Атактуунун баласы болуш сыймык, милдет. Бул жоопкерчиликти сезип атанын атына кара так, жаман сөз тийгизбейм деген куудул Борончу Кудайбергеновдун уулу атасы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.
Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 6-сентябрь
Хоббиси – футбол ойногонду жактырат
Учурда – Юридикалык колледждин 3-курсунун студенти
Эки бир туугандын улуусу
– Улан, кайсы кесиптин ээси болууну ойлоп жатасың?
– Учурда Юридикалык колледждин 3-курсунун студентимин. Бул кесипти өзүм тандап алдым. Кичине кезимде ырчы болууну кыялданчумун. Ал кыялым азыр деле бар. Ал тууралуу атам экөөбүз сүйлөшүп жатабыз. Учуру келсе жакшы ырларды жаздырып ырдап чыксам деген оюм бар.
– Атаңдын атын пайдаланып кеткен учурларың болсо керек?
– Атамдын атын пайдалана элекмин. Колдонгонду жаман көрөм. Борончунун уулу дегизип жакшы жагымды көргөзгүм келет. 1-класска №5-гимназияга атам алып барган. Мугалимдер “куудулдун баласы келиптир” деп айтканы эсимде. Кээ бир мугалимдер көтөрмөлөп калышчу, бирок өз күчүм менен окуганга аракет кылдым.
– Эл Борончу Кудайбергеновду куудул катары билет. Үйдө кандай ата?
– Атам сахнада кандай болсо, үйдө дагы ошондой. Тамашакөй, ак көңүл, камкор, мээримдүү, түшүнүктүү, үй-бүлөнү сыйлай билген кожоюн десем болот. Ошондуктан баарыбыз атамды жакшы көрөбүз. Бизге да, чыгармачылыгына да көңүл бурганга жетишет. Биз эмнени кааласак, ошол нерсени алып берет. Жашым 18ге жеткенде машина алып берем деген болчу, күтүп жатам (күлүп). Кичине кезибизде иним экөөбүз атамдын тойдон келишин күтчүбүз. Инимдин уйкусу келчү болсо “байке, атам алып келген нерселерден мага дагы алып коюңуз” деп калчу.
Атамдын ар бир концертин калтырбай көрөм. Атам сахнага чыкканда толкунданып тура калып кол чапкан учурларым болот.
– Атаңды уятка калтырган учуруң болду беле?
– 6-класста окуп жатканда классташтар болуп классты жылыткан батареяны сындырып алганбыз. Бул окуя мектеп директоруна жетип, атамды чакырткан. Ошондо атамды уят кылып алгам. Бизге биринчи жакшы сөз менен айтып түшүндүрөт. Чегибизден ашып кеткенде ата катары токмоктоп да коёт.
– Атаң менен сырдашасыңбы?
– Ата-бала катары сүйлөшөбүз, кеңешебиз.
Султан Төрөбеков
star@super.kg