздөрү каалагандай бааны коюшат»,- деп билдирди. Айрым депутаттар вице-мэрдин жообу ынандырбай турганын айтышты.
Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири Татьяна Левинанын айтымында, мыйзам долбоору сөөктү көмүү жана сөөк коюу иши боюнча коомдук мамилелерди тартипке келтирүүгө жана сөөктү көмүүнү ишке ашырууга, анын ичинде сөөктү көмүү үчүн жер тилкесин акысыз берүүгө багытталат. Мыйзам долбоорун колдоого алган депутаттар шаарда да, айыл жеринде да жер бекер берилиши керектигин, каза болгондорго жер сатуу бизнесин токтотуу керектигин айтышты.

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
suyom_seni
2014-10-06 09:15:57
Азыркы заманда олгон адамга тойдонда коп чыгым кетет. Анысы аз келгенсин жерин да сатып алсан ............
+2
ekaterina
2014-10-06 10:16:27
олгондода.тынч олуп кеталбай калдык окшойт
+2
Azura
2014-10-06 12:52:24
Анекдот в тему:
Зашла за лекарствами,глянула цены,решила,что дешевле сдохнуть! По пути заглянула в Ритуальные услуги,глянула цены….. Поперлась обратно в аптеку.
+3
rus.sayk
2014-10-07 19:00:10
Бул глобалдуу маселе. баштан аяк коомчулук менен талкуулап туура чечим кабыл алуу керек. экинчиден килейтип кумбоз салууга да тыйуу салуу керек. анпесек 100 жылдын ичинде олконун 30%ы кумбоздорго айланат.
0
kama_future_millioner
2014-10-08 01:20:59
Ушул жерди Бекер эле кылып койсо болоткоо ар ким оз чонтогун ойлой бербей
0
Gul.08
2014-10-12 03:16:20
Орустарга окшоп азыртан чон ата чон энелерибиздин жанынан места сатып алып кое берет окшойбуз....э кудай тооба Эмне деген заман башталды?
0
№ 622, 3-октябрь-9-октябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан