Актриса жана ырчы Гүлнур Асанова үчүн бул күз чет өлкөлөргө саякаттоонун сезону болгондой. Жакында ал Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында өткөн Азия өлкөлөрүнүн эл аралык “EXPO” көргөзмөсүнө катышып, кыргыздын улуттук музыкасын, кийимдерин даңазалап кайтты. Ал жактан келери менен Москва шаарында КМШ өлкөлөрүнүн элчиликтери арасында уюштурулган Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган фестивалга катышып келгенин айтат. Гүлнур муну менен гана токтолбостон, жакында Казакстандын Астана шаарына аттанганы турат.
“Мага кыргыз-казак элинин биримдигин чыңдоо жана эки элдин каада-салтын, улуттук музыкасын элге жайылтуу максатында 1 жылдык концерттик турга катышуу үчүн Казакстандын өкмөтү тарабынан сунуш түшкөн. Биз бул аралыкта Казакстанды түрө кыдырып концерт коёт экенбиз. Мен макулдугумду бердим, буюрса, жакында ал жакка сапар тартам”,- деп билдирди ырчы.