Кыргызстанда уюлдук байланыш кызматы менен пайдалангандардын саны көбөйгөн сайын, уюлдук операторлордун байланыш сигналдарын тартуучу жаңы базалык станцияларды орнотуусуна туура келет. Байланыш жетпеген айрым айылдардын тургундары базалык станцияларга муктаж болуп, аларды орнотуп берүүнү уюлдук операторлордон суранышууда. Ошол эле учурда базалык станция адамдарга зыян экендигин далили жок айтып, сигнал таратуучу ошол антенналар айрым жарандар үчүн акча өндүрүүнүн жолуна айланып калгандай. Ошондуктан «базалык станциялардан чыккан радиотолкун нурлануусу зыяндуу эмеспи?» деген суроо эл арасында жаралып жатканы ырас.
«ОКУМУШТУУЛАР ЗЫЯНЫ ЖОК ДЕГЕН ЧЕЧИМГЕ КЕЛИШКЕН»
Жогорудагы суроого жооп берүү үчүн Мегаком уюлдук компаниясы журналисттер үчүн Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы базалык станцияларга пресс-саякат уюштуруп, базалык станциянын кантип иштөөсү туурасында компаниянын адистери жана Саламаттыкты сактоо тармагынын дарыгери жооп беришти.
ЖУМГАЛБЕК ӨМҮРКАНОВ, Мегаком компаниясынын жарнама жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси:
– Европанын эли да көп жылдардан бери базалык станциялардын кучагында жашап келет. Эгер зыяндуу жактары болсо, Евробиримдик мындай станцияларды жок кылып, эчак эле башка жолун тапмак. Калкынын саламаттыгын жогору койгон япониялыктар да базалык станциялардан чыккан нурлануу, адам ден соолугуна зыяндуу же зыянсыз экенин иликтөөгө алып, адамдарга эч кандай терс таасирин тийгизбейт деген бүтүмгө келишкен.
Норвегиялык эксперттик комитеттин окумуштуулар тобу да уюлдук операторлордун базалык станцияларын, уюлдук телефон жана wi-fi технологиясынын иштөөсүн иликтөөгө алып, алар адамдын ден соолугуна кандай таасирин тийгизиши мүмкүн деген суроого жооп издешкен. Окумуштуулар иликтөөнүн жүрүшүндө акыркы 20 жылда уюлдук телефонду үзгүлтүксүз колдонуудан тышкары базалык станциялардан алыс эмес жашаган адамдардын ден соолугун бир нече жолу изилдеп, жалпы анализ алып, алардын саламаттыгында эч кандай шектенүү болбогондугун далилдешкен.
Нурлануу нормадан алда канча төмөн
Пресс-турдун программасына ылайык, маалыматтык топ электромагниттик толкундардын нурлануусун текшерүү максатында компаниянын базалык станцияларында болуп жана алардын зыяндуу эместиги тууралуу жергиликтүү тургундарга маалымат берип жатышты.
Жер-жерлерде өткөрүлүп жаткан жолугушууларда журналисттер менен биргеликте нурлануу маселесине кайдигер карабаган жергиликтүү жашоочулар да келип жатышты. Бул маселе боюнча атайын эксперт катары чакырылган КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык дарыгери Жаныбек Арзыкулов уюлдук оператор тарабынан орнотулган базалык станциялардын айланасында отурукташкан калк үчүн жабдуулардын зыян келтирбей тургандыгын баяндап, тестирлөөнүн жыйынтыктарын көрсөтүп жатты. Улуттук уюлдук оператордун базалык станцияларынын электромагниттик нурлануусунун кубаттуулугу чарчы сантиметр үчүн 10 микроваттан ашпагандыгын белгиледи.
Жаныбек Арзыкулов:
– Биз бардык стандарт талаптарга жооп берген аспаптын жардамы менен электромагниттик нурлануу көлөмүн текшерип турабыз. Сиздерге түшүнүктүү болсун үчүн жалпылап айтып, ченөө жыйынтыгына гана токтолуп кетейин. Норма боюнча нурлануунун көлөмү 10 микроваттан ашпашы керек.
Биз азыр үч диапазон боюнча ченеп көрөлү. Азыр ченеген бир диапазондо нурлануу өлчөмү 2 микроватт экенин көрсөттү. Экинчи диапазондо 3 микроватты көрсөттү. Ал эми жалпы үч диапазондогу радиотолкун нурлануусун кошуп, жалпылаштырсак, орто эсеп менен үчөөндө 4,5 микроватт болуп чыкты. Бул нормадагы 10 микроваттан алда канча төмөн экенин билдирет. Демек, бул 3 толкун таратуучу прибордогу нурлануу адамдардын ден соолугуна эч кандай зыян келтирбейт, ошондуктан кооптонууга негиз жок.
ЖЕТИ ӨЛЧӨНҮП, БИР КЕСИЛЕТ
Мегаком компаниясынын жарнама жана PR департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытованын айтымында, каптоо аймагын үзгүлтүксүз кеңейтүүгө жана жогорку сапаттагы байланыш кызматтарын тартуулоого шарт түзүүчү ири тармакты куруу иштери уюлдук оператордун техникалык адистеринин талыкпас эмгегинин жемиши.
Жылдыз Мамытова:
– Базалык станцияларды орнотуу бир нече жолу өлчөө жана эсептөө иштерин жүргүзгөндөн кийин ишке ашырылат: жергиликтүү ландшафттын түзүлүшү, потенциалдуу абоненттердин саны, башка базалык станциялардын жана радио байланыш объектилеринин болгондугу эске алынат. Базалык станцияларды жайгаштыруу жана алардын конфигурациясы байланыш сапатынын негизги көрсөткүч фактору. Бүгүнкү күндө тоолуу республикабыздын калк отурукташкан аймагынын 96 пайызы компаниянын байланыш тармагы менен капталган.
ӨЗҮН АКТАБАСА ДА КУРУУДА
Адистердин билдирүүсүндө, базалык станциялар элдин ден соолугуна зыяндуу эмес. Бирок ар кандай нааразычылык акцияларын уюштуруу менен айрым жарандар уюлдук операторлордон акча өндүрүүнү адатка айлантышып, ачык эле соодалашууга чакырып жаткандыгы өкүнүчтүү көрүнүш. Ошол эле учурда Кыргызстанда уюлдук байланыш жете элек аймактар бар. Уюлдук операторлорго эле эмес, бийлик башындагыларга базалык станция орнотуп, байланыш менен камсыздоо өтүнүчтөрү менен кайрылган элет тургундары арбын. Мегаком компаниясы уюлдук байланыш менен Кыргызстандагы уюлдук байланыш сигналы жете элек айыл-кыштактарды телефондоштуруу ишин жигердүү улантып келет.
Баткен облусун ала турган болсок, Сох анклавынын айланасындагы айылдарга Мегакомдун базалык станциялары орнотулуп, элет эли байланыш менен камсыз болду. Калкынын саны аз, базалык станцияларды орнотууга жеринин шарты ыңгайсыз болгон аймактарда базалык станциялар өзүн-өзү актабаса деле Мегаком компаниясы андай жерлерге базалык станцияларды орнотуп жатат. Себеби улуттук компаниянын максаты – кыргызстандыктарды байланыш менен камсыз кылуу.
Мегаком – бул ар бир кыргызстандык үчүн сапаттуу, туруктуу жана коопсуз байланыш.
Ибрагим Жусуев