«Көк салкын» тасмасынан соң «Бакуля» деген атка конгон "тамашоучу", актёр Бакыт Тынайбеков үйлөндү. «Келинчегимдин аты Эсена, жерлиги Таластан. Экөөбүз 2 жарым жылдан бери сүйлөшүп жүрчүбүз. Жубайыма 27-сентябрь күнү кыргыздын салты менен сөйкө салып, үйүнөн алып кеттим. Эртеси кичи мекеним Нарында тоюбузду өткөрүп, туугандардын батасын алдык. Ал эми заманбап тойду кийинки жылы өткөрүүнү чечтик»,- дейт актёр кубанычтуу кабарын бөлүшүп.