Каныбек Осмоналиев, Жогорку Кеңештин депутаты:
«Алыскы аймактарды кой, Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо айылында мектеп жок».
Бусурманкул Табалдиев, УКМКнын төрагасы:
«Сириядагы согушка катышып жаткан кыргыз жарандары күнүнө миң доллар алышат».
Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаты:
«Медициналык академиянын студенти окуусун аяктаган соң 3 миң сом маяна алчу жумушка 3-5 миң доллар пара бермейинче ишке орношо албайт».
Асылбек Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы:
«Нарында болгону үч чоң жол бар, анан аларга асфальт төшөй албай жатканыбыз уят!»