(Башталышы өткөн сандарда)
Жаш Кудаяр хан кыпкызыл болуп кетти. Карап тургандар бири кыйды күлүмсүрөп, бири өзү жаакка жегендей нес болуп, баары турган ордунда селейди. Ыза боло түшкөн хан томпойду силке таштап басып кетти. Мусулманкул алдынан чыгып:
– Тагаңыз да...- деп жубатты. – Булардын көңүлүндө асти кара зил болбойт, туура кебин аар-жүзгө карабай бетке айтып коё беришет. Кечиримдүү, кечиримдүү... Улана берсин оюн.
Жаш хан мөлтүрөгөн кирпигин араң ирмеп гана тим болду. «Ыя?! Сен чоңсуңбу?! Хан деген башкага да, өзүнө да калыс болушу ылаазым! Сен эмне, кайдагы бир сасык байдын таркылдаган осурак баласысыңбы?! Ыя, деги айтканды кулагыңа илесиңби, же...» деп кечинде аталыктын кейий турганын, акыр аягында «...же...» деп коркутарын көз алдына келтирип, аны ой басып калды.
Миңбашы мулуңдап, тууганын калдайтып жанына жанаша бастырып тээ гүлбакка карай ыктады. Бир аз ээндей түшкөндө башын чайкап:
– Ой, акем, ай...- деп күлдү. – Барып эле шыйрактан алып... Ыя, «хан эле» деп ойлобойсуз а?!
Алмамбет:
– И?!.. Чекиби?!
Мусулманкул:
– Башка бирөө болгондо «чеки» дешип отурмак бекенбиз?! «Ханга колу тийген» турган жеринде мууздалат болчу, о кокуй!
– Жоо,- деди Алмамбет. – Оюн деген баарыга тең!
Мусулманкул:
– Эмне болсо да, аке, менин аброюмду асманга көтөрүп эле салдыңыз.
Алмамбет ормойду:
– Качан?
– А жанагы «хан баланы» мына минтип шыйрактап!- деп колун кудум Алмамбеттин өзүндөй кыла ызырына сермей көрсөттү Мусулманкул. – Кеп балада эмес эле, кеп баланын
артына далдаланып, мени менен эрез талашкысы келе баштаган кишилер бар эле, ошерде. Куп жакшы болду да ошолордун көзүнчө! Мына ошолорду шыйрактагандай эле болду, селейип, сел-лейип калышпадыбы?!
– Мен анысын кайдан билдим?! Бала кырам тооруп жатпайбы, оюн жыдыйт да ошон үчүн...
«А кокуй, ай,- деди Мусулманкул өзүнчө, көңүлүндөгүгө акеси анча маани койбогонуна ыраазы болбой, – Чайнап берсең аш кылбайт...» Кабагы үйрүлүп, дагы ой басты аны:
– Бала чүкө ордону жыды кылса кылар, а хан ордону жыды кыла койбоспуз! Эси анча эмес, ээрчиме, кошоматка бат жыгылат. Ушу жакындан бери кыял-жоругунан башка бирөөлөр байкалып калды. «Өзү бу болсо, тоодогу акеси ушу болсо, ханды көз көрүнөө шыйрактап отурса, бизди оңдурабы бу?!» деп калышты.
Сөз төркүнүнө баамы жетпей, үкесинин ниетинде турган «а-а, көрсөтөбүз дагы шыйрактаганды» деген оюна эч баамы жетпей, көзүн ымдагылап маңыроо, чын эле «чайнап берсе аш кыла албай» турду.
Илгертен жалпы кыргыз-кыпчак элинде миң тукуму, Алтын бешиктин балдары менен кыз алышып, тамыр-сөөк болуп келишсе, теги бир ичкилик кыпчак бектери кыз алышуудан башка да же сүт эмип, же сүт берип туугандашкан. Мунун баары замандын талабы, кандайдыр биримдик түзүш үчүн, тирек табуу үчүн арга болгон. Күндөрдүн биринде ичкилик бектери ушул Мусулманкулду бешиги менен атка өңөрүп келип, Алмамбетке эмчектеш кылышат. Ошол бойдон Мусулманкул элетте чоңоюп, туугандарына эрезеге жеткенден кийин кетиптир. Баягы сүт кадырын сыйлап, тууган деген сөз тартып, булардын алакасы али үзүлө элек. Бу сапар да кадимкисиндей кучак жайып тосуп, чоңмун деп боюн көтөрбөй, элдин көзүнчө акебиз деп ийилип, ордо кадырмандарынын башына отургузду.
Кан казына.
Жаш хан Кудаяр, бир жагында «кан атасы» Мусулманкул, бир жагында тагасы Алмамбет.
Аккүп жөжөдөй бүжүрөп карыган казынабашы майда-майда кадам менен бөжөңдөп тез-тез басып, түркүн дүнүйөнү көрсөтүп, кээде гана кыска-кыска түшүнүк кылып, кыдыртып жүрөт.
Жаш хан бая күнү шыйрактан алган «тагасын» эч тиктебейт, сырт салып, жүз үйрүп терс айланып басып жүрөт. А алп сөөлөт чал аны боло берчү майда бирдеме сыяктуу эсинен чыгарып койгондой көңүлү жай.
(Уландысы кийинки сандарда)