– 2015-жылы өтүүчү парламенттик шайлоодо кайсы партиялар жеңишке жетишери жөнүндө өз болжолуңузду айтып жатасыз. Алдын ала жыйынтыктарыңызга аймактарда жүргүзүлгөн мониторинг негиз болгон турбайбы. Айтсаңыз, ал сурамжылоо иретинде жүргүзүлдүбү, канча адам катышты, кайсы убакыт ичинде болуп өттү?
– Мен мүчө болгон Кыргызстандын регионалдык эксперттер клубу ушул жылдын май айынан баштап өлкөбүздү кыдырып, айыл жергесинде көп жылдардан бери шайлоого катышып келген аксакалдар жана интеллигенциянын өкүлдөрү менен сүйлөшүп келдик. Батыштын ыкмасы менен көчө кыдырып, көрүнгөндү токтотуп алып суроо башка, үймө-үй кыдырып, нан ооз тийип, жайбаракат сүйлөшүүдө маалымат алмашуу таптакыр башка, реалдуулукка жакын болот экен. Ушул ыкмага таяндык. Акыркы 10 жылдан бери менин айтып келген божомолдорум дал келип жатпайбы, өзүм колдонуп жүргөн тажрыйбага да салып, ушундай бир чечимге келдик. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон бери төрт жыл өттү. Бул убакыт аралыгында эл кийинки шайлоодо колдой турган партиялар боюнча өз тандоосун эбак эле жасап коюптур. Алар КСДП менен «Ата Мекен» жана жаңылардан «Эмгек» партиясы.
Жогорку Кеңештеги башка партияларга токтолсом, «Ар-намыс» фракциясы жакшы иштеди. Бирок ал фракция өзүн парламенттин ичинде гана көрсөтө алды. «Ар-намысчы» депутаттардын көбү партияга эмес, өздөрү үчүн гана иштеп жатышты. Ошол эле «Ата Журт» менен «Республика» да партиянын структурасы боюнча жумуштарды жасабай таштап коюшту. «Республиканын» депутаттары ар түрдүү топторго тарап кетишти. Лидери Өмүрбек Бабанов саясий майданда Өмүрбек Текебаевге утулуп калды. Эл дайыма күчтүү партияга, лидерге жана стабилдүүлүккө умтулат. Партиянын пайдубалын бир жылдын ичинде түптөй коюу өтө кыйын. Ага абдан көп каражат керектелет. Азыркы инфляцияны эске алуу менен эсептеп чыксак, шайлоодо 200 000 добуш алыш үчүн бир эле партиянын уюштуруу иштерине 20 миллион доллардын тегерегинде акча сарпталат, баса белгилеп өтөйүн, добуштарды сатып алыш үчүн таратууга эмес, бир гана уюштуруу иштерине.
Ал эми КСДП менен «Ата Мекен» эски партиялар, аймактарда аталган партиялардын идеологиясын жайылтып келе жаткан абройлуу, сөзү өтүмдүү адамдары бар. Алар партиялык курулуш дегенди унутушкан жок, 4 жыл бою парламентте да чырылдашып иштеп, жер-жерлерде да эл менен иш алып барып жатышты.
Анын үстүнө добуш берүүчүлөр өзөктүү, туруктуу, пайдубалы бекем партияларга ишеним артышат. Чатагы бүтпөгөн, ынтымагы жок, туруксуз партияларга элди үндөө кыйын.
Элдин азыркы эң негизги көксөгөнү – бул туруктуулук. Украинадагы окуяларды карагыла, кыргыз менен казактай эки бир тууган элди окопторго отургузуп коюшту, алар бири-бирин атып жатышат. Ушул сыяктуу жаман иштерди баштап койгон саясатчылардан абайлаш керек, баштаарын баштап коюп, кийин токтото албай калып жатышпайбы... Элди негизи толкутуп көтөрүлүшкө алып чыгуу кыйын деле эмес, аны токтотуу кыйын. Ошол үчүн шайлоочулар, башкача айтканда, эл өз добушун туруктуу партияларга бериши толук ыктымал.
– Жеңишке жетчү партиялардын арасында КСДП менен «Ата Мекенди» да айтып жатасыз. 2010-жылы жогорудагы экөөнүн рейтинги революциячыл партиялар катары жогору болуп, парламенттик шайлоодо эң көп орунду алат деп жатышкан. Бирок жыйынтык андай болгон жок. Төрт жыл ичинде бул эки партиянын ишмердүүлүгүндө эмне өзгөрдү?
– Коммунизмди эңсеген катмар, тагыраагы, орто муундагы жана андан улуу добуш берүүчүлөр «Ата Мекен» социалисттик партиясына жан тартат. КСДП президенттик партия, ал ичинен бөлүнүп-жарылып кеткен жок, туруктуу иштеп келе жатат. Элге бул эки партиянын ачык жана айкын иш алып баруусу жакты. «Ата Мекендин» ичинде да, КСДПда да күчтүү оппозициячыл маанайдагы депутаттар бар, керектүү маалда өздөрү алып келген өкмөттү сындап, чыйралтып турат. Булардын фонунда чыныгы оппозиция майдачыл, чабалыраак көрүнүп жатат. Жогорудагы эки партия ошол эле тапта туруктуулукту сактап, коррупцияга каршы күрөшүүдө. Өздөрүнүн арасындагы адамдарын да текшерүүгө алып, иши кылып, кайда караба, кайда барба бул эки партия эл оозунда. Коомдун аң-сезимине сиңүү деген мыйзам ченемдүүлүк бар. Ошол көз караштан алып караганда, КСДП менен «Ата Мекенге» шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүү бир топ жеңил жана арзан түшөт.
– Өмүрбек Чиркешовичке келсек, аны феномен атап «бир адамда Троцкий, Ленин жана Сталиндин сапаттары чогулган» деп түшүндүрмө бердиңиз?..
– 2010-жылы Өмүрбек Текебаев конституцияны иштеп чыгуу менен алектенип, убактылуу өкмөттүн жыйындарына катышып жүрүп, партиялык курулушка өзү жетиштүү убакыт, көңүл бура албай калган. Азыр абал башкача, өзү партиялык башкарууну колго алып, эл-жерди кыдырып, тизмени түзүүдө да ар бирин ата-жотосуна чейин карап жатат. Убагында «Ата Мекенге» кокустан кирип калгандар болгон да.
Сталиндик жагы деп эмнени айттым, Ө.Текебаев бир чечимди кабыл алса, ал аткарылмайынча өз чечимине бекем турат. Иштен түшүрүү керекпи, кылмыш иши козголобу, айтор, кабыл алган чечиминин жүзөгө ашуусу үчүн эч нерседен кайра тартпайт, сөзүнөн да кайтпайт. Лениндей сапаты болсо, бул мамлекет жана укуктун теориясын жакшы билет. Ө.Текебаев аны бир жумада окуп жаттап алган жок, ал канча жылдан бери бул тармакта иштеп келе жатат. Эки революцияга тең катышты. 2010-жылкы революцияда өлкөнү кайра укуктук талаага алып келүүдө көп аракеттерди жумшады. Дагы бир сапаты, Ө.Текебаевге окшоп кыйын сүйлөгөндөр аз, ал Троцкийдей чечен, элге татаал иштерди орусча да, кыргызча да жөнөкөй жана жалпак тил менен түшүндүрүп бере алат. Ток этерин айтат. Бир адамда Троцкий, Ленин, Сталин камтылган дегеним ушундан улам.
Наргиза Бекжанова
politika@super.kg