Кыргызстанда 1-октябрга карата 12 773 абоненттин электр энергиясын колдонуудагы 3 фазасы өчүрүлдү. Муну Энергетика жана өнөр жай министрлиги кабарлады. Маалыматка таянсак, учурда өлкөдө электр кубатын 3 фаза менен колдонгон 125 285 абонент бар. Булардын 77 799у электр жылыткычтарын колдонору айтылды. Жылуулук үчүн 3 фазасы өчүрүлгөндөрдүн 11 654ү үйлөр. Электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар канча абоненттин 3 фазасын өчүргөнү төмөндөгүчө: «Түндүк электр» – 5308 абонент,»Чыгыш электр» – 3418 абонент, «Ош электр» – 2400 абонент, «Жалал-Абад электр» – 528 абонент.
Айта кетсек, үйлөрдү же мекемелерди жылытуу үчүн 3 фазаны колдонууну токтотуу тууралуу өкмөттүн токтому 2014-жылдын 4-сентябрында чыккан.